Өзүнүн берилген пенделерине Кудайдын мамилеси • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Өзүнүн берилген пенделерине Кудайдын мамилеси

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар

(1)

«Чынында эле Кудай Таала Кудуреттүү жана Күчтүү: Ага сүйүүсү жана берилгендик менен ийилүүчүлөр эч качан текке кетирилишпейт. Душман өз айла-амалдары менен аларды жок кылмакчы болот жана ниети кара бирөө аларды эзип таштамакчы болот, бирок Кудай Таала: «Эй, наадан! Сен мени менен согушасыңбы жана Менин сүйүктүүмдү кордой аласыңбы?» – деп айтат. Чындыгында, алгач асманда чечилбеген нерседен башка жерде эч нерсе жүз бербейт. Ошондой эле жердин эч бир колу алгач асманда сунушталмайынча сунушталбайт. Демек, акысыз-зулумдук пландарын түзө тургандар – абдан наадан адамдар. Анткени, алар өздөрүнүн жийиркеничтүү жана абийирсиз пландарын түзүү учурунда Жогору Турганды эске алышпайт: Анын эркисиз кандайдыр бир жалбырак дагы түшпөйт. Ошондуктан, алар өз ой-пландары боюнча дайыма ийгиликсиз жана шерменде болушат. Алардын жамандыгынын айынан чынчылдарга эч кандай зыян келбейт, тескерисинче Кудайдын белги-жышаандары ачыкка чыгат жана адамдардын илим-билими көбөйөт. Ал Күчтүү жана Кудуреттүү Кудай ушул көздөр менен көрүнбөсө да, Өзүнүн таң калаарлык белги-жышаандары аркылуу Өзүн ачыкка чыгарат». («Руханий хазааин», 13-том, «Китаабул-Бариййа», баш сөзү, 19-20-бет)

(2)

«Кудай Таала – асман жана жердин нуру. Тагыраак айтканда, бийиктикте жана төмөндө көрүнгөн ар бир нур – мейли рухтарда болсун, мейли денелерде болсун, мейли жеке болсун, мейли бирөөдөн алынган болсун, мейли көрүнөө болсун, мейли көмүскө болсун, мейли ички болсун, мейли тышкы болсун, Анын берешендик тартуусу. Бул төмөндөгүдөй нерсеге ишаарат кылууда: бүткүл ааламдар Раббисинин жалпы берешендиги ар бир нерсени камтыйт жана эч нерсе Анын берешендигинен куру эмес. Ал гана – бардык берешендиктердин Башаты, бардык нурлардын максат-мүдөөсү жана бардык мээримдүүлүктөрдүн Булагы. Анын чыныгы Заты гана бүткүл ааламга туруктуулук тартуулоочу жана бардык астын-үстүндүн паанасы. Ал гана караңгылыктын түпкүрүндө жаткан ар бир нерсени чыгарды жана ага жашоо тонун тартуулады. Андан башка өзү-өзүнчө туруктуу, эзелки жана Анын берешендигинен пайда албаган эч ким, эч нерсе жок. Тескерисинче, жер жана асман, адам жана айбан, таш жана бак-дарак, рух жана дене – булардын баары Анын берешендиги аркасынан гана туруктуу». («Руханий хазааин», 1-том, «Бараахийн-э-Ахмадия», түшүндүрмө, 191-192-бет)

(3)

«Ушул Түбөлүк Кудайга мактоо-алкоо болсун,

Ага тең келген башка эч ким, эч нерсе жок.

Ал гана Түбөлүк, Андан башка баары жок болуучу,

Андан башкаларды сүйүү, бул – эч болбогон нерсе.

Башкалардын баары – жат, Ал гана сүйүктүүбүз,

Менин дилимде ушул гана: мени көрүп турган Кудай – Ыйык.

Баарынын паанасы – Ошол, Ал – даана Мээримдүүлүк,

Ал гана – биздин Сүйүктүүбүз, Ал гана – биздин Сүйкүмдүүбүз.

Ансыз жашай албайбыз, Андан башканын бүт баары – жалган,

Эй, мени көрүп турган Ыйык Кудай! Ушул күндү берекелүү кылгын!»

(«Руханий хазааин», 12-том, «Махмуд Ки Аамийн», 319-бет)

(4)

«Мен акыйкатты айтамын: эгер рухтар чындап изилденсе жана жүрөктөр чындап чаңкаса, анда адамдар ушул Жолду изилдешет жана кыдыра башташат. Бирок бирөө ушул Жолду кандайча табат жана кайсы дары менен даарылайт? Мен ушуга талапкер бардык адамдарга күчтүү ишеним менен айтамын: тек гана Ислам дини ушул Жолдун куш кабарын берет. Башка коомдор болсо, эчак эле Кудай Таала вахий-аянына мөөр басып койгон. Демек, бул Кудай Таала тарабынан мөөр эместиги, тескерисинче куру калгандыктан адамзат жаратып алган кандайдыр бир айла-амал экенине ишенгиле. Албетте, биз көздөрсүз көрө алуу, кулактарсыз уга алуу же тилсиз сүйлөй алуу мүмкүн болбогон сыяктуу эле Курани Каримсиз ошол Сүйүктүүнүн жүзүн көрүү мүмкүн эмес. Мен жаш болчумун, эми картайып калдым, бирок ушул Ыйык Булаксыз ушул ачык-айкын илим-билим кесесин ичкен бирөөнү да көргөн эмесмин». («Руханий хазааин», 12-том, «Ислам Окуулары Филасофиясы», 442-443-бет)

(5)

«Ошол нурлардын Башатынын нуру канчалык ачык жаркырайт,

Бүткүл аалам көздөрдүн күзгүсүнө айланып барат.

Кечээ мен айга карап, айран калдым,

Анда бир аз Кудай жамалынын жышааны бар эле.

Ушул Жаз сулуулугунан жүрөгүбүз толкуп кетти,

Алдыбызда  түрк же татарды кеп салбагыла.

Эй, Сүйүктүүм! Чар тарап Сенин Кудуретиң таң калаарлык даражада жаркырайт.

Кай тарапка көз салбайлы, ошол жол гана Сенин Жүзүңдүн жолу.

Күн булагында Сенин нурларың чачырап жатат,

Ар бир жылдыздан Сенин нуруңду көрүүгө болот.

Рухтарга Өз Колуң менен туз септиң,

Ошондон улам, ашык жарларда бир сүйүү толкуну көтөрүлдү.

Ар бир майда бөлүкчөдө ажайып касиеттерди жаратың:

Ушул сырдуу дептерди ким окуй алат?

Сенин Кудуретиңдин бир чеги бар экенин таппаймын,

Ушул татаал маселенин татаалдыгын ким чече алат?

Сулууларда Сенин сулуулугуңдун сулуулугу бар,

Ар бир гүлдө жана гүлстанда Сенин гүлзаарыңдын гана түсү бар.

Ар бир сулуунун сулуу көзү ар бир көз ирмемде Сени көргөзөт,

Ар бир сулуу Сен тарапка гана ишаарат кылат».

(«Руханий хазааин», 2-том, «Сурьма Чашм-э-Аария», 52-бет)

(6)

«Тавхийд – бардык ички жана тышкы кудайларды жокко чыгарган соң жүрөктө пайда боло турган нур. Ал адам жашоосунун ар бир майда бөлүкчөсүнө чейин сиңип кетет. Демек, ал Кудай Таала жана Анын Пайгамбары (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жардамысыз, өзүнүн күчү менен гана пайда болушу мүмкүнбү? Адам баласынын милдети болгону – ал өзүнүн мендигин өлтүрсүн жана «мен илим-билим менен чоңойгонмун» деген шайтан көйрөңдүгүн таштасын, ошондой эле өзүн кандайдыр бир сабатсыз кишидей элестетип, дубалар менен алектенип турсун. Ошондо, Кудай Таала тарабынан Тавхийд нуру ага түшүп, ага кандайдыр бир жаңы жашоо тартуулайт». («Руханий хазааин», 22-том, «Хакийкатул-Вахий», 148-бет)

(7)

«Ал Кудай – абдан ишенимдүү Кудай. Берилип кызмат көрсөтүүчүлөр үчүн Ал таң калаарлык колдоолорду көрсөтөт. Дүйнө аларды жеп салмакчы болот жана ар бир душман аларга тишин кайрайт, бирок алардын досу болгон Кудай ар бир кырсыктуу учурдан аларды сактайт жана ар бир майданда аларга жеңиш тартуулайт. Ушул Кудайды таштабаган бирөө – канчалык бактылуу адам». («Руханий хазааин», 19-том, «Кашти-э-Нух», 20-бет)

Share via