Рух • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Намаз

(1)

«Көңүл буруп карасак, рухтун энеси дене гана экенине күбө болобуз. Кош бойлуу аялдардын жатынына рух эч качан жогорудан түшпөйт, тескерисинче, ал бел суусунун ичинде эле көмүскө түрдө жашырынган бир нур болот жана ал дененин өсүп-өнүгүүсү менен жаркырайт. Кудай Тааланын Ыйык Китеби бизге: «Рух жатында бел суусу аркылуу даярдалган калыптан эле пайда болот», – деп айтат. Карагыла, Курани Каримде Алла Таала мындай дейт: «Сумма аншанаа-ху халкан аахар, фа-табаара-каллааху ах-са-нул хаа-ли-кийн»[1] (23:15). Тагыраак айтканда, андан кийин жатындын ичинде даяр болгон денени Биз бир башка жаратылыш түсүнө келтиребиз жана рух атынан аталуучу дагы башка жаратылышка айландырабыз. Кудай Таала абдан Берекелүү. Ага окшош башка кандайдыр бир жаратуучу барбы?» («Руханий хазааин», 10-том, «Ислам Окуулары Филасофиясы», 321-бет)

(2)

«Кандайдыр бир бак суусуз жашыл бойдон тура албаган сыяктуу эле эч бир ыйман жакшы-такыба иштерсиз тирүү ыйман деп атала албайт. Эгер ыйман болсо, ал эми амал болбосо, анда ал ыйман – төмөн. Эгер амал болсо, бирок ыйман болбосо, анда ал амал – кожо көрсүндүк. Исламдык бейиштин акыйкаты дагы ушул: ал ушул дүйнөдөгү ыйман жана амалдын кандайдыр бир көлөкөсү. Ал сырттан келип, адамзатка бериле турган кандайдыр бир жаңы нерсе эмес, тескерисинче адамдын бейиши адамдын ичинен эле чыгат. Ар бир адамдын бейиши – ал ушул дүйнөдө эле лаззат ала баштаган анын ыйманы жана анын жакшы-такыба амалдары гана». («Руханий хазааин», 10-том, «Ислам Окуулары Филасофиясы», 390-бет)


[1] (ثُمَّ أَنْشَأْنَاهُ خَلْقًا آخَرَ فَتَبَارَكَ اللَّهُ أَحْسَنُ الْخَالِقِينَ} (المؤمنون 15}

Share via