Алла Тааланын мээримдүүлүк жана ырайымдуулук деген эки сапаты
(Алла тааланын берешендиги жана ырайымы менен)
(Ал Өзү жардамчы)
(Эй, Раббим! Кечиргин жана ырайым кылгын, Сен ырайым кылуучулардын эң жакшысысың)
Куран сабагы
بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ
Алла Тааланын аты менен жана Анын жардамы менен ушул китеп – Куран Каримди (окуй) баштайм. Алла Таала – {الرَّحْمَن} (Ар-Рахмаан) эң мээримдүү да, {الرَّحِيمِ} (Ар-Рахийм) эң ырайымдуу да. Чексиз ырайым кылуучу жана кайра-кайра мээримин төгүүчү. {الرَّحْمَن} (Ар-Рахмаан) Эң Мээримдүү деп кандайдыр бир амалы жок эле сыйлоочуга, кандайдыр бир аракети жок эле жакшылык кылуучуга, кандайдыр бир акысы жок эле тартуулоочуга айтылат. Ал (эң мээримдүү Алла) кандайдыр бир аракети жок эле, кандайдыр бир жакшылыгы жок эле асманды, жерди, күндү жана айды адамдардын пайдасы жана ыракаты үчүн жараткан. Суу менен камсыз кылган, абаны жараткан, адамдардын эч бир аракети жана эмгеги жок эле ар түркүн белектер менен камсыздаган. Адамдарды туура жолго багыттоо үчүн, аларды хидаят кылуу үчүн пайгамбарлар менен элчилерди жөнөткөн, дүйнөдөгү ар бир үммөт жана коомго багыт берген, анан баарынан аша чаап Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды жана Курани Каримди бүткүл дүйнөнү туура жолго багыттоо үчүн жиберген. Биздин Аллабыз {الرَّحِيمِ} (Ар-Рахийм), Эң Ырайымдуу да болот, адамдын аз эле аракетине, аз эле эмгегине, аз эле амалына, аз эле жакшылыгына эң мыкты сыйлык берет, эң мыкты кун берет жана бир эле жолку эмес, тескерисинче кайра-кайра берет.
Ушул аятты Курани Краимдин башында жана сүрѳѳлѳрдүн башында коюп, төмөнкүдөй ишаарат кылган: туура, Курани карим кайсы бир адамдын жакшылыгынын, кайсы бир адамдын эмгегинин жана аракетинин натыйжасы эмес, тескерисинче Алла тааланын{رَحْمَانیّت} (Рахманият), Мээримдүүлүгүнүн натыйжасы, бирок кимде-ким Курани каримди окуса, ага амал кылса жана анын берекелеринен пайдаланууга жан-талашып аракет кылса, Алла тааланын {رَحِیْمِیَّت} (Рахимият), Ырайымдуулугу ага аша чаап берет жана ага чексиз берекелер менен рахматтар тартуулайт. Буга Азирети Ибн Аббас (разияллааху анху)нун тѳмѳнкүдѳй мисалын келтирүүгѳ болот. Азирети Ибн Аббас (разияллааху анху) тогуз-он жашар бала болгон кезде Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) даарат кылуусу үчүн ага бир идиште суу алып келип койгон. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам): »Даарат алуу үчүн ким суу коюп койгон?» – деп сураган. «Ибн Аббаас (разияллааху анху)», – деп жооп берилген. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) аны көкүрөгүнө кысты жана ага төмөнкүдөй дуба сурады:
Эй, Алла! Ага Курани Каримдин илимин тартуулагын жана диндин түшүнүгүн бергин. («Муснад Ахмад бин Ханбал» 1-том 799-897 муснад Абдулла ибн Аббаас 2881-3379, «Ааламул-Кутуб» Бейрут – 1998)
Эми карагыла, Алла Таала ушул кичине эле жакшылыкка ушунчалык чоң сыйлык тартуулады: Азирети Ибн Аббаас (разияллааху анху)нун тафсир маани-мазмундары сөз кылынбаган эч бир тафсир (чечме) китеби жазылбаган болушу керек.
эй, Алла! Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га жана Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын тукумуна берешендик кылгын!