Дүйнөлүк диндер • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Намаз сыйынуу ибадат азан дуба дин ыйман мусулман момун хадис куран

(1)

«Менин ишенимимдин негизин түзгөн принциптердин бири төмөнкү: Кудай Таала мага: «Пайгамбарлар аркылуу дүйнөгө таралып кеткен жана тамырын бекем жайылткан, ошондой эле бир узак замандан бери жашап келе жаткан жана белгилүү жашка толуп, дүйнөдөгү кандайдыр бир аймакты курчоого алган диндердин бирөөсү да түпкү булагы жагынан жалган эмес жана ушул пайгамбарлардын бирөөсү да жалганчы эмес», – деп кабар берди». («Руханий хазааин», 12-том, «Тухфа-э-Кайсария», 256-бет)

(2)

«Бул тынчтык менен гармонияга өбөлгө түзүп, жарашуу үчүн негиз салган жана адамдын моралдык абалына жардам берген ажайып принцип: дүйнөгө келген бардык пайгамбарларга, мейли алар Индияга келгенби, же Иранга, же Кытайга, же кандайдыр бир башка өлкөлөргө келгенби, биз бирин да калтырбай, баардыгынын ырастыгына ишенебиз. Кудай Таала миллиондогон жүрөккө алардын сый-урматын киргизди жана алардын динин пайда кылды». («Руханий хазааин», 12-том, «Тухфа-э-Кайсария», 259-бет)

Share via