Индонезиядагы Жамия Ахмадиянын студенттеринин тарыхый жолугушуусу
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Индонезиядагы Жамия Ахмадиянын студенттеринин тарыхый жолугушуусу

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар индонезия

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Индонезиядагы Жамия Ахмадия менен тарыхый сабак өттүү

«Биз курал көтөргөн, мылтык же бычак кармаган адамдардан эмеспиз, тескерисинче, биз намазда Аллах Тааланын алдында саждага жыгылган адамдарданбыз …», – Азирети Мырза Масрур Ахмад.

2020-жылдын 31-октябрында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Дүйнөлүк Башчысы Бешинчи Халифа жүздөн ашуун студенттер жана Индонезиядагы Жамия Ахмадия[1]ны жаңы бүтүргөн миссионерлер менен жетимиш беш мүнөттүк онлайн сабагын өткөрдү.

Индонезиядагы Ахмадий мусулмандар өз элинен Ал Азирети менен биринчи жолу жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту жана Ал Азирети Индонезиядагы Жамия Ахмадия менен биринчи жолу сабак өттү. Ошентип, тарбияланып жаткандар жана жаңы бүткөн миссионерлер өздөрүнүн руханий жана диний лидери менен чогуу жолугушуп, жетекчилик жана батасын алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Ал Азирети Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан кеңсесинен жолугушууну алып барды, ал эми Индонезиядагы Жамия Ахмадия Университетинин студенттери жана мугалимдери Индонезиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын улуттук штабы болгон «Масжид Ан-Наср» мечитиндеги «Байтул Аафият» (Лажна Холл) залында чогулушту.

Иш-чара Ыйык Курандын аяттарын окуу жана анын котормосу менен башталып, андан соң диний ыр ырдалып, жана Халифаттын кут-берекелери жөнүндө кайрылуу болду.

Азирети Мырза Масрур Ахмадга мечит комплексинин абадагы кадрлары да көрсөтүлдү, Ал Азирети мындай деди:

«Мечит жайгашкан жер абдан кооз көрүнөт. Менин байкашымча, Индонезия жалпысынан абдан кооз жана жагымдуу өлкө окшойт. Эгерде сиздердин өлкөӊөрдөгү Ахмадий эмес диний уламалар жана бийлик өкүлдөрү жердин кооздугуна окшошуп кетишсе, анда келечекте Индонезияга баруум мүмкүн, ИншаАллах [Кудай буюрса]. Бул үчүн силер дуба кылышыңар керек», – деди.

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар индонезия

Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)ды шылдыңдаган же жаманатты кылгысы келгендерге кандай жооп кайтаруу керек деген суроого Ал Азирети ушул доордо Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам) гана адилетсиз бутага алынбай, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын саламы жана салаваттары болсун) дагы Ислам жана диндин каршылаштары тарабынан ырайымсыздык кол салууларга учурап жатат деди.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Билип туруп жана кара ниеттик менен Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) же Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)ды бутага алгандарга бул жашоодо дагы, акыретте дагы Аллах Таала Өзү мамиле кылат. Биздин жообубузга келе турган болсок, Ахмадий мусулмандар катары биз Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) үйрөткөн нерселерге баш ийишибиз керек. Ал өз жолдоочуларына кыйынчылыктарга карабай, чыдамдуулук көрсөтүү керектигин айткан. Ал биз эч качан күчкө же ырайымсыздыкка кайра ошондой жол менен жооп бербешибиз керектигин жана жүрөгүбүздө аны канчалык сүйсөк дагы, башкалар аны шылдыңдап же жаманатты кылганда, эч качан зордукзомбулукка барбашыбыз керектигин айткан».

Азирети Мырза Масрур Ахмад сөзүн мындай деп улады:

«Албетте, биз башкаларга караганда, а түгүл Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дан дагы көбүрөөк сүйгөн куттуу инсанСүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) жана ушул күндөрү Францияда жана башка Европа өлкөлөрүндө Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)ды шылдыңдаган карикатуралар жарыяланып жатат. Буга кандай жооп кайтарышыбыз керек? Демек, биз Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)га Дуруудду (салаваатты) мурункуга караганда көбүрөөк жана күчтүү жалындуулук менен окушубуз керек. Эсиӊерде болсун, Дуруудду (салаваатты) жолдогонбузда, биз Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)дын руханий тукумдары үчүн дуба кылып жаткан болобуз жана анын руханий тукумдарынын арасында эң жогорку даражада Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам) турат. Ошентип, адамдар Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)ды же Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)ды шылдыңдашканда, Дурууд (салаваат) менен жооп берүү биздин милдетибиз».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп кошумчалады:

«Мындан тышкары, шылдыңдагандар табигый түрдө унчукпай калышсын деп, биз алардын мазактоолоруна жооп катары ар бир кадамда Исламдын чыныгы окууларын мисал келтирип, тынчтык жолу менен жооп беришибиз үчүн, биз эң жогорку адеп-ахлак нормаларын сакташыбыз керек. Алар Ахмадий мусулмандар коомчулукта тынчтыкты, сүйүүнү жана толеранттуулукту жайылтуучулар экендигин көрүшөт. Алар бизге карата жек көрүүчүлүк менен сүйлөшүшсө, ага жооп катары биз сүйүү жана боорукердик менен жооп берээрибизди түшүнүшөт. Чындыгында, бул Курани Каримдин үйрөткөн реакциясы».

Андан ары улантып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Демек, биздин жообубуз ушул жана ушундай болушу керек, биз руханий жактан оңолуп, өзүбүздү өркүндөтүп, Аллах Тааланын алдында саждага жыгылып, Ислам динине каршы чыккандар биздин сүйүктүүлөрүбүздүУбада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) жана даража-мартаба жагынан бүткүл адамзаттын эң бийиги болгон инсанИсламдын Пайгамбары (саллаллааху алайхи ва саллам)ды мазактоодон алыс болушсун деп дуба кылышыбыз керек. Эсиңерде болсун, биз каалаган нерсени бир гана Аллах Тааладан сурашыбыз керек. Кандайдыр бир күч же катаалдыкты колдонуу биз үчүн мүмкүн эмес. Биз курал көтөргөн, мылтык же бычак кармаган адамдардан эмеспиз, ал эми Аллах Тааланын алдында сыйынып, руханий жана адеп-ахлактык жактан өсүп, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)га тынчтыкты жолдогон адамдарбыз».

Жамия Ахмадиянын дагы бир окуучусу Ахмадия Мусулман Жамааты 2025-жылы өзүнүн жүз жылдык мааракесин белгилей тургандыгын белгилеп, Хузурдан бул иш-чараны кандайча белгилөө керектигин жана Аллах Таалага канчалык деңгээлде ыраазычылык билдире алаары жөнүндө жетекчиликти суранды.

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар индонезия

Бул тууралуу Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Индонезиядагы Ахмадия Мусулман Жамааты өзүнүн 100 жылдык мааракесин белгилөө үчүн алдыдагы беш жыл ичинде кеминде 100000 адамды Ахмадия Мусулман Жамаатына алып келиүүнү максат кылышы керек. Мындан тышкары, силердин өлкөңөрдөгү ар бир Ахмадий мусулман жамаат намазын үзгүлтүксүз окуучу болуп калышы керек. Индонезиядагы ар бир Ахмадий мусулман Ыйык Куранды үзгүлтүксүз окуучу болуп калышы керек. Индонезиядагы ар бир Ахмадий мусулман Ахмадия Мусулман Жамаатынын Халифаты менен тыгыз байланышта болуп калышы керек. Ар бир Ахмадий мусулман Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)га Дурууд (салаваат) жолдогон адам болуп калышы керек. Эгер силер мунун баарына жетишсеңер, анда силер көп нерсеге жетишкен болосуӊар».

Жамия Ахмадиянын дагы бир нече студенттери Ал Азиретиден студенттердин келечектеги ийгиликтери үчүн дуба кылуу менен жолугушууну аяктаганга чейин Ал Азирети менен сүйлөшүп, андан жетекчилик алуу сыймыгына ээ болушту.

Азирети Мырза Масрур Ахмад акыркы сөзүндө мындай деди:

«Аллах Таала баарыңарды сактасын. Ал бардык Жамия Ахмадия студенттерин окууларында ийгиликке жеткирсин жана Ахмадия Мусулман Жамаатынын үлгүлүү миссионерлери болушуӊарга мүмкүнчүлүк берсин. Бардыгыңыздар биздин Жамаатыбыздын сыймыгы болуп, Ахмадия Мусулман Жамаатынын жайылуусунда мыкты роль ойноо күч-кубатын берсин. Силерге өзүңөрдүн улутуңардын ар кайсы бурчуна жана анын чегинен тышкары жакка Ислам дининин кооз таалимдерин жайылтуу мүмкүнчүлүгүн берсин. Аллах Таала баарыңыздарга ушул иште ийгиликке жеткирсин. Амин».

**************

[1] Индонезияда жайгашкан Ахмадий мусулман миссионерлерди даярдоочу диний окуу жайы.

Share via