Коронавирус – эмне таптык, эмне жоготтук? • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Коронавирус – эмне таптык, эмне жоготтук?

мечит ыйман Ислам дин Намаз Куран орозо Мусулман Момун дүйнө кыямат коронавирус жугуштуу оору илдет кесел

Өткөн бир канча айлардан бери жер жүзүнүн көпчүлүк бөлүгү коронавирустун айынан жабылып калган. Жашоо тиричилиги токтоп калган. Бүгүнкү күндөгү адам баласы бир бейтааныш жагдай менен күрөшүп жатат. Күндөлүк иштеринин калыбына келүүсүнө дагы убакыт керек болот. Ушул бүткүл дүйнөлүк жугуштуу илдет адамдарга түрдүүчө таасирин тийгизген. Кээ бир адамдар аны дүйнөгө ойрондук алып келүүчү оору деп атап жатышат. Ал эми башка бирөөлөр аны адамдарга сабак үйрөтүүчү жана алардын мүнөзүндө кандайдыр бир оң түрдөгү өзгөрүү алып келүү куралы деп ойлоп жатышат. Кыскасы, ар бир адам өзүнүн жеке тажрыйбасы жана көз карашына ээ. Албетте, ушул илдет коомчулук, финансылык жана социалдык жагынан терең таасирин тийгизген. Алардын арасынан кээ бир өтө маанилүүсүн окурмандарга сунуш кылып жатабыз.

Коронавирус бул дүйнөдөгү бардык адамдар тең экенин ишендирүүгө үлгүргөн. Ушул илдет чабуул жасаганда, бирөөнүн дини кайсы экенине, ал кандай маданияттан экендигине, атактуу же атагы жок адам экенине, анын кесиби эмне экенине, ал күчтүү же алсыз, башкаруучу же атуул, бай-дөөлөттүү же жакыр, ак же кара экенине караган эмес, бардыгын өз тузагына алган.

Бул жугуштуу оору адамдарга азык-түлүк, суу жана дарылардын маанилүү экенин аябай айкындаштырып, адам баласынын жашоосунда негизинен ден-соолук гана эң маанилүү экенин жана адам баласы жан талашып, умтулууга аракет кылган башка көңүл ачуучулук нерселеринин маанилүүлүгү убактылуу экенин далилдеп көрсөттү.

Адам баласынын бири-бири менен канчалык тыгыз байланышкандыгын жана бир адамдын башка адамдарга канчалык терең таасири болушу мүмкүндүгүн да коронавирус далилдөөгө үлгүргөн. Ушул жугуштуу оору адам баласы чийген чек араларын такыр эле эсепке алган эмес, себеби ал кайсы бир өлкөгө кирүүгө кандайдыр бир паспортко муктаж эмес экен. Ал бир өлкөдөн экинчи бир өлкөгө коркпой кирип барган жана бир адамды экинчи бир адамдан эч айырмалабай, таасирин тийгизген.

Бул илдет колунда бүт баардык шарттары болгон тайпаны алар мурда эч качан кабылбаган кээ бир кыйынчылыктарга кирептер кылган, натыйжада ошол колунда бүт баардык шарттары бар тайпада дагы өмүр бою кыйынчылыктарда жашаган адамдар үчүн кандайдыр бир камкордук сезими пайда болгон.

Коронавирус илдети ушул жашоонун алсыздыгын да айкындаштырган жана өтө эле текебер, көйрөңдөнгөн, күчтүү жана бай-дөөлөттүүлөрдө дагы колунда жоктор жана жакырларга көмөк көрсөтүү сезимин козгогон. Коронавирус үй-бүлөлүктүн маанилүүлүгүн да айкындаштырган. Азыр адамдарда алардын түпкү кирешеси алардын үйлөрүндө отурган жубайы, балдары жана башка туугандары экендиги, ар дайым кыймылдаткыч (машина) сыяктуу алектенип, бир гана акча табуу маанилүү эмес экен деген сезим аябай күчтүү басым менен пайда болду.

Ушул илдет көптөгөн бийликте отургандардын жүзүн да ачып салды, тагыраак айтканда балээ-кырсыктын учурунда алар кандай башкаруучу болуп чыкты, акыл-парасат, токтоолук жана сабырдуулук менен өз коомуна жетекчилик кылышканбы же өздөрү дагы кабатыр болуп, аны менен бирге коомдун баарын да кабатырга салганбы. Коронавирус ким канчалык ач көз, башкалардын акы-укуктарын тебелөөчү, өзүмчүл экенин же ким башкаларга камкор болгон адамдардын жалпы мүнөздөрүн да ашкерелеп салды. Базарларда, бейтапканаларда жана башка элдик мекемелерде ошол мүнөздөр даана айкындалган.

Коронавирус адамды обочолонуп жашоого мажбур кылганда, анын жарык дүйнөгө келүүсүнүн түпкү максаты эмне экенин ойлонуусуна да аны мажбур кылган. Көптөгөн адамдар өздөрүнүн чыныгы Жаратуучусунун алдына жыгылып, өздөрүнүн күнөөлөрүн моюнуна да алышты. Бир топ адамдар башка адамдарга кызмат кылуу да ушул жашоонун бир максаты экенин да түшүнүп калышты.

Бүгүнкү күндөгү адам балдары эл аралык деңгээлдеги ушул сыяктуу илдетке көптөн бери туш боло элек болушчу. Ушул жугушутуу оору бир нерсени баары бир айкындаштырып салды: негизинен, Алла Таала гана ушул дүйнөнү башкарып, аны көзөмөлдөп жатат, кандайдыр бир дүйнөлүк башкаруу же өнүккөн мамлекет эмес. Бул дүйнөдө бир дагы иш Алла Тааланын уруксатысыз жүз бере албагандыктан ушул жугуштуу оорунун келүүсү да Алла Тааланын уруксаты менен гана болгон. Ошентсе да,  ага Алла Таала Өзү каалаганын себепчиси кылган болушу керек. Убакыт ушул жугуштуу оорунун келип чыккан себебин да бир күнү далилдеп көрсөтүшү мүмкүн жана дүйнөлүк башкаруучулар өздөрүнүн акыл-эсине жараша ага өздөрүнүн реакцияларын да билдирип турушат, бирок ушул жугуштуу оору бир жолу бүткүл дүйнөгө дүрбөлөң салып жибергенин эч ким четке кага албайт. Натыйжада, адам баласы өзүнүн чыныгы Жаратуучусун таанып алат жана башка адамдарга кызмат кылууну өзүнө эреже кылып алат деген чоң үмүттөбүз. ИншаАллах

Share via