Швециянын Мальмё шаарында «Махмуд» мечитинин ачылуусун белгилөө үчүн өткөрүлгөн кече
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Швециянын Мальмё шаарында «Махмуд» мечитинин ачылуусун белгилөө үчүн өткөрүлгөн кече

Азирети Мырза Масрур Ахмад тарыхый кайрылуусун жасады

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнөлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын 5-Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) 2016-жылдын 14-майында Швециянын Мальмё деген шаарындагы «Махмуд» (Макталгандын мечити) мечитинин ачылуусун белгилөө үчүн өткөрүлгөн кечеге тарыхый кайрылуусун жасады.

Аталган мечит Швециядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын экинчи мечити болуп, расмий түрдө бир күн мурда Улуу Урматтуу Халифа окуган жумалык жума кутбасы менен ачылган эле.

2016-05-14-SE-Malmo-Mosque-Inauguration-002

80ден ашуун сыйлуу коноктор жана меймандар, алардын катарында Мальмё шаарынын кеңешинин төрагасы дагы, аталган кечеге катышышты.

2016-05-14-SE-Malmo-Mosque-Inauguration-003

Өзүнүн кайрылуусунда Азирети Мырза Масрур Ахмад мечиттердин чыныгы максат-мүдөөлөрү жөнүндө кеңири сөз кылды; ал киши терроризм жана экстремиздин бардык көрүнүштөрүн сынга алды жана жер жүзүнүн ар кайсы бөлүктөрүндө Ахмадия Мусулман Жамааты тарабынан жасалып жаткан гуманитардык иштер жөнүндө токтолду.

2016-05-14-SE-Malmo-Mosque-Inauguration-004

Мечиттер экстремизм же радикализмди жайылтуу үчүн туура эмес колдоноору жөнүндө сүйлөп, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Жаманчылыкты жайылта турган эч бир мечиттин Ислам дининде эч бир орду жок. Курани Карим ачык-айкын мечиттер жаман ой-ниетти кетирүү үчүн курулат дейт».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Азыркы күндө кээ бир мусулман экстремисттик топтор Европага да кирип кетишти, алардын мүчөлөрү мына ушул өлкөлөрдө жашап, бул континенттин тынчтыгына жана кайрымдуулугуна өтө чоң коркунучту туудурушууда. Алар жасап жаткан амалдарынын Ислам дининин чыныгы таалимдери менен эч кандай алакасы жок. Ошондуктан, тынчтыкты каалаган бардыгыбыз адамзатты бөлө турган мына ошол кара күчтөргө каршы туруп алып, биригүүбүз керек».

Буга байланыштуу Улуу Урматтуу Халифа мындай деди: Ахмадия Мусулман Жамааты тарабынан салынган бардык мечиттер чыныгы «Тынчтык Үйлөр» болуп, анда адамдар Алла Таалага сыйынуу үчүн чогулушат.

2016-05-14-SE-Malmo-Mosque-Inauguration-005

Мальмё шаарындагы «Махмуд» мечтине ишаарат кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Кайсы бир чоочундан коркуу – бул табигый көрүнүш. Ошондуктан, ушул мечиттин ачылуусу менен биздин шаарыбыздын коопсуздугу коркунуч астында калуу мүмкүн деп кошуна-коңшулар кабатыр болуулары мүмкүн. Ошентсе да, Ислам дининин негизинде мен билем жана силерди төмөнкүдөй ишендирем: ушул мечит өзүнүн тынчтыктын булагы экенин далилдеп көрсөтөт жана ушул жерден ар дайым сүйүү-махабат жана мээримдүүлүк булактары гана атылып чыгат».

2016-05-14-SE-Malmo-Mosque-Inauguration-006

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Мечиттин түпкү максат-мүдөөсү – бул мусулмандарга өз намазын аткаруу үчүн кандайдыр бир сыйынуучу жайы катары кызмат кылуу. Намаз үчүн араб тилинде «ас-салаат» сөзү колдонулуп, «мээримдүүлүк», «сүйүү» жана «ырайымдуулук» деген маанин билдирет. Демек, чын жүрөктөн өз намазын аткара турган мусулман – бул мээримдүү, башкаларга жардамчы жана ырайымдуу адам, ошондой эле ал эркек же аял экенине карабай, адеп-ахлаксыздыктан, мыйзамсыз иштерден жана жаманчылыктын бардык көрүнүштөрүнөн оолак жүрүүгө аракет кылат».

Улуу Урматтуу Халифа мындай деди: Ахмадий мусулмандар жер жүзүндө мечиттерди куруп келе жатышат жана алар кайда гана мечит салбасын, тез арада коомчулук тарабынан кеңири кабыл алынды.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Биз жер жүзүндө миңдеген мечиттерди салганбыз жана ар дайым муну байкап турабыз: жергиликтүү адамдар биз жөнүндө билип алышкан соң алардын коркунучтары дароо тарап кетет жана алар өздөрүнүн коомчулугуна аралашкан бөлүк катары бизди сыйлап, баа берип жана кабыл кылышат. Бардык башталгыч коркунучтар дароо тарап, анын ордуна кошуналарыбыз биздин бардыгыбызды сыйлай башташат жана биздин мечиттерибизден тынчтык кабар туш тарапка жаңырат».

2016-05-14-SE-Malmo-Mosque-Inauguration-007

Улуу Урматтуу Халифа Ахмадия Мусулман Жамааты дүйнөдөгү артта калган аймактарда жашаган адамдарга аткарган бир топ кайрымдуу кызматтар, анын ичинде саламаттыкты сактоо жана билим берүү жөнүндө да айтып берди.

Улуу Урматтуу Халифа мындай деди: ушул кызматтардын баары адамдын ишенимине жана ата тегине карабай аткарылат. Ахмадия Мусулман Жамааты жакырчылык жана кедейчилик менен жашаган адамдарды таза суу менен камсыздоо проектилери менен алектенгендиги жөнүндө да маалымат берди.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Мына ушул жерде, Батышта жашап, суу түтүктөрүбүз жана душтарыбыз тынбай агып турат, ошон үчүн суунун чыныгы кадырына жетишүү өтө эле кыйын. Силер Африканын жабыркаган аймактарына барып, өз бассейндерин суу менен толтуруу үчүн күндө бир канча чакырымдарды басып, анан баштарына коюп, үйлөрүнө алып келгенин өз көзүңөр менен көргөнүңөрдө гана чынында суу канчалык баалуу товар экенин сезесиңер».

2016-05-14-SE-Malmo-Mosque-Inauguration-008

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсүнүн таалимдери жөнүндө Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Биз – Ахмадий мусулмандар Негиздөөчүбүздүн Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий экенине ишенебиз. Руханий чыракты колуна алып, ал Ислам дининин ички салтанатына жана түбөлүктүү таалимдерине нур чачкан».

Аягында Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Биз тынчтыкты орнотуу үчүн ара бир чараны көрүүбүз керек, натыйжада биз кандайдыр бир талкаланган жана азап-тозоктуу дүйнөнү балдарыбызга белек катары мурас калтырбашыбыз керек. Анын ордуна биз өз артыбызда келечек муундарыбыздын жашоосу үчүн кандайдыр бир тынчтык жана ийгиликтүү дүйнөнү мурас катары калтырышбыз керек».

Буга чейин аталган кечеде бир топ сыйлуу коноктор да катышкандарга кайрылууларын жасашты, алардын катарында Швециядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Улуттук президенти – Мамунур-Рашийд мырза да бар болчу.

2016-05-14-SE-Malmo-Mosque-Inauguration-009

Швециянын Мальмё шаарынын шаардык кеңешинин төрагасы – Кент Андерссон мындай деди:

«Бүгүнкү күнү ушул жерде, Мальмё шаарында «Махмуд» мечитинин ачылуусу – бул кандайдыр бир тарыхый күн».

Лунд Университетинин прфоессору – Катарина Киннвалл мындай деди:

«Силердин «Сүйүү баарына, жек көрүү эч кимге эмес» деген урааныңар – бул Ахмадиянын кабары болуп ушундай кабар: силер билим берүү, теңдүүлүк, сабырдуулук, секульяр мыйзамдарын жана диний эркиндикти коргоо үчүн турган экенсиңер».

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via