Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Канадага караштуу «Тынчтык Айылда» жума кутбасын окуду

Азирети Мырза Масрур Ахмад Ахмадия Мусулман Жамаатынын мүчөсү эки атактуу инсандын жаназа намазына имамчылык кылды, андан кийин Байъат (ант) аземин өткөрдү.
2016-жылдын 21-октябрында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) Канаданын Онтарио облусуна караштуу Тынчтык Айылда жайгашкан «Байтус-Салам» мечитинде өзүнүн жумалык жума кутбасын окуду.
Өзүнүн кутбасында ал Азирети Ахмадия Мусулман Жамаатындагы эки атактуу инсандын жашоосун чагылдырып берди. Экөө тең – Имам Башир Рафийк Хан мырза жана Доктор Нусрат Жахан айым 2016-жылдын 11-октябрында өз жашоолорун ыйман жана адамгерчилик жолуна кызмат кылып-сарптаган соң Англияда көз жумду.
Өзүнүн жума кутбасынын башында Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:
«Ушул дүйнөгө келе турган ар бир адам бир күнү баары бир өлүшү керек болот. Ошентсе да, Алла Таала өздөрүнүн динине жана адамгерчиликке кызмат кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ кылган инсандар өтө эле бактылуу».
Өзүнүн жашоосунун башка маанилүү аспектилеринин арасында Имам Башир Рафийк Хан мырза бир топ жылдары Лондондо салынган эң алгачкы мечит, «Фазл» мечитинин имам-хатиби катары да кызмат кылган. Ал киши ар кандай жолдор менен Ислам дининин чыныгы жана тынчтык таалимдерин жайылтууга аракет кылган жана «The Muslim Herald» аттуу англис тилдүү журналга да негиз салган.
Ал Азирети мындай деп айтып берди: Имам Башир Рафийк Хан мырза кунт коюп динге кызмат кылды жана дубаларга бекем ишенген, ошондой эле өз балдарына ар дайым Халифатка чынчыл жана туруктуу бойдон калууга насаат кылган.
Доктор Нусрат Жахан айымдын таржымалы жана аткарган кызматтары жөнүндө ал Азирети мындай деди: ал Англияда тарбия алган Пакистандын атактуу гинекологу болчу. Ал өз жашоосун динге жана адамзатка кызмат кылуу максатында арнаган жана Пакистандагы Рабвах шаарында жайгашкан «Фазл-и-Умар» бейтапканасында кызмат кылган.
Ал Азирети мындай деди: ал жан талашып өзүнүн бейтаптарына зор боорукердик менен кызмат кылган жана ал даарылаган көп сандагы адамдар ар дайым ага карыз болушат.
Ал Азирети мындай деп айтып берди: ал бир аз убакытка Англияда окуган жана иштеген, бирок Ислам дининин хижаб кийинүү деген буйругун четке каккан эмес.
Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:
«Доктор Нусрат Жахан эч кандай баасы жок комплексинин астында болгон эмес. Ал киши өзүнүн бардык кесиптик иштерин кылдаттык менен толук парда (хижаб) кийген абалда ишке ашырган, ошондуктан ал биз хижаб кийген абалда иш алып бара албайбыз деген шылтоо кыла турган кыздар үчүн бир үлгү болчу».
Ал Азирети ал айымдын такыбалуулугунан жана мээримдүү мүнөзүнөн таасирленген бир топ адамдардын баяндамаларын да окуп берди.
Аягында Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп дуба сурады:
«Алла Таала маркумдун даражаларын жогорулатсын жана «Фазл-и-Умар» бейтапканасына туруктуулук менен кызмат кыла турган жана берилип өздөрүнүн милдеттерин аткара турган дагы даарыгерлерди тартууласын».
Жума кутбасы бүткөн соң ал Азирети эмоциялуу бир Байъат (ант) церемониясын алып барды, анда бир топ адамдар эң алгачкы жолу Халифанын колуна Байъат (ант) беришти.
АЯГЫ
Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org
Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK
Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682
Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org
Press Secretary AMJ International
(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)