Алла Тааланы сүйүү • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну
Жалган

     Алланы сүйүү

Азирети Абу Дардаа (разияллааху анху)нун рабаяты боюнча, Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан:

«Алланын пайгамбары Азирети Давуд (алайхиссалаам) төмөнкүдөй сөздөр менен дуба сурачу эле:

«Эй, Раббим! Мен Сенден Сенин сүйүүңдү, Сени сүйгөндүн сүйүүсүн жана сүйүүңө жеткире турган иш-амалдын сүйүүсүн сураймын. Эй, Алла! Сага болгон сүйүүмдү жанымдан да, үй-бүлөмдөн да, муздак суудан да жагымдуураак кылгын».

Алланы сүйүү

Азирети Анас (разияллааху анху)нун рабаяты боюнча, Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан:

«Кимдир бирөөдө төмөнкүдөй үч нерсе бар болсо, ал ыйман таттуулугун жана даамын сезет: биринчиси, Алла жана Анын Пайгамбары (саллаллааху алайхи ва саллам) ага бардык нерселерден сүйүктүүрөөк болушу керек; экинчиси, ал Алла үчүн гана бирөөнү сүйүшү керек; үчүнчүсү, ал Алла Тааланын колдоосу менен каапырлыктан чыккан соң кайрадан каапырлыкка барууну отко киргизилүүнү жактырбаган сыяктуу жактырбашы керек».

Алланы сүйүү

Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху)нун рабаяты боюнча, Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан:

«Эгер момун Алла Тааланын азабынын оордугу жана чексиздигин билсе, анда ал бейишке кирүүдөн үмүтсүздөнмөк. Ошондой эле эгер каапыр Алла Тааланын чексиз мээримдүүлүгүн билсе, анда ал бейишке кирүүдөн эч качан үмүтсүздөнмөк эмес».

Алланы сүйүү

Азирети Ваасила (разияллааху анху)нун рабаяты боюнча, Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан:

«Алла Таала мындай айтат: Менин пенделериме карата жакшылыгым алардын Мага карата жакшы же жаман ой-пикирине жараша болот».

Алланы сүйүү

Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят кылат:

«Алла Таала мындай айтат: Мен Өз пендеме анын Мага карата жакшы ой-пикирине жараша мамиле кыламын. Ал кайсы жерде Мени эстебесин, Мен аны менен бирге боломун». Кудай таалага касам! Токойдо жоголуп кеткен ургаачы төөсүн тапкан адам канчалык кубанычта болсо, Алла таала Өз пендесинин тобосуна ошончолук көбүрөөк кубанычта болот. Алла Таала мындай дейт: «Эгер бирөө бир карышчалык Мага жакындаса, Мен ага бир кезчелик жакындаймын. Эгер бирөө Мага бир кулач жакындаса, Мен ага эки кулач жакындаймын. Эгер бирөө Мага карай басып келсе, Мен ага чуркап барамын».

Алланы сүйүү

Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху)нун рабаят кылышынча, Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан:

«Алла Таала мындай дейт: бир жолу абдан көп күнөө жасаган адам, өлөөр алдында өз балдарына: «Мен өлгөндөн кийин сөөгүмдү өрттөп, аны майдалагыла. Анан сөөгүмдүн күлүн деңизге барып, шамалга чачып жибергиле. Аллага касам! Эгер Алла Таала мени кармап алса, бүгүнкү күнгө чейин эч кимге бербеген жазаны мага берет», – деп айтты». (Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) айтты: «Балдары айтылганды кылышты. Бирок, Алла Таала жерге: «Ал кишинин бөлүкчөлөрү кайда болбосун, баарын чогулткун», – деп буйрук берди. Ошентип, ал киши Алла Тааланын алдына алынып келинди. Алла Таала андан: «Сен эмнеге ушундай кылдың?» – деп сурады. Ал: «Сенден коркконумдан ушундай кылууга аргасыз болдум», – деп жооп берди. Ошондо, Алла Таала аны кечирип жиберди».

Share via