Жеп-ичүүнүн адеби

Азирети Айша (разияллааху анхаа) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет:
«Араңардан бирөөңөр тамак ичээрде Алланын атын айтсын. Тагыраак айтканда, Бисмиллаахир Рахмаанир Рахиймди окусун. Эгер баштаарда эстен чыгарып койсо, анда кайра эстегенде, Бисмиллаахи аввалаху ва аахираху деп айтсын».
Азирети Абу Саъийд (разияллааху анху) мындай деп рабаят этет:
«Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) тамак ичкен соң же суу ичкенден кийин төмөнкүдөй дубаны окучу: «Бардык мактоо-алкоо бизди тамактандырган жана бизге ичирген, ошондой эле мусулман, тагыраак айтканда, баш ийүүчү кылган Кудайга гана таандык».