Алла Тааланын ысымынын бийиктигин • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Алла Тааланын ысымынын бийиктигин

Ахмадия Махдий Ислам рамазан орозо кечирим такыба ыйман ишеним жакшылык

Алланын ысымы

Азирети Абдулла бин Умар (разияллааху анху) мындай деп рабаят этет: «Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) минбарда отуруп, төмөнкүдөй аятты окуду:

«Вассамааваату матвиййатун би йаминихий субхаанаху ва таъалаа аммаа йушрикууна»[1]. («Аз-Зумар» сүрөөсү: 68)

Тактап айтканда, асман жана жер – экөө тең (кыямат күнү) Алла Тааланын оң колунда оролуп турган болот. Ал таза жана алар (Ага) теңештирип жаткан (бардык) нерселеринен жогору.

Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) Алла Тааланын мындай деп айтканын баяндады:

«Мен эң күчтүүмүн жана зыянды толтуруучумун. Эң бийик жана эң жогорку салтанаттуу Падышамын». Ушинтип, Алла таала Өзүнө мактоо-алкоо айтат жана улуктайт. Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) ушул сөздөрдү ушунчалык толкундануу менен кайталап турган: минбар катуу кыймылдай баштады жана биз: «Ал минбардан түшүп кетпесин», – деп ойлодук».

Алланын ысымы

Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху)нун рабаяты боюнча, Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан:

«Эки сөз Алла таалага абдан жагат. Алар тилде жеңил, бирок өлчөөдө салмактуу. Алар төмөнкүлөр:

«Субхааналлаахи ваби хамдихий субхааналлаахил ъазийм»[2]

Котормосу: Алла таала Өзүнүн мактоо-алкоосу менен Ыйык. Улук Алла – Ыйык.


[1] {وَالسَّمَاوَاتُ مَطْوِيَّاتٌ بِيَمِينِهِ سُبْحَانَهُ وَتَعَالَى عَمَّا يُشْرِكُونَ} (الزمر 68)
[2] {سُبْحَانَ اللَّهِ وَبِحَمْدِهِ سُبْحَانَ اللَّهِ الْعَظِيمِ}

Share via