Үч өлкөдөгү Жамия Ахмадиянын диплом тапшыруу аземи
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Үч өлкөдөгү Жамия Ахмадиянын диплом тапшыруу аземи

Англия, Германия жана Канададагы Жамия Ахмадиянын диплом тапшыруу биргелешкен аземи болуп өттү

43 бүтүрүүчү Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчисинин колунан «Шахид» деген дипломду алышты

Ахмадия Мусулман Жамааты өтө чоң кубаныч менен төмөнкүлөрдү билдирет: 2018-жылдын 25-мартында Англиядагы Жамия Ахмадиянын 6-диплом тапшыруу аземи, Канададагы Жамия Ахмадиянын 7-диплом тапшыруу аземи жана Германиядагы Жамия Ахмадиянын 3-диплом тапшыруу аземи Суррейге караштуу Хейзлмирде жайгашкан Англия колледжинин имаратында болуп өттү.

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) аталган аземге төрагалык кылды жана тарыхый кайрылууну жасады.

Аталган аземде Англиядагы Жамия Ахмадиянын 18 бүтүрүүчүсүнө, Канададагы Жамия Ахмадиянын 14 бүтүрүүчүсүнө жана Германиядагы Жамия Ахмадиянын 11 бүтүрүүчүсүнө алардын «Шахид диплому» күбөлүгү Азирети Мырза Масрур Ахмад тарабынан тапшырылды, ошентип алар расмий түрдө Ахмадия Мусулман Жамаатынын миссионерлери жана Имамдары болуп калышты.

Дипломдорду тапшырган соӊ, Азирети Мырза Масрур Ахмад ыймандарды күчтөндүрүүчү кайрылуусун жасап, ал киши жаш имамдарга алар Ислам динине кызмат кылуу максатында өз жашоолорун арноо деген убадасын аткаруулары керек деп эскертти.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Силер өз диниӊерге кызмат кылуу үчүн динге арнаган жашооӊордун максаты эмне? Бул – Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын миссиясын аткаруу үчүн колдон келишинче аракет кылууӊар. Демек, жашооӊордун ар бир көз ирмеминде буга жетишүү үчүн катуу аракет кылышыӊар керек. Эсиӊерде болсун, Ислам дининин чыныгы таалимдерин кайрадан жандандыруу, Алла Тааланын Тавхийдин (Жалгыздыгын) орнотуу жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын чыныгы кабарын бүткүл дүйнөгө жайылтуу Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын миссиясы болгон».

 Ал Азирети мындай деди: коомчулук материализм жана атеисттикти көздөй кетип баратат. Ал киши мындай деди: ушул жагдайды артына кайтаруу жаш имамдар үчүн убакыттын абдан кыйын көйгөйү.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Адамдарды кайрадан Алла Таала жакка алып келүү менен аларды сактап калуу силердин милдетиӊер болуп саналат. Бул максатка жетишүү үчүн жашооӊорду динге арнаган элеӊер, бул үчүн бардык жөндөмдөрүӊөр жана күч-кубатыӊарды ишке салууӊар керек. Эсиӊерде болсун, бул кандайдыр бир жеӊил иш эмес, ошондуктан жан-талашып аракеттенүүлөр керек жана өз аракеттериӊерде тайгаланбашыӊар керек».

 Ал Азирети мындай деди: эӊ биринчи жана эӊ негизги нерсе, имамдар Алла Таала менен болгон жеке алакаларын үзгүлтүксүз өнүктүрүп туруулары керек.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) биздин иштерибиз дубалар менен гана аткарылат деп ачык-айкын айткан жана Алла Таала менен алака-байланыш болгондон кийин гана адам чындап дуба кыла алат. Демек, өзүӊөрдү реформалап-оӊдоо жана өнүктүрүү үчүн кандайдыр бир жеке жихад кылууӊар керек».           

Ал Азирети жаңы бүтүрүүчүлөрдүн көӊүлүн адамдын айтканы менен кылганынын ортосунда биримдиктин маанилүүлүгүнө бургузуп, силердин айткандарыӊар силердин кылгандарыӊарга ылайык келүү керек деп айтты.

 Ал Азирети Курани Каримдин 61-сүрөөсүнүн 4-аятын окуп, өзүнүн пикирине басым жасады, ал аят төмөндөгүдөй:

«Өзүӊөр кылбаганыӊарды айтканыӊар Алла Тааланын назарында өтө чоӊ күнөө».

 Ал Азирети мындай деди: өздөрүнүн жеке жашоолорунда эӊ мыкты адеп-ахлактарды көрсөтүү имам-хатибдердин милдети болуп саналат.

 Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Үй-бүлө мүчөлөрүӊөргө мамиле кылып жатканыӊарда, адеп-ахлактардын эӊ бийик үлгүсүн көрсөтүүӊөр керек. Эгерде силер үй-бүлөлүк көйгөйлөрдү кантип чечүүбүз керек, ошондой эле жубайлардын ортосунда жана балдар менен жакшы алака-байланышты кантип жаратуубуз керек деп кайрылуу жасап жаткан болсоӊор, бирок ошол эле учурда өзүӊөр айтып жатканыӊарга амал кылбасаӊар, анда айтканыӊар текке кетет жана ал такыр эле өз таасирин көрсөтпөйт. Ошондуктан, имам-хатиб болуу силерге кандайдыр бир маанилүү жүк жана кандайдыр бир жеке чоӊ жоопкерчиликти жүктөйт».

Дубалардын канчалык маанилyy экенин айтып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Бүгүнкү күндө дүйнө Алла Таала менен жандуу мамиледе болгондорго жана Анын жаратылышына камкор болгон адамдарга муктаж болуп жатат. Дүйнө адамдарды материализмдин жарына кулап түшүүдөн сактай ала турган адамдарга муктаж. Буга жетишүү үчүн биз жалынып-жалбаруу маанайынан турган дубалардын күчүнө таянышыбыз керек».

 Ал Азирети ырайымдуулук жана мээримдүүлүктүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, баардык адамдарга жакшылыкты каалоо Ислам дининин ажырагыс бир бөлүгү экенин айтты.

 Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Көптөгөн жаманчылыктар жана чыр-чатактар адамдардын башкалар жөнүндө жаман ойго барарынан келип чыгат. Эгер башкалар силер жөнүндө жаман ойго барышса да, силерге катуу мамиле кылышса да, силер аларга ошондой ыкмада жооп кайтарбашыӊар керек. Анын ордуна силер алар жөнүндө туура ойго эле барышыӊар керек жана даанышмандуулук менен аларга жол көрсөтүшүӊөр керек, натыйжада алар өздөрүнүн ыкмасынын туура эмес экенин сезип, өздөрүнүн жүрөктөрүндө бар нерсенин жаман ой экенин билип алышсын. Силердин өз жүрөктөрүӊөр башкалар жөнүндө жакшы ойлорго толгондон кийин гана мына ошондой болушу мүмкүн».

 Өз кайрылуусун аяктап жатып, Ал Азирети мындай деп дуба кылган:

«Алла Таала силерге чын жүрөктөн жана берилгендик менен Ислам дини үчүн арнаган жашоолоруӊардын максаттарын аткарууга күч-кубат берсин. Алла Таала силерди өздөрүнүн ишенимин баардык дүйнөлүк иштерден жогору коё тургандардын жандуу мисалына айландырсын».

Башка чогуу түшкөн сүрөттөр

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Press Secretary AMJ International

Share via