Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Филадельфияга келди
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Филадельфияга келди

Халифа АКШ мусулман

Азирети Мырза Масрур Ахмад «Байтул-Аафиййат» мечитин ачуу үчүн сапарданды

2018-жылдын 17-октябрында, Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнөлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) «Байтул-Аафиййат» мечитин ачуу үчүн Филдельфияга келди.

Ал Азирети аталган шаардагы биринчи жолку иш сапарында, саат 13:35те «Байтул-Аафиййат» мечитине келди жана жүздөгөн Ахмадий мусулмандар тарабынан тосулуп алынды.

Келгенине көп өтпөй, Ал Азирети пешин менен дигер намазынан мурунураак жаңы мечиттин имааратын көрүп чыкты.

Халифа АКШ мусулман

Кийинчерээк, Ал Азирети өздөрүнүн руханий лидери менен жолугушуу, ошондой эле анын ак батасы жана кеӊешин алуу үчүн ар кандай шаарлардан келишкен жүздөгөн Ахмадий мусулмандар менен өз-өзүнчө жолугушту.

Халифа АКШ мусулман

Ал Азирети ушул жумада окуй турган жума кутбасында мечитти ачуу жана жаӊы мечиттин ачылуусун белгилөө үчүн уюштурула турган атайын кечеге тарыхый кайрылуусун жасайт.

Ал Азирети 2003-жылы Халифа болуп шайлангандан бери азыр төртүнчү жолу АКШга иш сапары менен келди.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via