МЫКТЫ ИНСАНДАР • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

2018-жылдын 16-мартында Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы, Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала Өзүнүн күчтүү жардамы менен аны колдосун) Англиянын борбору Лондон шаарында жайгашкан «Байтул-Футух» мечитинде жума кутбасын окуган. Ал кутбанын кыскача маани-мазмуну төмөнкүдөй:

Ташаххуд, Таъвуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы мындай деди: Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) бир жерде Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сахаабаларынын даража-мартабасынан сөз кылып, мындай деп айтат: «Бардык сахаабалар (разияллааху анхум)дын ыйык өмүр баянына ачык-айкын далил болчу. Сахаабалар (разияллааху анхум)ды сыйлаган бирөө гана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды чындап сыйлайт. Сахаабалар (разияллааху анхум)ды сыйлабаган бирөө Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды да чындап сыйлабайт. Азыр кээ бир сахаабалардын кээ бир окуяларын айтып берем.

♦ Абу Дажжана Ансаарий (разияллааху анху) бир сахааба болгон. Ал (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын Мединага кылган хижратынан мурун Ислам динин кабыл кылган эле. Ал Мединанын тургуну болчу. Ал да Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) менен бирге Бадр Казатына катышуу бактысына ээ болгон жана абдан мыкты кайраттуулугун көрсөткөн болчу. Ошондой эле, ал Ухуд Казатына катышуу мүмкүнчүлүгүнө да ээ болгон. Согуштагы атка чегингенүүдөн кийин, тагыраак айтканда, мусулмандар алгач утуп алышты, андан кийин согуштун ахвалы өзгөрдү, себеби каапырдын чабуулунан мусулмандар жеӊилип бараткан кезде, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) менен бирге калган сахаабалардын арасында Абу Дажжана (разияллааху анху) да бар болчу. Ал Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды коргоп жатканда көп жаракат алган. Бирок, ал (разияллааху анху) алган жаракаттарына карабай чегинген эмес.

♦ Бир жолу Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) өз кылычын көтөрүп: «Бүгүн ким бул кылычымды туура пайдаланат?» – деп сураган. Муну угуп, алдыга чыгып келген инсан Азирети Абу Дужана Ансарий болчу. Ал: «Мен бул кылычтын укугун аткарууга убада берем», – деп айтты. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) анын кумарлануусун көрүп, ага, өз кылычын ага тапшырган. Андан кийин, ал киши дагы бир жолу кайратын жыйнап: «Эй, Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам)! Бул кылычтын укугу кандай аткарылат?» – деп сурады. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам): «Бул кылыч эч бир мусулмандын канын төкпөйт, экинчиден, каапырлардын арасынан бир дагы душман андан аман калбайт жана каапырлардын арасынан мусулмандар менен согуша турган душмандарга каршы гана колдонулат», – деп жооп берген. Азирети Абу Дужана (Алла ага ыраазы болсун) Йамама согушунда Мусайлма Каззабга каршы согушуп жатып шейит болгон. Бир жолу ал ооруп жатканда, ал өз шеригине мындай деп айткан: «Балким, Алла Таала менин эки амалымды кабыл алаар: биринчиден, мен эч кандай куру жана бекер сөздөрдү сүйлөбөйм, кимдир бирөөнүн артынан ага жаман сөз айтпаймын; экинчиден, менин жүрөгүмдө бир дагы мусулманга каршы эч кандай кек жана кастыгым жок».

♦ Андан кийин, биз Азирети Мухаммад Маслама (Алла ага ыраазы болсун) жөнүндө айтылганын учуратабыз. Мухаммад бин Маслама (Алла ага ыраазы болсун) да Ухуд Казатына катышкан жана улуу туруктуулук жана сабыр менен Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жанында болгон. Анын өзгөчөлүктөрүнүн бири, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) алдын ала айткан бир кабар анын өзүндө аткарылган. Бир жолу Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ага өз кылычын тапшырып жатып, мындай деп айткан: «Мушриктерге каршы согушканыӊда бул кылыч менен согуша бергин, бирок мусулмандар бири-бири менен согуша баштаган убактысы келгенде, бул кылычты талкалап салгын жана кимдир бирөө сага чабуул жасап же сага табигый өлүм келгенге чейин үйдө калгын». Ал киши Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын ушул насаат-сөзүн аткарган жана Азирети Усман (разияллааху анху) шейит болгондон кийин аткарган. Ал киши ошол учурдагы баш аламандыктан өзүн коргоо үчүн, бир жерге обочолонуп кетти жана баш аламандык бүткөнчө мен өз жашоомду обочо жерде өткөрүүгө ниет кылдым деп айтчу.

♦ Бүгүнкү күндө биз мусулмандар ортосундагы ички талаш-тартыштардын туу чокусуна чыгып кеткенин көрүүдөбүз. Андан тышкары, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдын ала айткан дагы бир кабары орундалып калды: караӊгылык доорунан кийин жарыктык доору келип, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын заманы келгенде, силер Убада кылынган Машаякты кабыл алып, анын Жамаатына кошулууӊар керек, анткени бардык кут-берекелер буга гана байланыштуу.

♦ Эӊ байыркы сахаабалардын бири, Азирети Абу Айюб Ансарий (разияллааху анху) болгон. Ал киши Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын Мединадагы алгачкы күндөрүндө аны кабыл алуу жана коноктоо бактысына ээ болгон. Анын үйү эки кабаттан болчу. Абу Айюб Ансарий (разияллааху анху) жогорку кабатта жашаган жана астыӊкы кабат Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га тапшырылган эле. Абу Айюб Ансарий (разияллааху анху) жогорку кабатта жашаган күндөрдүн биринде бир челек же суу идиши сынып кетти. Абу Айюб Ансарий (разияллааху анху) жана анын жубайы өздөрүнүн жууркандары менен сууну кургактап жатып бүтүн түнүн өткөрүшкөн. Ал эми кийинки күнү ал киши Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га мурунку түнү болгон окуяны айтып, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га сиз үстүӊкү кабатка чыгыӊыз деп суранган. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) анын суранычын кабыл алып, болжол менен алты же жети ай анын жанында жашаган. Ал өзүнүн милдеттерин жана меймандостук вазыпасын мыкты ыкмада аткарууга аракет кылган. Азирети Абу Айюб Ансарий (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) катышкан бардык согуштарга да катышкан. Хайбар Согушунун учурунда жөөттөрдүн лидери өлтүрүлгөн эле. Анын кызы Азирети Сафвия (разияллааху анхаа) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га турмушка чыккан, эртеӊ менен Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) намаз окутканы чатырынан чыкканда, Абу Айюб Ансарий (разияллааху анху)ну аны кайтарып отурганын көргөн. Ошондо, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам): «Эй, Жараткан Алла! Абу Айюб түнү бою мени коргоп отурганындай, Сен аны коргогун!» – деп дуба кылган. Азирети Абу Айюб Ансарий (разияллааху анху) картайып калгандыгына карабай, Рим Казатына да катышкан. Ал бир гана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын Константинопол жөнүндөгү алдын ала кабарынын аткарылышына күбө болуу үчүн катышкан эле. Ошентсе да, ал ошол убакытта ооруп калды. Анан андан кандай тилеги бар экендиги жөнүндө суралганда, ал киши бардык мусулмандарга менден салам жеткиргиле жана менин сөөгүмдү душмандын жеринде мүмкүн болушунча алысыраак жайга койгула деп айткан. Ошентип, түндө ал каза болгондо, анын сөөгү душмандын жеринде мүмкүн болгон аймакка чейин алып барылып, жерге тапшырылган. Бүгүнкү күндө анын мүрзөсү Түркияда бар жана анын мүрзөсүнө барып, суралган ар бир дуба кабыл алынат деп айтылат.

♦ Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сахаабаларынын дагы бири, Азирети Абдуллах бин Раваха (разияллааху анху) араптардын бир атактуу акыны болгон, ошондой эле «Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын акыны» деген аталышы менен да белгилүү болчу. Бадр Согушу бүткөндөн кийин Мадина элине биринчилерден болуп, утуу кабарын жеткирген адам да ошол эле болчу. Бир жолу Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ачык эле Ислам динине даават кылганда, Абдуллах бин Убай (чоӊ эки жүздүү болчу), ал Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га: «Сен келген жериӊе кете бер жана сага келген адамдарга гана даават кыл», – деп айткан. Абдулла бин Раваха (разияллааху анху) да ошол эле жерде отруган болчу, ал: «Эй, Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам)! Сиз биздин чогулуштарыбызга келиӊиз, биз муну абдан жактырабыз», – деп айткан. Бул Абдуллах бин Раваха (разияллааху анху)нун Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га болгон тереӊ урмат жана сүйүү сезими болчу, ал өзүнүн башчысын да эсепке алган жок.

♦ Азирети Урвах бин Зубайр (разияллааху анху)дан төмөнкүдөй рабаят этилет: «Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Зайд бин Харисти (Алла ага ыраазы болсун) аскер башчысы кылып дайындаган. Анан мындай деп көрсөтмө берген: «Эгер Азирети Зубайр шейит болуп калса, андан кийин Азирети Жаъфар бин Аби Таалиб (Алла ага ыраазы болсун) аскер башчысы болот. Эгер ал да шейит болуп кетсе, анда Абдулла бин Раваха (разияллааху анху) башкарууну өз колуна алат. Эгер ал да шейит болуп калса, анда мусулмандар өздөрү каалаган адамды аскер башчысы катары дайындап алышсын. Анан аскерлерди узатуу мезгили келгенде, Азирети Абдулла бин Раваха мындай деп айткан: «Алла Тааланы күбө кылып айтам: дүйнөгө болгон эч бир сүйүүм да жок, дүйнө үчүн кандайдыр бир каалоом да жок. Бирок, мен Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дан төмөнкүдөй Куран аяты жөнүндө сүйлөп жатканын уккам:

{وَإِنْ مِنْكُمْ إِلَّا وَارِدُهَا كَانَ عَلَى رَبِّكَ حَتْمًا مَقْضِيًّا} (مريم 72)

«Силер (заалимдер)ден анын ичине түшпөй турган  бирөөӊөр да жок. Бул Раббиӊерге чечилген бир чечим  катары парыз. (19:72)

Ар бир адам бир жолу отко кирүүсү керек деп айткан. Демек, кыямат күнү кыл көпүрөөсүнөн өткөндөн кийин менин абалым кандай болоорун билбейт экемин деди. Мавта Согушунун учурунда Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) аскер башчылары жөнүндө мен аларды бейиште алтын тактыларда отурушканын көрдүм деп айткан. Демек, булар өз максаттарына жетишкен инсандар болчу.

♦ Азирети Абдуллах бин Раваха (разияллааху анху) согуш майданында курмандыктардын мыкты үлгүлөрүн көрсөткөн. Азирети Зайд (разияллааху анху) жана Азирети Жаъфар (разияллааху анху) шейит болгондон кийин, Азирети Абдуллах бин Раваха (разияллааху анху) алдыӊкы саптарга келди. Бир найза ага тийип, кан агымы атылып чыкты. Ал өзүнүн колун көтөрүп, ошол канды алып, өзүнүн бетине сүйкөп алды, жана душман менен мусулмандардын согуш майданынын ортосуна жыгылды. Ошентсе да, ал өзүнүн акыркы демине чейин мусулмандарды алардын аскер катары кайраттандырып турду. Ал абдан күчтүү жана таасирдүү ыкмада мусулмандарга түрткү берип, мындай деп аларды жардамга чыкырап турган: «Эй, мусулмандар! Карагыла, силердин бир тууганыӊардын денеси душмандардын алдында жатат. Келгиле, душмандарды бул жерден качыргыла жана кууп чыккыла». Ошентип, мусулмандар ошол кезде душмандарга катуу чабуул жасашты жана биринин артынан бир чабуулду жасап турушту. Ошентип, Азирети Абдуллах да шейит болду.

♦ Анын жесири анын улуу сапаттарынын бирин бөлүшкөн. Ал мындай деди: «Азирети Абдуллах бин Раваха (Алла ага ыраазы болсун) эки рекет нафл намазын аткарбай туруп, эч качан өз үйүнөн чыкмак эмес эле, кудум ошондой үйгө кирип келгенден кийин кыла турган биринчи иши бул болчу: даарат алгандан кийин эки рекет нафл намазын аткарчу». Булар ар бир абалында жана ар бир көз ирмеминде Алла Тааланы эстеп турган адамдар болчу. Анын баш ийүү өлчөмү (ченеми) жөнүндө бир окуя бар. Азирети Абу Лайла (Алла Таала ага ыраазы болсун) мындай деп айтат: «Бир жолу Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) кутба окуп жатып, мындай деп айткан: «Адамдар отуруп алышсын». Азирети Абдуллах бин Раваха (Алла Таала ага ыраазы болсун) ал кутбаны угуу үчүн мечитке кирейин деп калган эле, бирок ал ошол эле жерде отуруп калган. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ага карата: «Эй, Абдуллах бин Раваха! Алла Таала Алла жана Анын Элчисине болгон баш ийүү шыктанууӊузду дагы көбөйтсүн».

♦ Диний сөздөрдү сүйлөшүү, диний сүйлөшүүлөрдү уюштуруу, максаттуу түрдө сүйлөшүү жана бири-биринин акы-укуктарын аткаруу боюнча алардын стандарттары (өлчөмдөрү) кандай болгон? Азирети Абдулла бин Раваха (Алла Таала ага ыраазы болсун) Азирети Абу Дардаа  (разияллааху анху)га: «Эй, Абу Дардаа! Келиӊиз, чогуу отуруп, ишенимибизди кайрадан жандандырайлы. Келиӊиз, ишеним тууралуу сүйлөшөлү». Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ошондой жыйындар жөнүндө мындай деп айткан: «Алла Таала Абдуллах бин Раваха (разияллааху анху)га ырайым кылсын. Ал периштелер да сыймыктана турган мындай жыйындарды жакшы көрөт».

♦ Андан кийин тарыхтан эки жаш бир туугандын зор эр жүрөктүүлүгү жана кайраттуулугунан кабардар болобуз. Азирети Маъааз бин Хаарис бин Рифаъатах жана Азирети Муъаваз бин Хаарис бин Рифаъатах. Алар Бадр Согушуна катышкан жана Абу Жахлды өлтүрүүгө да жоопкер болушкан. Бадр Согушунда катуу согуш болгон. Мусулмандар толугу менен курал-жарактын бардык түрлөрү менен жабдылган жана өздөрүнөн үч эсе көбүрөөк болгон кошуунду өздөрүнүн алдында турганын көрүшкөн. Алар Ислам дининин ысмын жер үстүнөн өчүрүү ниети менен согуш майданына кирген болчу. Алсыз мусулмандардын саны аз болчу. Өздөрүнүн негизги курал-жарактары менен алар бир нече мүнөт дагы туруштук берип, аман калышы да кыйын болчу. Бирок, алар өздөрүнө жүктөлгөн милдетине берилген болчу. Алла Тааланын Жалгыздыгы жана Пайгамбарчылыкка болгон сүйүүсү аларды дүйнөдөгү бардык нерселерден күчтүүрөөк кылып койгон болчу. Алардын ошол тирүү ишеними аларга өзгөчө күч тартуулаган эле. Ал убакытта согуш майданында алар динге кызмат кылуу боюнча теӊдеши жок эӊ мыкты үлгүнү көрсөтүшкөн эле. Абдур Рахмаан бин Ауф (Алла Таала ага ыраазы болсун) мындай деп айтат: «Согуш башталганда, мен сол жана оң жагыма көз салып, Ансаарлардан эки улан турганын көрдүм. Аларды көрүп, менин көӊүлүм сууй түштү, себеби мына ушундай согуштарда жалпысынан сол жана оң тараптагы согушчандарга гана таянылат. Бул эки (жаш балдар) мени кантип коргошот деген ой кучагында болгон убагымда ал жаштардын бири башкасынан жашыргандай ыкмада шыбырап: «Кожоюн! Меккеде Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га зыян келтирүүчү Абу Жахл ким?» – деп сураган. Ал жаш жигит мындай деди: «Мен аны өлтүрөм же бул максатка жетишүү аракетинде өлүп калам деп Алла Таалага ант бергем», – деди. Абдур Рахмаан мындай дейт: «Мен али ага жооп бере электе экинчи жигит тынч гана ошол эле суроону берген. Алардын кайраттуулугу мени айран-таӊ калтырган, себеби Абу Жахл алардын аскер башчысы болчу жана өтө эле тажрыйбалуу согушкерлер менен курчалган болчу. Мен Абу Жахилди көрсөтүп койдум». Абдур Рахмаан мындай деп улантат: «Менин ишаарат кылаарым менен эки жигит кандайдыр бир бүркүт сыяктуу учуп барып, душман саптарын жиреп, көздөлгөн жерине барып, ушундай ылдамдык менен Абу Жахлга кол салышкан, анын шериктери эмне кыларын билбей калышкан жана Абу Жахл жерге кулап түшкөн».

♦ Ошентип, бул жаш балдар диний намыскөйлүгүн көрсөтүшкөн. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га болгон терең сүйүүсү аларды ушунчалык баатыр кылып койгон, натыйжада алар Исламдын душманын жок кылууну каалашкан. Алар бүгүнкү күндө жаштарды радикалдаштырып, Ислам дини үчүн согушкула деп айта турган жихадчылар сыяктуу болгон эмес. Жок, алардын кандайдыр бир максаты бар болчу: алар хижрат кылгандыгына карабай, душмандар аларга тынчтыкта жашоого жол берген эмес. Натыйжада, алар тынчтыкты орнотуп, адилетсиздикти токтотуу үчүн ар кандай курмандык кылуу үчүн даяр турушкан. Бүгүнкү күндөрдө өкмөттөрдү кулатуу үчүн жаштар уурдалып, андан кийин радикалдаштырылып жатат. Ошол күндөрдө эгер Ислам дининин атынан согуштар жүзөгө ашырылган болсо жана адамдар өз өмүрүн курмандыкка чалышкан болсо, анда бир гана динди коргоо үчүн жана дүйнөдө тынчтыкты орнотуу үчүн (согуштар) ишке ашырылган. Ошондуктан, ал жихад кылган адамдар менен бүгүнкү күндөгү жихадчылардын ортосунда чоӊ айырма бар.

♦ Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) сахаабалар жөнүндө мындай деп айтат: «Башкача айтканда, Алла Тааланын ыраазычылыгына жетишүү жолдорун издөө жана муну өзүбүздүн түпкү максатыбыз деп ойлонуу биздин милдетибиз болуп саналат. Биздин бардык иш-аракеттерибиз жана иш-чараларыбыз Алла Тааланын ыраазычылыгына жетишүүгө каратылган болушу керек, мейли ал кыйынчылыктар жана балээ-кырсыктар аркылуу гана насип болсун. Алла Тааланын ыраазычылыгы дүйнө жана анын бардык каалоолорунан алда канча жогорураак жана жакшыраак».

♦ Алла Таала бул нерсеге жетишүү үчүн бизге жардам берсин.

♦ Жума намазынан кийин, мен урматтуу Ал-Хааж Исмаил БК Аддо Сахибдин кайып жаназа намазын алып барам. Ал ганалык Ахмадий болгон жана 84 жаш курагында 8-март күнү көз жумган. Иннаа лиллаахи ва иннаа илайхи раажиъуун. Ал Лондондо Ахмадия Халифалыгына жакын болуу үчүн өзүнүн саясий карьерасын таштап салган белгилүү саясатчы болчу. Ал туубаса Ахмадий мусулман болчу. Анын атасы христиан болгон жана 1928-жылы байъат берип, Ахмадия Мусулман Жамаатына кошулган. Ал Улуу Британияда мугалим болуп иштеген. Ал Халифатты катуу сүйчү жана ар бир Халифага улуу сүйүү, мээримдүүлүк жана баш ийүүнү көрсөткөн. Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын IV Халифасы (рахимахуллаах) тарабынан Салман Рушдийдин китебине жооп жазуу үчүн бир комитет түзүлгөн, ал да ошол комитеттин мүчөсү болуп дайындалган. Ал киши Таблийг (даават кылуу) ишинде көрүнүктүү ролду ойногон. 1986-жылы Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын IV Халифасы (рахимахуллаах) ПАН аттуу африкалык бирикмесин түзгөндө, ал анын биринчи президенти болуп дайындалган. Ал киши Peckham деген жердеги Жамааттын биринчи президенти болуп шайланган. 1994-жылы МТА (Мусулман ТВ Ахмадия) ачылгандан кийин, ал киши Урду Сабагы (Urdu Class) программасынын көрүнүктүү окуучулардын бири болгон. Ал урду тилин үйрөнүүгө катуу аракет кылган жана «Бара Бачча» (чоӊ окуучу) катары белгилүү болгон. Ал ар бир адам билген ганалык адам болгон. Анын эки аялы болгон. Анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн айтымында, ал Тахажжуд (Нафл) намазын да калтырбай аткарчу жана ооруп жаткан болсо да, аны калтырчу эмес. Ал абдан мукам үн менен жана улуу кумар менен Ыйык Куранды окучу. 2005-жылы ал киши эки аялы менен ажылык зыярат кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Ал абдан кубанычтуу жана жөнөкөй адам эле. Алла Таала анын даражасын көтөрсүн, аны кечирсин жана ага ырайым кылсын.

Share via