«Байтул-Футух» мечитинин Башкаруу Блогуна алгачкы ташы коюлду
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

«Байтул-Футух» мечитинин Башкаруу Блогуна алгачкы ташы коюлду

Халифа

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси «Байтул-Футух» мечитинин жаӊы Башкаруу Блогуна алгачкы ташын койду

Ахмадия Мусулман Жамааты өрт чыгуу менен өрттөнүп кеткен башкаруу блогун кайрадан куруп жатат

2018-жылдын 4-мартында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) Лондонго караштуу Морден деген жердеги «Байтул-Футух» мечитинин имаратында жаӊы башкаруу блогуна алгачкы ташын койду.

Ар ар кандай максат үчүн колдонула турган залдар, кеӊселер жана түнөп-жатуу бөлмөлөрүн өз ичине камтыган башкаруу блогу 2015-жылдын сентябрында өрт чыгып, чоӊ залал келтирилген жерлерде кайрадан курулуп жатат.

Аталган мечитте Дигер намазына имамчылык кылгандан кийин Азирети Мырза Масрур Ахмад ал жерге алгачкы ташын койду.

Андан кийин Ал Азиретинин урматтуу жубайы, Азирети Аматул Субух айым, ошондой эле Ахмадия Мусулман Жамаатынын борбордук жана улуттук өкүлдөрү да алгачкы ташын коюшту.

Аталган азем Азирети Мырза Масрур Ахмад алып барган дуба менен аяктады.

Халифа

2015-жылдын октябрында өрт чыккандан кийин окуган жума кутбасында Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп айткан:

«Сабырдуулуктун чыныгы маанисин түшүнүү ар бир нукура момун-мусулман үчүн зарыл. Сабырдуулук – бул көргөн зыянына адам баласынын өкүнүүсү же сар-санаа тартуусу да мүмкүн эмес деген маанини билдирбейт. Тескерисинче, анын мааниси бул – ал кандайдыр бир кыйынчылык же зыян жеткенде, аларды өзүнө жүктөп алып, өзүнүн аӊ-сезимин жана үмүтүн жоготпошу керек».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантат:

«Албетте, айрым учурларда, өкүнүү да табигый нерсе, бирок аны менен бирге, келечекте адам зор бийиктиктерге жетүү максатында калыбына келүүгө жана бекем чечимге келүүгө аракет кылышы керек. Ошентип, бул сыноого кабылганыбызда, биз сабырдуулук менен жана Алла Тааланын алдында саждага жыгылып, ушул мезгилден өтүүгө ант беришибиз керек жана өз иштерибиз менен далилдешибиз керек».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Мен буга чейин айткандай, өрт болгон учурда көп зыян жеткен эле. Ошентсе да, Кудай буюрса, биз жакын арада жакшыраак жана коозураак имаратты куруп, биз чын жүрөктөн «СубхаанАллах» (Аллах Ыйык) жана «МаашаАллах» (Алланын каалоосу менен) деп айтуучу адамдардан болобуз».

Кайра курулуш иштери бир аз убакыттан кийин башталат жана курулуш толугу менен бүтүп, эки жылдын ичинде иштей баштайт деп күтүлүүдө.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Press Secretary AMJ International

Чектеш темалардын мазмуну
Share via