Пакистанда Ахмадийлерге болгон кол салуунун айынан бир адам өлдү
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Пакистанда Ахмадийлерге болгон кол салуунун айынан бир адам өлдү

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар гүлдөр

(Пресс-релиз -Назаарат Умур Аама – Садр Анжуман Ахмадия Рабвах)

♦ Нанкана Сахиб: Ахмадий сыйынуучуларга жасалган кол салуунун айынан бир адам өлүп, 3 адам жаракат алды.

♦ Ахмадия үй-бүлө мүчөлөрү кол салуу болгондо, Нанкана Сахиб районуна караштуу «Мурх Балочан» деген айылдагы үйүндө жума намазын окуу үчүн чогулушкан болчу.

♦ 31 жаштагы доктор Тахир Ахмад атылып өлтүрүлдү, ал эми атасы Тарик Ахмад оор жаракат алып, учурда өз өмүрү үчүн күрөшүп жатат.

♦ Пакистандагы Ахмадийлер зомбулукка жана өлүмгө ачыктан-ачык түрткү кылган уюшулган жек көрүүчүлүк тобунун бутасына кабылышууда.

♦ Мамлекет адаттагыдай эле Пакистанда жашаган Ахмадийлердин башына түшкөн мүшкүлгө көз жумуп отурат: Ахмадия Жамаатынын өкүлү.

♦ Бул ушул жылы эле ишениминин айынан өлтүрүлгөн 5-Ахмадий жана 4 айдын ичинде 4-Ахмадий өлтүрүлдү.

Ченаб Нагар (PR): Пенджаб облусуна караштуу «Нанкана Сахиб» районундагы «Мурх Балочан» айылындагы бир үйгө күндүз катуу кол салуу болуп, натыйжада 31 жаштагы Ахмадий Тахир Ахмад каза болуп, дагы 3 адам жаракат алышты. Кол салуу бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү өз үйүндө жума намазын окуу үчүн чогулушканда болгон. Алар (намазын) бүтүп, чыгып келе жатышканда, өспүрүм жаштагы бир бала аларга ок чыгарган. Доктор Тахир Ахмад, анын атасы Тарик Ахмад жана анын эки тууганына ок тийген. Тарик Ахмаддын абалы оор, ал эми калган эки жаракат алуучунун абалы туруктуу. Тарик Ахмад 55 жашта жана ал өмүрүн сактап калуу үчүн дарылануудан өтүп жатат.

Ахмадия Жамаатынын өкүлү Салийм-уд-дин мырза Тахир Ахмаддын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты. Ошондой эле, ал Тарик мырзанын абалы оор экендигин эскерип, жаракат алган калган эки жаранды жана катуу жабыркаган үй-бүлө мүчөлөрү үчүн дуба кылууну суранды.

Салийм-уд-дин мырза Ахмадияга каршы жек көрүү өнөктүгү жана ушул аймактарда зомбулукка үндөө толкуну болуп жаткандыгын да баса белгиледи. Айрым иш-чараларда сөз сүйлөгөндөр Ахмадийлерди өлтүрүүгө катышуучуларды ачыктан-ачык тукурушкан. Акыркы бир нече айларда Ахмадия Жамаатынын мүчөлөрү акыйда жана ишенимине байланыштуу көбүрөөк бутага алынышууда. Ошол эле учурда өкмөт мындай иш-чараларга көз жумуп отурат. Бул 4 ай ичиндеги ишеними үчүн өлтүрүлгөн 4-Ахмадий. Ахмадийлер жаракат алышып же мүлкүн олуттуу жоготууга учураган дагы башка көптөгөн зомбулук окуялары бар.

Пакистандын өкмөтү жазасыз иштеп жаткан жек көрүүчүлөрдүн үстүнөн бийлик жүргүзө турган мезгил келди. Ошол эле учурда, өкмөт социалдык тармактарда кеӊири колдонулуп келаткан жек көрүү өнөктүгү жөнүндө өзүнүн мыйзамдарын ишке ашырышы керек. Пакистандагы ар бир жарандын жанын коргоо жана коопсуздугу өкмөттүн милдети жана Ахмадийлер ушул өлкөнүн мыйзамына баш ийген жарандар катары Пакистандын башка жарандары сыяктуу эле укуктарга жана коргоого ээ болушу керек.

Аягы

Чектеш темалардын мазмуну
Share via