Мусулман жетекчи чыр-чатактарды кетирүү үчүн эң керектүү нерсе адилеттүүлүк экенин айтты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Мусулман жетекчи чыр-чатактарды кетирүү үчүн эң керектүү нерсе адилеттүүлүк экенин айтты

Азирети Мырза Масрур Ахмад Канаданын биринчи Улуттук Тынчтык Симпозиумуна кайрылуу жасады

2016-жылдын 22-октябрында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) Канададагы Ахмадия Мусулман Жамааты өткөргөн биринчи Улуттук Тынчтык Симпозиумга тарыхый кайрылуусун жасады.

Аталган кече Вон шаарына караштуу Тынчтык Айылда жайгашкан «Байтус-Салам» мечитинде болуп өттү, ага Вон шаарынын мэри Урматтуу Мауризио Бевилаккуа, Парламент депутаты Деб Шулте жана шаар кеңешинин мүчөсү Марилин Иафрете сыяктуу өкмөт өкүлдөрү менен кошо 600дөн ашуун коноктор катышышты.

2016-10-22-ca-peace-symposium-002

Өзүнүн кайрылуусунда Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди: Ахмадия Мусулман Жамааты Ислам дининин бүтүндөй тынчтык агымы, себеби ал Ислам дининин тынчтык таалимдерин ээрчийт. Ошондуктан аны «либералдык» же «reformist» тобу деп кароого болбойт.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Бул ажыратылгыс чындык, биз – Ахмадий мусулмандар тынчтыкты сүйөбүз жана ар кандай диндер менен жамааттардын ортосунда сүйүү жана үмүт көпүрөлөрүн курмакчыбыз. Ошентсе да, бул Ислам дининен чыккандыгыбыз же кандайдыр бир абалда же көрүнүштө «жаңылангандыгыбыз» үчүн эмес. Жок, биз Ислам дининин нукура таалимдерин ээрчигендигибизде».

2016-10-22-ca-peace-symposium-003

Ал Азирети Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллалааху алайхи ва саллам)дын момун-мусулмандар өздөрү үчүн эмнени жактырышса, башкалар үчүн да дал ошону жактырышы керек деген хадисин мисал кылды. Ал Азирети мындай деди: ушул усул (принцип) принцип тынчтыктын пайдубалын түптөйт жана бул тууралуу ой жүгүртүү мусулмандардын милдети болуп саналат.

2016-10-22-ca-peace-symposium-004

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Жакырчылыкка батып, ар бир түнү ачка уктоону максат-мүдөө кылганбызбы? Балдарыбыздын оорууларга чалдыгып, билимсиз жана коопсуздукта калышын каалайбызбы? Албетте, эч бир соо адам ошолордун бирөөсүн да эңсебейт. Ошондуктан, мусулман катары биз өзүбүз үчүн гана эмес, башкалар үчүн да ийгиликти каалашыбыз керек».

2016-10-22-ca-peace-symposium-005

Ал Азирети мындай деди: кез-кези менен адамдар жана улуттардын ортосунда чыр-чатактар көтөрүлүп турат, ошон үчүн өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын жогору коюунун ордуна алар (чыр-чатактар) адилеттүүлүк жана калыстык менен чечилиши керек.

Улуу Урматтуу Халифа мусулмандардан адилеттүүлүктү орнотуу үчүн өздөрүнө, ата-энесине жана сүйүктүү балдарына каршы күбөлүк берүүгө да даяр болуулары керектигин талап кыла турган Курани Каримдин 4-сүрөөсүнүн 136-аятын окуп берди.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ислам дининин таалимдери а дегенде мусулман адам ар дайым чындыкка чынчыл болушу керек, натыйжада ал акыйкатты эч качан жашырбашы керек же жалган күбөлүк бербеши керек деп үйрөтөт. Адамдын жеке каалоолору аны башкарбашы керек, бул тараптуулук жана кастыкка алып келет жана адамды туура жана акыйкаттан алыстатып жиберет.  

2016-10-22-ca-peace-symposium-006

Ал Азирети мындай деди: чындыгында, мусулмандарга адилеттүүлүк чегинен да жогору болууга буюрулган. Курани Карим адам

«туугандар сыяктуу бериши керек»

деп айтат.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Бул деген, адам баласы боорукерлигин жана мээримдүүлүгүн көрсөтүүсү керек жана кудум эле бир эне кандайдыр бир сыйлык же кунду күтпөй, чын жүрөктөн өз баласына кызмат кылгандай башкаларга кызмат кылуусу керек.    

Согуштагы туткундарга мамиле кылуу жөнүндө ал Азирети мындай деди: азыркы дүйнөдө көп учурда туткундар түрмөлөрдө адам чыдагыс шарттарда сакталышат же аларга эч кандай адилеттүүлүк кылынбайт.

Толугу менен карама-каршы, ал Азирети Бадр согушунан мисал келтирди, анда Меккедеги каапырлар Ислам динине каршы согуш ачышкан.

Мусулмандар жеңишке жетишкен жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) согуштагы катсабатты тааныган туткундарга катсабатты тааныбаган мусулмандарды окутуп-үйрөтүүгө көрсөтмө берген. Бул алардын эркиндигинин жол-жобосу болчу.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Бул кандайдыр бир баа жеткис үлгүсү, а түгүл катуу согуш жана чыр-чатак ахвалында да акыры кээ бир жакшылыктарга жетишүүгө болот. Мусулмандарга такыр ырайымсыз болгон адамдарга да мээримдүүлүк жана түшүнүктүүлүк менен мамиле кылынган жана мугалим катары пайдаланылган».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Бул мисал Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мүнөзүнүн эки көркөм аспектисин көрсөткөн. Бир жагынан, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) аны да, анын жолдоочуларын да куугунтуктап жүргөндөрдөн өчүн да алган эмес, ачууланган да эмес. Экинчиден, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) билим берүү жана окутууну канчалык жогору баалаганын далилдейт. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) адамдардын өздөрүн абалын жакшыртарын жана өз жашоосунун бардык тармагында ийгилик болушарын каалаган жана илим-билим буга ачкыч болчу».

Курани Каримдин башкалардын мал-мүлкүнө жана байлыгына көз артпагыла деген таалимин түшүндүрүп, ал Азирети мындай деди: ушул усулга (принцип) кош көңүл карагандыгы дүйнөдөгү тынчтыкты убакыттан убакытка коркунуч астында калтырууга алып келди.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Кээ бир өкмөттөр айрым өлкөлөрдө бузулуп жаткан адам укуктарына толугу менен кош көңүл болууда, себеби алар ошол коомдордун нефтиге жана табигый байлыктарына жетишүүнү каалашат. Бирок, ошол өлкөлөрдүн жарандары сокур, дүлөй жана дудук эмес. Алар ошондой саясаттын адилеттүүлүккө негизделбегенин байкашат жана табигый түрдө бул нерсе нааразычылыкка жана таарынууга алып келет».  

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Коомдор өздөрүнүн мамилелеринде калыс болуулары керек жана өздөрүнүн тар жеке кызыкчылыктарына кул болбошу керек, тескерисинче калыстык, адилеттүүлүк жана кеңири деңгээлде дүйнөнүн кызыкчылыктары үчүн иштөөлөрү керек». 

Өзүнүн кайрылуусунун аягында ал Азирети Үчүнчү Дүйнөлүк Согуш болуу мүмкүндүгүнөн эскертти.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Биз акмактардай кандайдыр бир оор жана катуу дүйнөлүк согушту көздөй жылуудабыз. Мына ошондой согуштун таасирлерин элестетип да болбойт. Ошол кайгы, коркунуч жана кыйроо келе турган муундарга чейин созулушу мүмкүн. Ошондуктан, Алла Таала адамдарга акыл жана парасат тартууласын деп үмүт эле кыла алабыз жана дуба гана кыла алабыз».   

Анын тарыхый кайрылуусунан мурун бир топ коноктор тынчтыктын маанилүүлүгү жана Ахмадия Мусулман Жамааты жасап келе жаткан аракеттери жөнүндө сүйлөштү.

2016-10-22-ca-peace-symposium-007

Канададагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Улуттук Президенти Лал Хан Малик мындай деди:

«Бул Симпозиум Ислам дини жөнүндө тереңирээк түшүнүк пайда кылуу жана түбөлүккө тынчтыкты орнотуу үчүн өткөрүлүп жатат. Бүгүн биз Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Азирети Мырза Масрур Ахмаддын (Алла Таала ага Жардамчы болсун) тарыхый кайрылуусу менен биринчи Улуттук Симпозиумбузду өткөрүү бактысына ээ болуудабыз».

Вон шаарынын мэри Урматтуу Мауризио Бевилаккуа мындай деди:

«Качан мен Сиз – Улуу Урматтуу Мырза Масрур Ахмад жөнүндө ойлосом, Сиздин укмуш кабарыңыз жөнүндө олойм; тынчтыктын, сүйүүнүн жана мээримдүүлүктүн кабары жөнүндө, ошондой эле дүйнөгө эң керектүү болгон нерсе – бул өз ара сүйлөшүүлөр жана диндердин ортосундагы ынтымак».

2016-10-22-ca-peace-symposium-008

Парламент депутаты Деб Шулте мындай деди:

«Ал Азирети (17-октябрь күнү) Парламент Гиллге келүүгө убакыт бөлгөндүгү үчүн мен терең ыраазычылык билдирмекчимин. Ал киши «Сүйүү баарына, жек көрүү эч кимге эмес» деген кабар менен жер жүзүндөгү диний чыдамкайлыкка басым жасап, абдан көркөм кайрылууну жасаган. Биз кабыл ала турган саясаттын багыты боюнча бир катар сунуштарды да айткан, ошондой эле өз акылмандыгын биз менен бөлүшүүгө алган убактысын да баалайбыз».

Шаардык Кеңештин мүчөсү Марилин Иафрете Канададагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын 50-жылдык юбилейин белгилөө максатында ал Азиретиге белек тапшырып, мындай деди:

«Көпчүлүк адамдар менин балким, Ахмадия Мусулман Жамаатынын жандуу чемпиону экенимди билишет. Сүйүү жөнүндө, сабырдуулук жөнүндө жана кайрадан коомчулукка берүү жөнүндө сүйлөй турган Жамаат, бул абдан уникалдуу нерсе».

Азем бүткөн соң  ал Азирети жыйырмадай меймандар жана сыйлуу коноктор менен жекеме-жеке жолукту.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via