Адамзатка боорукер болуу • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну
Намаз ибадат сыйынуу

(1)

«Биздин принцип төмөнкүчө: бардык адамзатка боорукер болгула. Эгер кимдир бирөө хинди кошунасынын үйүнүн өрттөнүп жатканын көрүп, отту өчүрүүгө жардамдашканы ордунан турбаса, анда мен чындыкты айтып коеюн: ал менден эмес. Эгер биздин Жамаатыбыздан бирөө кандайдыр бир кишинин бир христианды өлтүрүп жатканын көрүп, аны куткаруу үчүн жардам бербесе, мен силерге акыйкатты айтып коёюн: ал бизден эмес». («Руханий хазааин», 12-том, «Сирааж-э-Мунийр», 28-бет)

(2)

«Мен бардык мусулмандарга, христиандарга, хиндилерге жана Аарияларга: «Дүйнөдө менин эч бир душманым жок», – деп айтамын. Мен мээримдүү эне өз балдарын сүйгөндөй, адамзатты сүйөмүн. Жок, андан да катуураак (сүйөмүн). Мен тек гана акыйкатты өлтүрө турган жалган ишенимдерге душманмын. Адамдарга камкор болуу – менин милдетим. Ошондой эле жалганчылык, ширк, зулумдук, ар бир абийирсиздик, адилетсиздик жана адепсиздиктен жийиркенүү – менин принцибим». («Руханий хазааин», 17-том, «Арбаъийн №1», 344-бет)

Share via