«Биздин жихадыбыз – бул сүйүү жана мээримдүүлүк» - Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

«Биздин жихадыбыз – бул сүйүү жана мээримдүүлүк» – Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси

Азирети Мырза Масрур Ахмад Реджайнада салынган «Махмуд» мечитинин ачылуусун белгилөө максатында өткөрүлгөн атайын кечеде билдирген ой-пикирлери

2016-жылдын 4-ноябрында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) Канаданын Реджайна шаарында жайгашкан «Махмуд» (макталган) мечитинин ачылуусун белгилөө максатында чакырылган атайын кечеде тарыхый кайрылуусун жасады.

Аталган мечит расмий түрдө Улуу Урматтуу Халифа ошол жаңы мечиттен окуган жумалык жума кутбасы менен ачылган эле.

Реджайнада жайгашкан «Рамада Плаза» мейманканасында өткөрүлгөн кечеге Саскачеван облусунун өкмөт башчысы менен бирге 180ден ашуун коноктор катышышты.

Ѳзүнүн кайрылуусунда Ал Азирети мечиттердин чыныгы максат-мүдѳѳлѳрү жѳнүндѳ айтып берди жана Ахмадия Мусулман Жамаатынын үзгүлтүксүз адамзатка кызмат кылууга болгон бекем ниеттүүлүгү жѳнүндѳ сѳз кылды.

Башында Ал Азирети мусулман дүйнѳсүндѳ учурда ѳкүм сүрүп жаткан ахвал жѳнүндѳ токтолуп, анын

«ѳтѳ коркунучтуу жана чыр-чатактуу»

экенин айтты.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Бардыгыбыз ушул акыйкаты жакшы билебиз, кээ бир мусулман террорист топтор пайда болуп калган жана алар ѳтѳ коркунучтуу зулумдуктарды кылып жатышат. Алар бир-бири менен согушуп жатканы менен бирге өздөрүнүн жетекчилери жана башкаруучуларына каршы да согуш жүргүзүп жатышат. Кудум ошондой кээ бир бийликтер да ѳзүнүн жарандарынын акы-укуктарын актарбай калды, натыйжада жикчил топтордун пайда болуп, зордук-зомбулукка каршы көтөрүлүп кетишти».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Ушулардын натыйжасында кээ бир мусулман ѳлкѳрүндѳгү коомчулук бүтүнтѳй талкаланып кетти. ошол элдер зордук-зомбулук жана кыйроочулуктун кандайдыр бир түбѳлүк жана бүтүндѳй маанисиз айланасына батып калышты. Болуп жаткандардын баарын адамзаттын бешенесине түшкѳн кандайдыр бир так эле деп билүү керек».

Ал Азирети мындай деп да айтты: Реджайна жана мындан да аша чаап Саскачеван облусунун жергиликтүү элдин Ахмадий мусулмандар менен жакшы алака-байланыштары бар экендигине карабай, жергиликтүү адамдардын арасында мечиттин ачылуусу ошол алака-байланыштардын жол-жобосун ѳзгѳртүүсү мүмкүн деген кооптонуулар болушу мүмкүн. Ошентсе да, Ал Азирети ошондой коркунучтарга каршы сүйлөп, жергиликтүү адамдарды ынандырды.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Биздин Ахмадий мечиттерде түзүлүп жаткан пландары болгону: биз кыйыналып кеткен жана артта калган адамдардын кайгы-капачылыктарын жана оор ахвалын кантип алып салышыбыз мүмкүн экендигин аныктоо. Биздин иш-пландарыбыз болгону: кыйынчылыктар жана бактысыздык астында калып кеткен үмүтсүз жана жардамсыз адамдардын оор жүктөрүн алып салуу».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Силер ушул мечиттин жарыктыктын мунарасы болуп, мээримдүүлүктүн, кайрымдуулуктун жана берешендиктин эл аралык баалуулуктары менен коомчулукка нур чачып жатканына күбѳ болосуңар. Ушул мечит өзүнүн тынчтыктын, жыргалчылыктын жана бардык адамдарга тынчтык жайы дегендин мыкты символу экенин далилдерин кѳрѳсүңѳр».

Ал Азирети Ислам дининин башкаларга кызмат кылууга болгон бекем шыктуулугу кантип Ыйык Курандын таалимдерине жана Ислам дининин Пайгамбары Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сүннѳтүнѳ негизделгендиги жөнүндө сөз кылды.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын денесинин, клеткасынын жана байланышынын ар бир бөлүкчөсүнөн адамзат үчүн түбөлүктүү ырайымдуулук жана мээримдүүлүк булагы атылып чыгат, ошон үчүн аны ээрчип келе жаткан чыныгы момун-мусулман эч качан арам ой менен же башкаларга зыян келтирүү максатында мечитке кирбейт».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Чыныгы мечит жашоонун ар кандай тармактарындагы бардык адамдардын тынчтыгы үчүн кандайдыр бир кепилчи жана Кудай сактасын, эгер кайсы бир мечит мына ошондой жакшы ой-ниеттер менен курулбаса, анда ал өзүнүн мкасат-мүдөөлөрүн аткарып жаткан жок деп айтыш керек».

Ал Азирети мындай деди: Ахмадия Мусулман Жамааты үзгүлтүксүз адамзатка кызмат кылуу менен алектенип келген жана дүйнөнүн артта калган аймактарында мектептер менен бейтапканаларды салган жана бир топ башка кайрымдуулук проектилерин да баштаган.

Суунун маанилүүлүгү жана аны камсыздоо үчүн Ахмадия Мусулман Жамааты дүйнөнүн өтө алыскы бөлүктөрүндө жасап жаткан аракеттери жөнүндө сүйлөп, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Суу жашоо каражаттары болуп саналат, бирок азыр деле дүйнөнүн көп жерлеринде буга мүмкүнчүлүгү аз же жок адамдар бар. Африка өлкөлөрүндө эгер жаан жааса, алардын көлдөрү толуп кетет, бирок абдан көп кургакчылык бар, натыйжада көлмөлөр кургап калып, суунун олуттуу жетишсиздигине алып келет. Чындыгында, жаан жааган жерде да, айыл жерлеринде же алыскы аймактарда жашаган адамдарда азыр деле таза сууга жетишүү мүмкүнчүлүгү жок, себеби алар колдонуп жаткан көлмө суусу ар кандай бактериялар жана уулуу заттарга булганган».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Анан ал ыплас суунун кудуктарда бар экендиги деген маселе гана болбостон, ал жаш балдарды бир канча чакырымдарга чейин жөө басып, өздөрүнүн ийиндерине суу челектерин көтөрүп алып келүүгө мажбур кылат. Мен өзүм да бир канча жылдары Африкада жашадым жана ошол көрүнүштү өз көздөрүм менен көрдүм. Жаш балдар мектепте болууга тийиш жана эркин болууга тийиш бир убкта биз – жыргалчылык менен Батышта жашагандар үчүн ойго келгис, алардын ыктыярынан тышкары турган оор жагдайда болгон күн тартибине туруктуулук менен чыдоого аргасыз болушууда».

Ал Азирети Африкадагы балдар менен Батыш дүйнөсүндө жашаган балдардын ахвалын салыштырып көрсөттү.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Бул жерде, Батыш дүйнөсүндө бизди көп дегенде кабатырга сала турган нерсе, ар күнү эртең менен балдарыбыз өз убагында мектепке жете алышабы же жокпу? Же буга окшогон майда-барат көйгөйлөр. Мына ушундай маанисиз көйгөйлөр дүйнөнүн артта калган аймактарындагы адамдар үчүн кандайдыр бир жагымдуу түш эле болушу керек. Ал балдар ушул жерде жашаган балдарыбыз ээлеген жеңилдиктерге жетишүү үчүн ар кандай нерсени курман кылууга даяр».

Мына ошондой кыйынчылыктарын алып салуу максатында Ахмадия Мусулман Жамааты алыскы шаарчаларда жана айылдарда күн нуру менен иштөөчү кудуктар менен кол менен иштөөчү кудуктарды орнотуп жатат.

Африка эли мына ошондой кайрымдуулук проектилеринин натыйжаларын көргөн заматындагы көз ирмемдери жөнүндө сөз кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Толугу менен кедейликте жашагандан кийин, биринчи жолу өздөрүнүн босоголорунда таза сууну көрүп, жергиликтүү адамдардын, айрыкча жаш балдардын жүздөрүндөгү таза жана ыктыярсыз кубаныч көрүүгө ылайык нерсе болуп саналат. Себеби, алардын бардык тилектери түштөрү бир учурда аткарылган эле жана алар бүт дүйнөнүн байлыгын алышкан эле».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Биз – Ахмадий мусулмандар мына ошондой адамдарга кызмат кылуу менен сыймыктанабыз, ошондой эле башкаларга жеңилдик жана жыргалдык жеткирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууну кут-береке деп ойлойбуз, анткени бул Ислам дининин жол-жобосу».

Аягында Ал Азирети мындай деди: Ахмадия Мусулман Жамааты Ислам дининин чыныгы таалимдерине амал кылат, ошондой эле «башкаларга кызмат кылуу жана адамзатты бириктирүү» деген чыныгы жихадды кылып жатат.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Биздин жихад – бул кылычтын, мылтыктын же бомбанын жихады эмес. Биздин Жихад – бул зулумдуктун, зомбулуктун жана адилетсиздиктин жихады эмес. Тескерисинче, биздин жихад – бул сүйүүнүн, ырайымдуулуктун жана мээримдүүлүктүн жихады. Биздин жихад – бул сабырдуулуктун, адилеттүүлүктүн жана адамзатка боорукер болуу жихады. Биздин жихад – бул Алла Тааланын жана Анын пенделеринин акы-укуктарын аткаруу жихады».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Эгерде биз кандайдыр бир жихаддык топту түзгөн болсок, аны мыкаачылык чабуулдарды жасап, бейкүнөө адамдарды өлтүрүү же клубдарга, аялдамаларга же кандайдыр бир башка жайларга ыплас террористтик чабуулдарды жасоо үчүн түзгөнүбүз жок, тескерисинче ар убакта бардык жайлардагы бардык адамдардын акы-укуктарын аткаруу максатында түзгөнбүз. Мына ушул максат-мүдөөлөргө жетишүү үчүн биз зордук-зомбулук менен кылыч же өрт мылтыктарын шилтебейбиз, тескерисинче биз тандаган куралдар – бул сүйүү, мээримдүүлүк, боорукерлик жана баарынан да аша чаап дуба».

Буга чейин бир топ коноктор да чогулган меймандарга кайрылышты, алардын катарында Канададагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Улуттук Президенти Лал Хан Малик да куттуктоо сөздөрүн сүйлөдү.

Саскачеван облусунун өкмөт башчысы Брэд Уолл мырза мындай деди:

«Сиз, Азирети ушул жерге келгенден бери жана мындан мурун да «Сүйүү баарына, жек көрүү эч кимге эмес» деген Ахмадмя Мусулман Жамаатынын негизги усулун (принцибин) угуп келе жатабыз. Бул ар кандай маданий айырмачылыктан, ар кандай руханий айырмачылыктан, ар кандай диний айырмачылыктан жогору турган насаат. Ал ар бирибизге тиешелүү кандайдыр бир ченем болуп саналат».

Реджайнанын мэри Майкл Фоугере мырза мындай деди:

«Мен бул жерде болгонума өтө сыймыктанып турам жана Ал Азиретин өз шаарыбызга кабыл алабыз жана ушул жерге келгениңер үчүн силерге ыраазычылык билдиребиз… Биздин шаарыбызды, облусубузду тандаганыңар үчүн силерге ыраазычылык билдирүү үчүн мен Реджайна шаарынын бүтүн элинин атынан сүйлөп жатып өтө чоң кубанычтамын. Шаар катары бизди күчтүү кылып койдуңар».

Реджайна полициясынын башчысы Иван Брей мырза мындай деди:

«Ушул кечеге катышуу өтө чоң сый жана сыймык, ошондой эле бул жаңы мечиттин ачылуусуна катышуу менен бардыгыбыз сыймыктанабыз».

Аталган азем Азирети Мырза Масрур Ахмад алып барган дуба менен аяктады, андан кийин Ал Азирети Ахмадий эмес коноктор менен жекече жолугушту.

Аземден мурун жана кийин Ал Азирети бир топ сыйлуу меймандар жана коноктор менен жекече жолугушту.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via