Эл Ахмадия мечитине кол салып, анын мунараларын талкалады
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Музаффаргарх районуна караштуу № 604 (TDA) айылындагы Ахмадия мечитине ачууланган эл кол салды, мунаралары менен михрабын талкалады

  • Ачууланган топ Музаффаргарх районуна караштуу № 604 (TDA) айылындагы Ахмадия мечитине полициянын көзүнчө кол салып, 35 жылдык мечиттин мунаралары жана михрабын сындырды
  • Өткөн айда Гужранвала районунун полициясы дагы бейбаш-козголоӊчу адамдарга «жагынуу» үчүн мыйзамсыз аракет жасап, Ахмадия мечитинин мунараларын бузушкан эле
  • Жогорку Соттун 2014-жылдагы бардык диний жамааттардын сыйынуучу жайларын коргоо боюнча чечими четке кагылды
  • Пенжабдагы мамлекеттик кызматкерлер бейбаш-козголоӊчуларга «жагынуу» үчүн мыйзамсыз аракеттерди көрүп жатышат: Пакистандагы Ахмадия Жамаатынын өкүлү

Ченабнагар (ПР) кече күнү ачууланган топ милициянын көз алдында Музаффаргарх районундагы Чаук Сарвар милициясына караштуу № 604 (TDA) айылындагы Ахмадия мечитинин мунаралары менен михрабын талкалап салышты. Андан кийин полиция мыйзамсыз аракет жасап, ал жерде турган беш бейкүнөө Ахмадийди эч жүйөсүз кармап алып кетишти.

Пакистандагы Ахмадия Жамаатынын өкүлү полиция кызматкерлери катышкан топ тарабынан мунаралар жана михрабдын талкаланышын кескин айыптап, бул окуя Пакистандагы Ахмадийлердин адам укуктарынын абалын чагылдырып турат, башкача айтканда Ахмадийлердин жаны жана мал-мүлкү гана эмес, Ахмадийлердин мечиттери да коопсуздукта эмес деп билдирди.

Талкаланган мечит

Пакистандын Жогорку Сотунун 2014-жылдагы тарыхый чечимине токтолуп, ал киши Жогорку Сот Пакистанда жашаган диний жамааттардын сыйынуучу жайларын коргоо боюнча сегиз пункттан турган көрсөтмөлөрдү чыгарганын айтты. Өкүл Ахмадия мечитинин мунаралары менен михрабынын полициянын катышуусунда бузулушун Пакистандын Конституциясынын 20-беренеси жана Жогорку Соттун чечимин бузуу аракети деп атап, өткөн айда Гужранвала районуна караштуу Гармула Виркан айылында дагы бейбаш-козголоӊчуларга «жагынуу» үчүн мыйзамсыз түрдө Ахмадия мечитинин мунаралары талкаланган деп айтты. Аталган өкүл полицияны мыйзамсыз иш-аракеттерден тыйып, айыптоосуз кармалган беш Ахмадийди бошотууну талап кылды.

٭…٭…٭

Чектеш темалардын мазмуну
Share via