Канаданын 40-Жалса Саланасы Миссиссогада аягына чыкты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Канаданын 40-Жалса Саланасы Миссиссогада аягына чыкты

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси ыймандарды күчтөндүрүүчү кайрылуусун жасап, бардык өлкөлөрдө тынчтык орнотууга чакырды

Канададагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын 40-Жалса Саланасы (Жылдык Жыйын) 2016-жылдын 9-октябрында базар күнү Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) жасаган ыймандарды күчтөндүрүүчү кайрылуусу менен аягына чыкты.

Миссиссогада жайгашкан Эл аралык Борбордо болуп өткөн Жалса Саланага 32 өлкөдөн келген 25000ден ашуун адамдар катышышты.

2016-10-09-ca-jalsa-002

Ага катышкан миңдеген Ахмадий мусулмандардан тышкары көптөгөн Ахмадий эмес мусулмандар жана мусулман эмес коноктор да катышышты. Аталган аземдин баары Эл аралык МТА жана интернеттен түз эфир аркылуу да көрсөтүлдү.

Өзүнүн соңку кайрылуусунда Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди: Ислам дини бардык адамдар жана улуттар ортосунда тең укуктуулукту өнүктүрүү жолу менен тынчтыкка негиз салат.

Ал киши мындай деди: Ислам дининин каршылаштары аны экстремист дини катары көрсөтүп келе жатышат, чындыгында Ислам дининин таалимдери эл аралык тынчтык жана сабырдуулуктун башаты болуп, бардык адамдар үчүн дин тутуу жана ой-пикир эркиндигине кепилдик берет.

Заманбап дүйнөдө дин кандай каралып жаткандыгы жөнүндө сүйлөп, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Бүгүнкү күндө көпчүлүк адамдар динди кандайдыр бир мааниси жок нерсе деп ойлошот жана өсүп-өнүгүү үчүн диний ишенимдер жана амалдардан алыс жүрүү керек деп ишенишет. Чындыгында, өнүккөн улуттардын арасында жашаган адамдар динди акырындык менен бүгүнкү күндө биз көрүп турган чыр-чатактар жана баш аламандыктын түпкү себеби катары карашат. Ошентсе да, алар адам баласы негизги адеп-ахлактар жана баалуулуктарды дин аркылуу гана үйрөнгөн деп моюнга алышат».

2016-10-09-ca-jalsa-003

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Дүйнөдө адеп-ахлактардын жоголушу жана динге болгон кызыгуунун төмөндөшү төмөнкүдөй чындыкты билдирет: өлкөлөрдүн жетекчилери жана алардын диний уламалары өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын диний таалимдерден жогору коюшат. Чыныгы диний таалимдер жана баалуулуктар бузулуп кетти жана бул нерсе адамдарды динден алыстатып жиберген». 

Ал киши мындай деди: Алла Тааланы таануу жана Анын пенделерине кызмат кылуу керектиги – бул Ислам дининин таалимдеринин пайдубалы.

2016-10-09-ca-jalsa-004

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) Ислам дининин таалимдерин төмөнкүдөй эки сап менен гана жыйынтыктаган: Ислам дини мусулмандардан Алла Тааланын акы-укуктарын аткарып, өздөрүн Ага тапшырууну жана Алла Тааланын пенделеринин акы-укуктарын аткарып, башкаларга сүйүү жана мээримдүүлүк менен мамиле кылууну талап кылат. Албетте, ар бир дин өзүнүн түпкү көрүнүшү боюнча ушуларды гана үйрөткөн. Демек, дин дүйнөдө баш аламандык жана чыр-чатактарды жайылтуунун себепчиси деп айтууга болобу».

2016-10-09-ca-jalsa-005

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«XX кылымда болгон эки Дүйнөлүк Согуштун себепчиси дин беле? Же ошол жапайычылык согуштар кудуреттүү болууга, жер тартып алууга, гео-саясий пайдаларга жетишүүгө жана ачкөздүккө негизделген беле?»

2016-10-09-ca-jalsa-006

Ал киши мындай деди: мусулман коомдор да, ири күчтөр да дүйнөнүн тынчтыгын талкалоого рол ойногон экен. Ал киши курал-жарактарды сатуу буга ачык-айкын мисал экенин айтты.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Бир дагы мусулман коом алар ээлеген көркөм куралдарды жаратуу жөндөмдүүлүгү бар мамлекет эмес. Тескерисинче, өнүккөн коомдор жана экономикалык күчтөр коркунучтуу куралдарды өндүрүп, мусулман коомдорго сатышууда. Кээ бир өлкөлөр бийликтерге сатышат жана кээ бир өлкөлөр ошол эле коомдордун ичинен чыккан элементтерге сатышат. Мисалы, Сауд Арабиясы Батыштан сатып алган курал-жарактарды Йемен деген кичине жана алсыз коомду талкалоо үчүн колдонуп жатат».

2016-10-09-ca-jalsa-007

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Кээ бир мусулман эмес күчтөр өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын ээрчип, максат-мүдөөсүн көздөп адилетсиздик менен да иш кылып жаткан болот жана бул нерсе ар кайсы өлкөлөрдө баш аламандык жана тынчсыздыкты пайда кылышы мүмкүн. Демек, бүгүнкү күндөгү чыр-чатактардын жана согуштардын түпкү жана чыныгы себеби – бул адилетсиздик».    

Жалса Салана Учурлук Халифа алып барган тынч дуба менен аяктады.

2016-10-09-ca-jalsa-008

Андан кийин Учурлук Халифа Канададагы Ахмадия Мусулман Жамааты тарабынан Жалса Саланага катышкан сыйлуулар жана меймандар үчүн уюштурулган тамакка келип кошулду.

Ал киши Жалса Саланага анын алгачкы эки күнүндө кайрылуусун да жасады.  Жума күнү ал киши Ливаа-э-Ахмадиятты (Ахмадиянын желеги) желбиретүү менен Жалса Салананы ачты, анан өзүнүн жумалык жума кутбасын окуду.

Ишенби күнү Учурлук Халифа Лажна Имааиллахтын (Аялдардын тармактуу уюму) мүчөлөрүнө Ислам дининде аялдардын ролу жөнүндө кайрылуу жасады. Ал киши мындай деди: эч бир Ахмадий мусулман аял хижаб кийгенде, басынбашы керек же тартынбаш зарыл. Ал киши хижаб мусулман аялдын абийир жана сый-урмат белгиси экенин айтты.

2016-10-09-ca-jalsa-009

Жалса Саланада Ахмадия Мусулман Жамаатынын ар кайсы мүчөлөрү тарабынан бир топ башка докладдар да жасалды.

Бир топ меймандар, алардын катарында Торонто шаарынын мэри Джон Торе да аталган аземге кайрылуу жасашты.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via