Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Англиянын 49-Жалса Саланасына жасаган соңку кайрылуусунда Исламга сын-пикир билдирүүчүлөрдү эрегишке чакырды
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Англиянын 49-Жалса Саланасына жасаган соңку кайрылуусунда Исламга сын-пикир билдирүүчүлөрдү эрегишке чакырды

96 өлкөдөн келген 35,000ден ашуун өкүлдөр катышышты

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) дүйнөлүк көйгөйлөрдү динге таңуулап, Исламга сын-пикир билдирүүчүлөргө күчтүү жана авторитеттүү түрдө жооп кайтарды.

Ал киши 2015-жылдын 23-августунда базар күнү Англиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын 49-Жалса Саланасына (Жылдык Жыйын) жасаган соңку кайрылуусунда жогорудагы ой-пикирлерди айтты.

2015-08-23-Jalsa-UK-002

Хэмпширге караштуу «Хадийкатул-Махдий» (Махдийдин багы) деген жерге чогулушкан 35,000ден ашуун угармандардын алдында  Ислам дининин чыныгы таалимдерин туш тараптан коргоп жатып, ал киши терроризм жана экстремизмдин бардык көрүнүштөрүн сынга алып, Ислам таалимдерине бүтүндөй каршы экенин айтты.

Быйыл 96 өлкөдөн келген делегаттар Жалса Саланага катышышты. Миңдеген Ахмадий мусулмандардан тышкары өтө көп Ахмадий эмес мусулмандар жана мусулман эмес коноктор жана сыйлуулар ушул үч күндүк аземге катышышты.

Жалса Салананын өзгөчө окуяларынын бири – бул базар күнү боло турган Байъат деп тааныла турган ант берүү аземи, анда катышкандар Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмаддын (Алла таала ага Жардамчы болсун) колуна Байъат (ант) беришет. Катышкандар Халифага чейин адамдардан турган чынжырды түзүп, ант сөздөрүн чогуу кайталашты.

2015-08-23-Jalsa-UK-003

Азирети Мырза Масрур Ахмад өзүнүн соңку кайрылуусунда баш аламандыктын же согуштун себеби дин деген түшүнүктү четке какты.

Ал киши мындай деди: Ислам динин баш аламандыктын дини деп билдиргендердин арасында Экинчи Дүйнөлүк Согуштун учурунда Жапанга каршы колдонулган атомдук куралды орундуу деп айта турган, ошондой эле миңдеген күнөөсүз адамдардын өмүрүн алган 2011-жылы Ливияга жана 2003-жылы Иракка жасалган ийгиликсиз аскердик чабуулдарды колдогондор да бар.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Өнүккөн дүйнөдө көптөгөн адамдар дүйнөдөгү баш аламандыктын негизги себеби дин экен деп ойлошот, бул диндин өзүн туура эмес түшүнгөндүгү. Биз дүйнөдө көрүп турган баш аламандык жана адилетсиздик диндин натыйжасы эмес, андан көрө бул жеке кызыкчылыктын жана ач көздүктүн натыйжасы. Бул өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн Алланын атын туура эмес пайдаланып жаткан адамдардын натыйжасы, ошондой эле бул Алла тааланын бар экенин четке кагуунун натыйжасы».

2015-08-23-Jalsa-UK-004

Ал киши мындай деп айтты: жакында мени менен жолуккан бир окумуштуу дин заманбап кырдаалга жана маданий каада-салттарга жараша өсүп-өнүгүүсү керек деп айтты.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп жооп кайтарды:

«Дин адамдардын дүйнөлүк каалоолорун ээрчүү үчүн эмес, адамдарга жетекчилик кылып, аларды туура жолго багыттоо үчүн келет. Биз ишенген китеп (Курани карим) 1400 жылдан көбүрөөк убакыттан бери сакталып келген жана анын таалимдери ар жактан толук жана жеткилеңдүү, ошондой эле бул ар бир доор үчүн жана ар бир аймак үчүн келген таалимдер».

2015-08-23-Jalsa-UK-005

Дүйнөнүн кейиштүү ахвалы жөнүндө сөз кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Бүгүн биз Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын бир убакыт келип, уламалар билимсиздик, адилетсиздик жана фитна-чагымчылыктан башка эч нерсени таратышпайт жана алардын айтканы менен кылганынын ортосунда карама-каршылык болот деп айткан алдын-ала кабарынын ачык-айкын орундалганына күбө болдук».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди: Ислам динине каршы болгон күчтөр мусулман дүйнөнүн ичинде фитна-чагымчылыкты пайда кылууга аракеттенишүүдө, ошондой эле Исламдан коркуу жана ага ишенбөө шоолаларын жалындатышууда.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп жооп кайтарды:

«Биз байкагандай, Исламдын каршылаштары үзгүлтүксүз Ислам динине каршы туура эмес сын-пикирлерди билдирип келишүүдө. Алар Ислам динин кандайдыр бир экстремизмдин жана баш аламандыктын дини деп айтып, ал эми башка диндерди эл аралык тынчтыктын жана гармониянын туусун көтөргөн дин катары сунушташууда».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Бир жактан ушул жетекчилер же серепчилер Ислам баш аламандыктын дини эмес деп айтышканын, ал эми экинчи жактан Ислам менен экстремизмдин ортосунда кандайдыр бир алака-байланыш бар деп билдиришкенин да байкайбыз. Алардын ой-пикирлеринде карама-каршылык бар жана бул эки тарапты ыраазы кылууга жасалган бир аракет. Мен айтып коёюн: Ислам дини тынчтык жана сабырдуулук жөнүндө берген таалимге башка бир дагы таалим теңеше албайт».

Кийинчерээк өзүнүн кайрылуусунда ал киши мындай деди: Ислам дини бири-бирине жардам берүүгө жана башкалардын акы-укуктарын өз акы-укуктарынан жогору коюуга үйрөтөт. Ал эми чоң күчтөр кээде эле алсыздарга көмөк көрсөтүүнү ойлошот жана алар берген жардам же көрсөткөн көмөк үчүн аткарылуусу оор болгон кандайдыр бир шарттарды белгилешет.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди: Исламга сын-пикир билдирүүчүлөр Ислам таалимдерине сын-пикир билдирүүдөн мурун өз үлгүлөрүн байкоолору керек. Ал киши мындай деди: Жапанга каршы атом бомбасын колдонгондор бүгүнкү күндө да өкүнүп, кыжаалат болгонун билдиришпейт. Алар үзгүлтүксүз Хиросима жана Нагасаки деген шаарларга каршы колдонулган биологиялык куралдарды баатырлык жана сыймыктана турган иш деп баалап келишүүдө. Ал эми ошол ойрон кылуучу чабуулдардын жаман таасирлери миллиондогон күнөөсүз эркектер, аялдар жана жаш балдарды жок кылган, ошондой эле алардын тукумдары дагы анын жаман таасирлеринен жабыркаган.

Ал киши өз кайрылуусунун аягында дүйнөнүн тынчтыгы үчүн жана адамдарда бири-бири үчүн сүйүү-махабат жана мээримдүүлүк руху жаралуусу үчүн дуба кылды.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Алла таала бардыгыбыздын жүрөгүбүздө кудум Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жүрөгүндө адамдар үчүн болгон боорукерлик жана мээримдүүлүктү жаратсын».

2015-08-23-Jalsa-UK-006

Жалса Салана Азирети Мырза Масрур Ахмаддын жетекчилигинде суралган дуба менен аяктады.

Азирети Мырза Масрур Ахмад жасаган беш кайрылуудан тышкары бир топ башка докладчылар жана уламалар үч күндүк аземдин учурунда кайрылууларды жасашты.

Ар кандай көргөзмөлөр дагы уюштурулган, алардын катарында Ахмадия Мусулман Жамаатынын тарыхын чагылдыруучу бир сүрөт-көргөзмөсү да бар болчу, Ыйса (алайхиссалаам)дын кепенинин көчүрмөсү жана адам укуктары жөнүндө дагы көргөзмөлөр сунушталды.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via