Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)

2018-жылдын 23-мартында Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы, Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала Өзүнүн күчтүү жардамы менен аны колдосун) Англиянын борбору Лондон шаарында жайгашкан «Байтул-Футух» мечитинде жума кутбасын окуган. Ал кутбанын кыскача маани-мазмуну төмөнкүдөй:

Ташаххуд, Таъвуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы мындай деген: Бүгүн 23-март. Бул күн Ахмадия Мусулман Жамаатында «Убада кылынган Масийх Күнү» катары эскерилет жана буга карата Жамаат Жалсаларды (чогулуштарды) да өткөрөт. Мен азыр Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын кээ бир үзүндүлөрүн ортоӊорго салам, анда ал (алайхиссалаам) Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын келүү максатын, муктаждыгын жана даража-мартабасын түшүндүрүп берген. Ал (алайхиссалаам) билдирүү  жасагандан кийин атынан эле окумуштуу деп аталуучу мусулман уламалар жалпы мусулмандарды ал (алайхиссалаам)га каршы тукуруу үчүн абдан катуу иш-чараларын жумшап, мүмкүн болгон бардык чектерден ашышкан жана азыр деле ошондой кылып жатышат. Ошентсе да, Алла Тааланын жардамы жана колдоосу менен ал түзгөн Жамаат өсүп-өнүгө берген жана мүнөзү таза адамдар Жамаатыбызга кошулушууда.

♦ Алла Тааланын убадаларына ылайык өзүнүн келүүсүнөн сөз кылып, Убада кылынган Масийх жана Махдий өзү экенин жарыялап, ал (алайхиссалаам) мындай дейт: «Алла Тааланын убадалары чындык. Ал Өзүнүн убадасына ылайык дүйнөгө бир Эскертүүчүнү жөнөткөн. Дүйнө аны кабыл алган жок, бирок Алла Таала, албетте, аны кабыл кылат жана күчтүү далилдер менен анын чындыгын ачыкка чыгарат. Мен чындыкты айтам, мен Алла Тааланын убадасына ылайык Убада кылынган Масийх жана Махдий катары келгем. Кааласаӊар, кабыл алгыла, кааласаӊар, четке каккыла. Бирок, четке кагууӊар менен эч зыян болбойт. Алла Тааланын убадасы сөзсүз аткарылат, анткени Алла Таала «Барахийн-э-Ахмадия» аттуу китепте алдын ала мындай деп айткан:

Аллах жана Анын пайгамбары чындыкты айткан жана Алланын убадасы аткарылат».

♦ Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай дейт: «Биздин доо-билдирүүбүздүн далилин бизден талап кылуу чындыкты издеген ар бир адамдын укугу болуп саналат». Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) дагы мындай деп айтат: «Ыйык Куран аяттары жана хадистер, ошондой эле логикалык далилдер, тагыраак айтканда, учурдагы зарылчылыктар бир реформатор-оӊдоочунун келүүсүн талап кылууда. Мындан тышкары, Алла Таала менин колуман ачыкка чыгарган белги-жышаандардын тизмегин түзүп койдум. Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мен алардын тизмегин түзүп койдум, алар болжолу менен бир жүз элүүгө жакын белги-жышаан болуп, миллиондогон адамдар ага күбө болуп турат. Курулай жана бекер ой-пикирлерди сунуштоо – бул жакшылык эмес дейт.

♦ Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) ушул эле себептен Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ал (Убада кылынган Масийх жана Махдий) (алайхиссалаам) калыс болуп келет деп айткан деди. Башкача сөздөр менен айтканда, Убада кылынган Масийх жана Махдий келгенде, ал калыс болот жана анын чечимине баш ийүүӊөр керек. Ал чечим чыгаруучу болуп келет жана силер анын чечимдерин кабыл алууӊар керек. Жүрөгүндө илдети бар адамдар ага ишенүүнү каалашпайт, ошон үчүн алар бекер далилдер жана сын-пикирлерди келтирип турушат. Ошентсе да, алар билип коюулары керек, акыр-аягында Алла Таала Өзүнүн убадасына ылайык күчтүү белги-жышаандар аркылуу чындыкты ачыкка чыгарат».

♦ Анан Убада кылынган Масийх жана Махдийди четке кагуу жана жокко чыгаруу Алла Таала менен Анын Элчисин четке кагууга алып барарын айтып жатып, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай дейт: «Мени четке кагуу мени гана четке кагуу болбостон, тескерисинче, Алла Таала жана Анын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам)ды четке кагуу болуп эсептелинет. Мунун себеби, кимде-ким мени четке какса, Кудай кечирсин, ал менден мурун Алла Тааланы жалганчыга чыгарат. Башкача айтканда, Алла Таала ички жана тышкы бузулуштардын туу чокусуна чыккандыгына карабай, Биз Өзүбүз ушул Зикирди түшүргөнбүз жана Өзүбүз сөзсүз Аны Коргоочубуз (Ал-Хижр: 10) деген убадасына карабай, аларды оӊдоп-реформалоо үчүн кандайдыр бир чараны көргөн эмес; ошондой эле ал киши сыртынан караганда, Алла Таала Истихлааф аятында Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын үммөтүндө да кудум Муса (алайхиссалаам)дын үммөтүндө орноткондой эле Халифат (орун басарлык) системасын орнотот деп ишенген эле. Бирок, Кудай кечирсин, Ал Өзүнүн убадасын аткарган жок жана азыркы учурда бул үммөттө эч бир Халифа жок. … Кудум ошондой, Ахмаддын (Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын экинчи аты) күзгүсүнүн чыгуусун алдын ала кабарлай турган Курани Каримдин «Ал-Жума» сүрөөсүнүн 4-аятын (алардан башкаларга дагы аны (жиберди): алар али аларга туш келе элек. Ал эӊ жеӊүүчү (жана) акылмандык Ээси) да четке кагуу га туура келет. Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай дейт: «Албетте, мени четке кагуу Алла Тааланы четке кагууга алып барат жана мени кабыл кылуу – бул Алла Тааланын бар экендигин тастыктоо жана ага бекем ишенүү болуп саналат. Андан тышкары, мени четке кагуу чындыгында мени гана четке кагуу эмес, тескерисинче, бул Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды четке кагуу болот. Ошентип, мени четке кагып, мени кабыл кылуудан баш тартууга кайраттуулук кылуудан мурун бир адам ой жүгүртүп, өз жүрөгүнөн кимди четке кагып жатканын сурап көрсүн».

♦ Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айтат: «Ошентип, мен ачык эле айтып коёюн: мени четке кагуу жөнөкөй маселе эмес. Мени каапыр деп жарыялооӊордон мурун өзүӊөр каапыр болууӊарга туура келет. … Мага ал Курани Карим жана хадисти таштап салган деген жалааны жаба турган бирөө алгач өзү Курани Карим жана хадисти таштоого аргасыз болот. Андай жагдайда да ал өзү аларды таштайт». Башка сөз менен айтканда, мен аларды эч качан таштабайм. Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай дейт: «Мен Ыйык Куран жана Хадистин (чындыгын) тастыктоочусумун жана алардын аткарылышы болом. Мен туура жолдон адашкан эмесмин. Жок, мен Махдий болом. Мен каапыр эмесмин. Жок, мен «Аввалул-му’минийн» (ишенгендердин эӊ биринчисимин) деген аяттын чыныгы аткарылышы болом».

♦ Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) ушул нерселердин баарын аны көргөнү келген бир конокко түшүндүрүп жаткан эле. Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айткан: «Мага карата шашылбагын. Анын ордуна, таза ниет жана тунук акыл менен ой жүгүрткүн». Дагы бир жолу Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айткан: «Эгер бул адамдардын жүрөгүндө сараӊдык жана кайсарлык болбосо, анда алар менин сөздөрүмө кулак салып, мени ээрчүүлөрү керек, ошондо көрүшөт, Алла Таала аларды караӊылыкта таштап коёбу же жарыкка алып барабы? Мен кимде-ким сабырдуулук менен жана чын жүрөктөн мени ээрчисе, ал жок кылынбайт, тескерисинче ал түбөлүк жашоого ээ болот деп толук ишенем». Башкача айтканда, ал киши дүйнөдө да сыйланат жана Алла Таала акыретте да ага кут-берекелер тартуулайт.

♦ Бүгүнкү күндө Алла Тааланын ырайымы менен, чакан гана айылдан чыккан үн 210 өлкөгө жайылган жана бул да анын чынчылдыгынын бир далили болуп саналат. Тээ алыскы жерлерге 30-40 жыл мурун Ахмадияттын жайылышын бирөө элестетүүсү да кыйын болчу, ал жерлерге бир гана кабар жетпестен, Алла Таала ушундай ыйманы күчтүү адамдарды жаратып жатат, адам айран-таӊ калат. Мен бир окуяны айтып берейин. Бенин Африканын бир чакан өлкөсү болуп саналат. 2012-жылы ал жерде Жамаат расмий түрдө түзүлгөн. Ал жердеги бир айылда Ибрахим мырза аттуу бир Ахмадий мусулман бар. Ал Ахмадиятты кабыл кылган, бирок буга чейин ал жакшы билген жана билимдүү бир мусулман адам болчу. Ахмадиятты кабыл кылгандан кийин ал өзүнүн ыкластуулугу жана берилилүүсү боюнча алгалай берген. Ал өзүнүн бир туугандарына жана тууган-туушкандарына даават кыла баштаган. Анын бир тууган агасы, ал даават кылып, бизди ыймандан алыстатып жатат деп, аны менен уруша баштаган. Ал Азирети (Алла Таала аны Өзүнүн күчтүү жардамы менен колдосун) ыйманды күчтөндүрүүчү окяны айтып берген: Алла Таала кандай аны колдоп, белги-жышаандарды көрсөтүп, анын күчтүү душмандары жок болуп, Ахмадияттын чынчылдыгы ачыкка чыккан. Демек, Алла Тааланын ырайымы менен Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)ды колдоп, мындай окуялар бүгүнкү күндө да болуп жатат.

♦ Буга чейин биз Ислам таалимин ээрчишип келүүдөбүз жана буга чейин Исламдын ичинде толтура диний агымдар бар, дагы бир жамаат түзүүнүн эмне зарылчылыгы бар жана сиздин Жамаатыӊызга кошулуунун максаты эмне деген өӊдүү сын-пикирлерди билдиргендерге жооп кайтарып, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай дейт: «Аӊ-сезим жана тереӊ түшүнүктүн жоктугунан улам мына ошондой нерсе пайда болот. Бул (бөлүнүү) мен себептүү эмес. Эгер ошондой бөлүнүү пайда болгон болсо, анда бул Кыймылды (Ахмадия) түзгөн Алла Таала Өзү аны баштаган. Бул Кыймылды мен баштаган жокмун, тескерсинче Алла Таала аны түзгөн, анткени рухий абал үзгүлтүксүз алсырай берип, а түгүл ыйман күчү бүтүндөй жок калган, Алла Таала ушул Кыймыл аркылуу чыныгы ыйман күчүн кайрадан жандандырууну каалайт».

♦ Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) Убада Кылынган Масийхтин келүү максаты ички жана тышкы фитна-чагымчылыктар жана кол салуулардан Исламды коргоо экенин айткан. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) да муну алдын ала кабарлаган эле. Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай дейт: «Акыркы күндөрү жөнүндө Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) фитна-чагымчылыктын эки түрү болоорун айткан: алардын бири ички, экинчиси тышкы болот. Ички фитна-чагымчылык бул: мусулмандар чыныгы хидаят-туура жолдо калбай калышат жана шайтандын таасирине жана тузагына түшүп калышат. Алардын иш-аракеттеринде эч кандай адилеттүүлүк калбай калат. … Тышкы фитна-чагымчылык бул: Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын куттуу мүнөзүнө каршы жалган жалаалар жабылат. … Ыйса Машаяктын кудай экенин кабыл кылдыруу жана айкаш жыгачтын үстүндөгү каргыштуу өлүмгө ыйман келтирүү үчүн бардык айла-амалдар колдонулат. Кыскача айтканда, бул эки ички жана тышкы фитна-чагымчылыкты жоюу үчүн Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га төмөнкүдөй куш кабар да берилген эле: тышкы фитна-чагымчылыкты жоюп, христиан дининин чыныгы жүзүн ачып берүү үчүн анын үммөтүнөн бир адам чыгат, ошон үчүн ал Марям уулу Ыйса деп аталат. Ал ички чыр-чатактар ​​жана адашууларды кетирип, аларды туура жолго баштоо үчүн Махдий деп аталат. (Ва аахарийна мин-хум (62:4) деген аятта да ушуга эле ишаарат кылынган».

♦ Андыктан, биз  Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)ды кабыл алгандыгыбыз үчүн Алла Таала менен болгон алакабыз жана такыбабыздын өлчөмдөрү башка мусулмандарга караганда бир кыйла жогору болушу керек. Биздин практикалык абалыбыз башкаларга караганда жакшыраак болушу керек. Биздин иш-аракеттерибиз жана амалдарыбыз Алла Тааланын ыраазычылыгына ылайык болушу керек жана такыба болушу шарт. Бул жөнүндө сөз кылып, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай дейт: «Байъат берип, ушул Жамаатты чындык Жамаат деп ишенүү гана жетишээрлик кылбайт. Ушул Жамаатка киргениӊерден кийин жакшы инсан жана такыба болуп, жамандыктын ар кандай түрүнөн алыс болууга аракет кылгыла. . … Тили жумшак адам болуп, кечирим жана дуба суроо менен алектенип тургула».

«Амаал-э-Салих» (такыба амалдар) маанисин түшүндүрүп жатып, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай дейт: «Ыйык Куранда Алла Таала ыйманды «Амаал-э-Салих» (такыба амалдар) менен тыгыз байланыштырган. Өзүндө кенедей да бузукулук жок амалдарды «Амаал-э-Салих» дешет. Билип койгула, адамдын амалдарына ар дайым уурулар чабуул жасашат. Алар (уурулар) кимдер? Бул кожокөрсүндүк, б.а адам башкаларга көрсөтүү үчүн кайсы бир амалды жасайт. Ужаб – бул кайсы бир иш-амалды жасап, анан өзү жасаган иш-аракети менен өзү ыраазы болуу дегенди билдирет». Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай дейт: «Адилетсиздик, текеберлик, кожокөрсүндүк, бой көтөрүү жана башкалардын акы-укуктарын тебелеп-тепсөө деген ойдон оолак болгон амалдар «Амаал-э-Салих» деп аталат. Адам баласы кудум акыретте өзүнүн такыба амалдары менен сакталгандай эле бул дүйнөдө да алар менен сактана алат».

♦ Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай дейт: «А түгүл жакшы жана такыба иштерди жүзөгө ашыра турган бир адам үйдө бар болсо, натыйжада бүт үй сакталып турушу мүмкүн. Эсиӊерде болсун, жакшы иштерди жасамайынча, жөн эле ишенүү пайдалуу эмес. Эгер дарыгер кээ бир дарыларды жазып берсе, анда бул ал белгиленген дарыларды алыш керек дегенди билдирет. Эгер ал киши ал дары-дармектерди албаса жана аларды бир жакка коюп койсо, анда ал кантип пайда көрө алат? Эми силер тобо келтирдиӊер, Алла Таала азыр силер ишенимге келгенден кийин өзүӊөрдү канчалык тазалаарыӊарды көргүсү келет. Алла Таала такыба аркылуу кандайдыр бир айырманы жарата турган убакыт келди».

♦ Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай дейт: «Бул күндөрдө Адам (алайхиссалаам)дын төмөнкүдөй дубасын окугула:

Бул дуба алдын ала кабыл болуп калган. Мага төмөнкүдөй дуба вахий-аян аркылуу берилген:

Эй, Алла! Ар бир нерсе Сенин көзөмөлдүүлүгүӊ астында турат, ошондуктан, мени коргогун, мага жардам бергин жана мага ырайым кылгын». Кыскасы, бул эки дубаны окуп тургула жана бул дубаларга ой жүгүрткүлө.

♦ Ошентип, арабыздагы ар бир Ахмадий мусулман Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)ды кабыл алган болсок, анда ага берген Байъатыбыздын милдеттерин аткарып жатабызбы же жокпу деп өзүбүздү талдап чыгышыбыз керек? Мен көп учурда текшерип көрүп, төмөнкүдөй фактыга күбө болдум: арабаздагы көптөгөн адамдар өз намазын да туура аткарышпайт. Алар намазга эч кандай маани беришпейт. Кээ бир адамдар Истигфаар кылууга да, бири-биринин акы-укуктарын аткарууга да көӊүл бурушпайт. Эгер жагдай ушундай болсо, анда биз «Амаал-э-Салихти» жүзөгө ашыра турган адамдардан болобуз деп кантип айта алабыз? Биз Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)га берген Байъаттан кийин бизге жүктөлгөн милдеттерди аткарып жатабыз деп (кантип айта алабыз)? Башкалар болсо, кабыл албагандыгы үчүн күнөөлүү болушат. Бирок, биз аны кабыл алган соӊ, өзүбүздү реформалап-оӊдобой, ага сөз берип, аны бузуу деген күнөөгө кабылып жатабыз. Демек, арабыздагы ар бир адам катуу тынчсыздануу менен өзүн талдап чыгуусу керек. Алла Таала ар дайым бизди коргоп, ар кандай балээ-кырсыктар жана кыйынчылыктардан сактасын.

♦ Бүгүнкү күндө төмөнкүдөй бир кулактандыруу жана бир кушкабар бар болчу: илгери Кадияндан жарык көргөн «Ал-Хакам» гезити азыр бул жерден басылып чыгат. 1934-жылы ал кайрадан басылып чыга баштаган, бирок көп өтпөй токтотулду. Бүгүн Убада кылынган Масийх (алайхиссалаам) күнү ушул жерден (Улуу Британия) англис тилинде басылат. Бул Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын убагында жарыяланган биринчи гезит болчу. Бул бир аз тиражда басып чыгат, бирок азыр бул жума кутбасынан кийин www.alislam.org деген сайтта болот. Ошондой эле, көчүрүп алуу (жүктөө) максатында уюлдук жана планшеттер үчүн «Ал-Хакам» деп аталган бир колдонмо (APP) да болот. Бул биринчи басылыш өзгөчө Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) күнүнө арналган жана келечекте жаңы нускасы ар бир жума күнү жүктөлүп турат. Бул гезит англис тилинде болгондуктан, англис тилинде сүйлөгөн Жамаат мүчөлөрү колдон келишинче андан көбүрөөк пайда көрүүлөрү керек.

Share via