Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Швецияда жасаган тарыхый кайрылуусунда качкындар кризис жөнүндө да сүйлөдү
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Швецияда жасаган тарыхый кайрылуусунда качкындар кризис жөнүндө да сүйлөдү

Азирети Мырза Масрур Ахмад Стокгольм шаарына жасаган тарыхый иш сапарын белгилөө үчүн өткөрүлгөн кечеге кайрылуу жасады

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнөлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын 5-Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) 2016-жылдын 17-майында Швециянын борбору Стокгольм шаарына жасаган биринчи иш сапарын белгилөө үчүн атайын уюштурулган кечеге тарыхый кайрылуусун жасады.

60тан ашуун сыйлуу коноктор жана меймандар, алардын катарында Парламент депутаттары дагы, Стокгольм шаарынын борборунда жайгашкан «Шератон» мейманканасында өткөрүлгөн кечеге катышышты.

2016-05-17-SE-Stockholm-Reception-002

Өзүнүн кайрылуусунда Азирети Мырза Масрур Ахмад былтырдан бери Епропага ишенимсиздик жана туруксуздукту тараткан качкындар кризиси жөнүндө кеңири сөз кылды.

Швеция өкмөтүнүн миңдеген качкындарды кабыл алуудагы «айкөлдүктөрүн» мактап, Улуу Урматтуу Халифа мындай деди: качкындар аларды өзүнө кабыл алган коомдорго чынчыл болуулары керек жана мүмкүн болушунча тезирээк коомчулук иштерине катышууга аракеттенүүлөрү зарыл. Улуу Урматтуу Халифа БУУну жана дүйнөдөгү ири күчтөрдү адилеттүүлүк менен иш жүргүзүүгө, ошондой эле дүйнөдө чыныгы жана түбөлүктүү тынчтыкты орнотууга аракет кылуусуна да чакырды.

2016-05-17-SE-Stockholm-Reception-003

Сирия жана Ирактан качкындардын Европага болгон күтүүсүз агымы жөнүндө сүйлөп жатып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ушул качкындар тынчтыкты издөө үчүн өздөрүнүн мурунку жашоолорун ташташты жана азыр ушул жерде башпаанек жана коопсуздукка жетишишти, эми ушул жерде тынч жашоо жана өлкө мыйзамдарын сыйлоо алардын милдети болуп саналат. Бардык мигранттар аларды кабыл алган улуттарга чынчыл болуулары керек, ошондой эле алар өздөрүнүн өлкөлөрүн өнүктүрөөгө жана гүлдөтүүгө өз жөндөмдүүлүктөрүн жумшоолору зарыл».

Улуу Урматтуу Халифа мындай деди: качкындарга жергиликтүү жарандарга караганда артыкча мамиле жасалбоо керек, анткени бул нерсе жалпы коомчулукта нааразычылыкты жана тынчсызданууну жаратышы мүмкүн.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Швециялыктар илгертеден бери өздөрүнүн айкөлдүгү жана ачык көңүлдүгү менен таанылмал, бирок аларга каршы болгон дискриминация алардын мүнөзүн өзгөртүүгө түрткү болуп, коомчулуктун тынчын бузуп, ага кандайдыр бир коркунуч алып келүүсү мүмкүн. Бул нерсенин баары интеграция жана миграциянын оң-позитивдүү түшүмүн алуунун ордуна чыр-чатак жана жек көрүүнү пайда кылышы мүмкүн».

2016-05-17-SE-Stockholm-Reception-004

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Көптөгөн качкындарды өзүнө сиңдирүү өтө эле назик маселе, аны өтө эле этияттык менен уюштуруу керек, анткени эгер жергиликтүү адамдар тарапта кандайдыр бир нааразылык пайда болсо, ал кандайдыр бир коркунучтуу чынжыр реакциясына алып барышы мүмкүн. Эгер жергиликтүү адамдар качкындарга душман болуп калышса, анда анын натыйжасы мигранттардын чектен чыгуусуна алып барышы мүмкүн. Башкалардан бөлүнүп калган кээ бир качкындар экстремисттер аркылуу радикалдашуусу мүмкүн. Кудай сактасын, эгер ушул экстремисттердин аз эле кишилерди радыкалдаштырып алуусу дагы, ушул коомдун тынчтыгын, коопсуздугун жана ийгиликтүүлүгүнө чоң коркунуч туудуруп, аны бузушу мүмкүн».

Улуу Урматтуу Халифа мусулман уламалар качкындарды Ислам дининин чыныгы таалимдеринин негизинде туура багыттоодо жооптуу болуулары керек деп да айтты.

2016-05-17-SE-Stockholm-Reception-005

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ислам дини мусулмандардан өз өлкөсүн сүйүүнү, ага чын болууну жана өлкө мыйзамдарын сыйлоону талап кылат. Ушул кабарды имам-хатибдер жана мусулман уламалар Батышка келе турган бардык мусулман качкындарга жеткирүүлөрү керек. Алар жашоодо экинчи жолу жашоо, ошондой эле согуш жана баш аламандык жок өлкөдө балдарын чоңойтуп-өстүрүү мүмкүнчүлүгү берилгендиги тууралуу эскертилип туруулары лаазым жана алар жаңы үйүн баалап, аны коргоолору керек».

Кийинчерээк өзүнүн кайрылуусунда Улуу Урматтуу Халифа Ислам дини дин маселесинде кандайдыр бир экстремизм же зордук-зомбулукка уруксат берет деген жалааларды жокко чыгаруу үчүн Курани Каримден кенен мисалдарды келтирди.

Улуу Урматтуу Халифа адамдар өздөрүнүн ант-убадаларын жана келишимдерин аткаруу керектигин айткан Курани Каримдин 23-сүрөөсүнүн 9-аятын мисал катары келтирди. Улуу Урматтуу Халифа бул бардык адамдар жана улуттар үчүн

«эл аралык принцип»

болушу керек деп ойлойм деди.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Бардык өкмөттөр жана эл аралык мекемелер ар кандай келишимдерди түзүшкөн жана алардын төбөлдөрү ошол келишимдерди ишенимдүүлүк, бирдиктүүлүк жана адилеттүүлүк менен аткаруу керектигин ишендирүү алардын милдети болуп саналат. Өз адамдарына кызмат кылуу жана өз улуттарынын келечегин коргоо – бул окмөттөрдүн жана саясатчылардын милдети жана алар ушул жоопкерчиликти жеңил жүк деп түшүнбөөлөрү керек».

2016-05-17-SE-Stockholm-Reception-006

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«БУУнун келишимдеринде белгиленген негизги максат-мүдөөлөр – бул «келечек муундарын согуштун кырсыгынан сактоо», «тынчтык менен чогуу жашоо», «эл аралык тынчтык жана коопсуздукту туруктуу бойдон кармоо». БУУнун келишиминде айрыкча мындай деп айтылат: XX кылымда адамзат кетирген каталардын айынан эки Дүйнөлүк Согушка алып барган каталардан сактоо. Мына ушул чоң жоопкерчиликти моюнга алган соң БУУ өзүнүн ошол баа жеткис максат-мүдөөлөрүн ишке ашырууга аракет кылуусу керек жана мезгилибиздеги эң маанилүү көйгөй катары дүйнөнүн тынчтыгын чынында жогору коюусу керек».   

Улуу Урматтуу Халифа дүйнө Алла Тааладан алыстап, кыйроочу дүйнөлүк согушту көздөй жылып баратат деген кабатырлануусун кайталап, өз сөзүн аяктады.

2016-05-17-SE-Stockholm-Reception-007

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«(Дүйнөлүк) согуштун акыбеттери жөнүндө а түгүл ойлоп көрүү да кыйын. Өз артыбызда келечек муундарыбыздын жана кийинки тукумдарыбыздын жашоосу үчүн жакшы дүйнөнү калтырууну каалайбызбы деген суроону бардыгыбыз өз алдыбызга коюубуз керек. Же согуш, кан төгүү жана айтып болбос кайгы жана оорчулукту мурас катары калтырууну каалайбызбы?»

Буга чейин аталган кечеде Швециядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Улуттук президенти – Мамунур-Рашийд мырза саламдашуу кайрылуусу жасаган, андан кийин Швеция парламентинин депутаттары өз ой-пикирлерин билдиришкен.

Социалдык-демократиялык партиянын депутаты – Гиллеви Ларссон мындай деди:

«Мен Ахмадия Мусулман Жамаатынын мүчөлөрүнө эмнеге чабуулдар жасалып жатканына айран-таң калам, анткени силер тынчтыктын кабарын жайылтуудасыңар. Мисалы, 2010-жылы Пакистандын Лахор шаарында 86 Ахмадий мусулмандар өлтүрүлгөн. Мага катуу таасир кыла турган нерсе – силер эч качан өч албайсыңар. Силер катуу жек көрүүгө кабылып да, катуу сүйүү менен жооп кайтарасыңар. Силерге каршы канчалык көп согуш болсо, силер ошончо көп тынчтык алып келесиңер».

Грийн Партиясынын депутаты – Валтер Мутт мындай деди:

«Тынчтык менен баарына жетишүү мүмкүн, бирок тынчтыксыз эч нерсеге жетишүү мүмкүн эмес. Силер – Ахмадийлер кээ бир саясатчылар сыяктуу тек тынчтык жөнүндө сүйлөбөстөн, силер чынында аны көздөй иштеп жатасыңар».

2016-05-17-SE-Stockholm-Reception-008

Либерал Партиясынын депутаты – Бенгт Элиассон мындай деди:

«Келгиле, ушул кечени тынчтыктын, өз ара түшунүүнүн, демократиянын жана теңдүүлүктүн кечеси деп белгилейли. Мен Ахмадия Мусулман Жамаатына мени ушул тынчтык жана өз ара түшүнүү кечесине катышуу мүмкүнчүлүгүн бергендиги үчүн ыраазычылык билдирем».

Аталган кече Азирети Мырза Масрур Ахмад алып барган тынч сыйынуусу менен аяктады, андан кийин Улуу Урматтуу Халифа коноктор менен жекеме-жеке жолугушту.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via