ИСЛАМ ДИНИНДЕ СОГУШУУГА БЕРИЛГЕН УРУКСАТТЫН ТҮПКҮ АКЫЙКАТЫ • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

ИСЛАМ ДИНИНДЕ СОГУШУУГА БЕРИЛГЕН УРУКСАТТЫН ТҮПКҮ АКЫЙКАТЫ

Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын II Халифасы Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) Курани Каримдин кээ бир сүрөөлөрүнүн маани-мазмунун түшүндүрүп жазган «Тафсир-э-Кабийр» аттуу алтын эмгегинде бүгүнкү күндөгү өтө эле маанилүү маселе – «Ислам дининде согушууга берилген уруксаттын түпкү акыйкаты» жөнүндө да сөз кылган. Биз ошол ой-пикирин ушул макала аркылуу сиздердин назарыңыздарга сунуштоо бактысына ээ болуудабыз. Мына ушул маалымат бардык адамдар үчүн өтө эле кызыгууну жаратат деген үмүттөбүз.

Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын II Халифасы Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) мындай деп жазат:

Өздөрүнө каршы (жөндөн жөн) согуш кылынып жаткан адамдарга да (согушууга) уруксат берилет, анткени аларга зулумдук кылынган жана Алла (Таала) аларга жардам берүүгө Кудуреттүү. (Булар) «Алла – биздин Раббибиз» деп айтышкандыгы үчүн кандайдыр бир себепсиз өз үйлөрүнөн куугунталган (адамдар). (Жана) эгерде Алла (Таала) алардын (каапырлардын) арасынан айрымдарын башкалары акылуу (тентектиктен) кайтарбаганда, анда чиркөөлөр, синагогалар жана Алла (Таала)нын аты көп-көп эскериле турган мечиттер жер менен жексен кылынмак. (Жана) Алла (Таала) албетте Анын (дини)не жардам бере турган адамга жардам берет. Алла (Таала) албетте өтө Күчтүү (жана) Жеӊүүчү. (22:40-41)  

Бул аяттарда ушундай принциптер тууралуу сөз кылынган, алардын негизинде мусулмандарга өзгөчө кырдаалда Алла Таала коргонуу максатында кылынуучу согушка уруксат берген. Ислам дини христиан дини сыяктуу «оң жаагыңа чапканга сол жаагыңды тосуп бер» (Матай 5:39) деп айтпайт. Тескерисинче, ал (Ислам) мындай деп айтат: эгер кимдир бирөө силерге зулумдук менен чабуул жасаса, тагыраак айтканда кандайдыр бир күнөөсүз, «Алла – биздин Раббибиз», – деп жарыялаганыӊар үчүн силерди үй-жайларыӊардан кууп чыгарса, силер ага каршы күрөшкүлө жана: «Биз – азбыз», – деп ойлонбогула. Анткени, эгер силер зулумдук көргөн (адам) болсоӊор, анда Алла Таала силерге көмөк көрсөтөт жана Ал көмөк көрсөтүүгө күчү жетүүчү. Билип койгула, ушул буйрук дүйнөдө тынчтыкты орнотуу үчүн берилген. Эгер Биз мына ошондой буюруп, адилеттүүлүктү орнотуу үчүн бир коомду тургузбаганыбызда, христианардын чиркөөлөрү, яхудийлердин синагогалары жана Алла Тааланын ысымы көп-көп эскериле турган мусулмандардын мечиттеринин баары кулатылмак. Демек, динге аралаша турган согушка каршы күрөшүү үчүн турган мусулман чындыгында тек өзүнө гана көмөк көрсөтпөстөн, башкаларга да көмөк көрсөтөт, анткени ал киши тек өз динин гана коргобостон, бардык диндерди коргойт. Ошондуктан, Алла Таала да ага сөзсүз жардам берет. Алла Таала күчтүү жана жеӊүүчү экендиги үчүн мына ошондой мусулман да күчтүү жана жеӊүүчү болуп калат. Анткени, мына ошондой мусулман ушундай ой-ниет менен майданга чыгат: эгер мага күч-кубат берилсе, анда жамаат намазын да аткарам, зекетти да берем, жакшы нерселерге да буюрам жана жаман нерселерден да кайтарам. Ушул нерселердин баары Алла Тааланын каалоосуна ылайык болуп, бардык иштердин натыйжаларын да Алла Таала чыгарат, ошон үчүн Алла Тааланын каалоосуна ылайык жүрүүчү адам гана жеӊишке жетет. Болуп жаткан катуу каршылыктан коркпош керек. Нух (алайхиссалаам), Аад жана Ибраахийм (алайхиссалаам)дын доорунан баштап чынчылдыкка каршылык көрсөтүлүп келе жатат. Бирок чынчылдык ар дайым жеӊип чыгат жана ага каршы чыккандардын ойрондук белгилери азыркыга чейин дүйнөдө бар. Демек, ушул белгилерди карагыла жана алардан пайда көргүлө. Анткени, негизинен көрүү иши – бул жүрөктүн иши, көздөрдүн иши эмес.

Мусулмандарга согушууга уруксат берүү үчүн түшкөн жогорудагы аяттардан белгилүү болгондой, Ислам таалиминин негизинде төмөнкүдөй жагдайларда гана согушууга уруксат болот: качан бир коом узак убакытка чейин башка коомдун зулумдуктарына кабылып турса; заалим коом аны «Алла – биздин Раббибиз» деп айтуусунан кайтарса, тагыраак айтканда анын динине аралашып, күч менен адамдарды Ислам дининен чыгарса же ага кирүүдөн кайтарса жана ага киргендерди Ислам динин кабыл кылгандыгы үчүн гана өлтүрсө. Ал коомдон башка коомго каршы жихад боло албайт. Бирок эгер кандайдыр бир согуш болсо да, ал бир гана саясий жана өлкөлүк согуш болуп саналат. Андай согуш эки мусулман коомдун ортосунда да болушу мүмкүн, бирок аны «жихад» деп атоого болбойт жана ал согушка катышуу ар бир мусулмандын милдети болуп саналбайт, тескерисинче ошол согуша турган өкмөттүн кол астында жашаган мусулмандар гана милдеттүү болот. Анткени, ошондой согуш мекенди сүйүү согушу деп аталат, диний согуш деп аталбайт. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан:

Мекенди сүйүү да ыймандын бир бөлүгү.

Анан ошол зулумдук көргөн коомдун милдети төмөнкүдөй экенин айтат: ага күч-кубат насип эткенде, ал бардык диндерди коргоосу керек, ошондой эле алардын ыйык жайларына сый-урмат көрсөтүүсү керек жана ал жеӊишти өзүнүн күч-кубаты куралына айландырбасын, тескерисинче өз жөндөмдөрүн бир гана жакырларга көмөк көрсөтүүгө, өлкө ахвалын оӊдоого жана фитна-чагымчылыкты жоюуга жумшасын. Анткени, Ислам дини дүйнөдө кандайдыр бир мыкаачы жана заалим катары эмес, тескерисинче күбөө жана коргоочу катары келген.

Ислам жихадына сын-пикир билдирүүчүлөр ой жүгүртүүлөрү керек, ушул сыяктуу согуш мусулмандардын колундабы, алар каалаган убакытта (согуш) баштап,  каапырларды туткун кыла башташабы? Ушул сыяктуу согушту душмандар тарабынан гана башталышы мүмкүн. Анан андан абайлоо анын колунда болгондон кийин да эгер ал ошондой согушту ачса жана күч менен башкалардын динин өзгөртмөкчү болсо, анда ал же жинди болушу мүмкүн же жазаланууга татыктуу, анткени чабуул жасабоочулук анын колунда бар болчу, башкаларга зулумдук кылбоочулук анын колунда бар болчу, дин үчүн согуш кылбай, өзүн өлүмгө салып, ойрондуктан сактануу анын колунда бар болчу.

Бул жерде эске тута турган дагы бир нерсе, «инналлааха юдаафиъу аниллазийна аамануудан» кийин «узина лиллазийна юкааталууна би-аннахум зулимууга» төмөнкүдөй сын-пикир түшөт: пенделер өзү каапырлар менен согушкан болсо, анда Алла Таала кантип коргогон? Ушул аяттарда буга төмөнкүдөй жооп берилген: сыртынан караганда, момундар согушат, бирок алар да, башкалар да алардын алсыз болуп, жеӊе албай калаарын билишет. Ошондуктан, «инналлааха алаа насрихим ла-кадийр» деп, мындай деп айткан: негизги согуш Алла Таала тарабынан гана болот. Момундар болсо, Ал пайдалана турган куралдар гана болушат. Жеӊиш тартуулоо Анын колунда болот жана Ал жеӊиш тартуулайт. Бул нерсе ушул согушту адамдар эмес, Алла Таала согушкандыгын далилдейт.

Анан кийинки аятта да мындай деп айтып койгон:

Алла Тааланын динин колдой турган адамдарга Алла Таала жардам берет.

Башкача айтканда, момундардын согушкандыгына карабай, негизги коргоо иши Алла Тааланын колунда гана калгандай. («Тафсир-э-Кабийр», 6-том, 62-64-бет)

Share via