Ахмадиянын Башчысы Канаданын Премьер-министринин пикирин мактады
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадиянын Башчысы Канаданын Премьер-министринин пикирин мактады

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар канада Премьер-министри

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Дүйнөлүк Башчысы Канаданын Премьер-министринин сөз эркиндигине байланыштуу комментарийлерин жылуу кабыл алды

Ахмадия Мусулман Жамааты Канаданын премьер-министри Джастин Трюдонун сөз эркиндиги укугун жоопкерчилик менен пайдалануунун маанилүүлүгүнө байланыштуу айткан акыркы комментарийлерин кубаттайт жана баалайт.

Жакында эле жалпыга маалымдоо каражаттары билдиргендей, жакында сөз эркиндигине диндерди же диний лидерлерди мазактоого же шылдыңдоого жол берилиши керекпи деген суроого Трюдо мырза мындай жооп берди:

«Биз сөз эркиндигин ар дайым коргойбуз, бирок сөз эркиндигинин да чеги болушу керек. Биз башкаларды урматтоо менен иш алып барууга, ошондой эле биз менен чогуу жашап келе жаткан коом жана планетадагы адамдарга билип туруп же себепсиз зыян келтирбөөгө өзүбүздү милдеттендиришибиз керек. Маселен, эл көп чогулган кинотеатрда «өрт» деп кыйкырганга укугубуз жок, ар дайым чеги болот. Биздикине окшош плюралистик, ар түрдүү жана урматтуу коомдо биз сөздөрүбүздүн, иш-аракеттерибиздин башкаларга, айрыкча ушул кезге чейин көп дискриминацияга дуушар болуп жаткан жамааттарга жана калкка тийгизген таасири жөнүндө  сак болушубуз керек».[I]

Ахмадия Мусулман Жамааты премьер-министр Трюдону динди ыйык тутууну улантып жаткандарды коргоого тайманбастык менен кайрылгандыгы үчүн мактайт.

Трюдо мырзанын айткандарына жооп кылып, Ахмадия Мусулман Жамаатынын Дүйнөлүк Башчысы Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Мен Канаданын премьер-министринин сөз эркиндигинин белгилүү бир чектери болушу керектиги жөнүндө айткандарын абдан баалайм. Бул коомчулукта тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоонун туура жолу деп эсептейм. Албетте, мен ар дайым ишенимиме таянып, христиан, иудейлер, индустар, мусулмандар же башка ишенимди тутунгандар болобу, кандайдыр бир адамдардын диний сезимдерин себепсиз козутуп, таарынтуу туура эмес деп ишенем.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай дейт:

«Мен миллиондогон мусулмандардын диний сезимдери оор жаракат алганда, бул мусулман коомчулугунун нааразычылыгына алып келиши мүмкүн деп көп жолу айткам. Эң өкүнүчтүүсү, жакынкы тарых көрсөткөндөй, Ислам дининин окууларын аёосуз бузуп, экстремисттик маанайда реакция кылган мусулмандар деп аталган азчылыктын ар дайым боло тургандыгы көрүнүп турат, муну жакында Францияда да байкадык. Өз кезегинде, бул сөз эркиндигин кандай гана болбосун, коргоону көздөгөндөргө дем-күч берет, ошондуктан бул кастык айлампасы дагы эле токтобой айланып, ал эми мусулмандар менен коомчулуктун калган мүчөлөрүнүн ортосундагы ажырым тереңдей берүүдө. Ошондуктан, бизге зордук-зомбулук көрсөткөн реакцияны айыптап эле тим болбостон, биздин эркиндиктерибизди жана укуктарыбызды колдонууда башкаларды ачуулантуу же тынчсыздандыруу үчүн колдонбоо керектигин түшүнгөн лидерлер керек. Ушуга байланыштуу, мен Трюдо мырзага чын жүрөктөн ыраазычылыгымды билдирем жана башка дүйнөлүк лидерлердин да бардык диндердин адамдарынын сезимдери корголгон, бирдиктүү коомду куруунун маанилүүлүгүн түшүнүшү маанилүү экендигин моюндарына алышат деп дуба кылам».

(Эскертүү: Бул Пресс-Релиздеги сүрөт 2016-жылы тартылган)

[1] https://www.msn.com/en-us/news/world/free-speech-has-limits-canada-s-trudeau-says/ar-BB1ayic0

Чектеш темалардын мазмуну
Share via