Исламдын кейиштүү ахвалы • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Исламдын кейиштүү ахвалы

Намаз

Кризис

Азирети Абдула бин Умар (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет:

«Менин үммөтүм дагы Исрааийл балдары туш келген ахвалга туш келет. Алар (ахвал) бир бут кийим экинчи түгөйүнө окшош болгон сыяктуу эле өз ара абдан окшош болот. А түгүл эгер алардын бирөөсү энеси менен ойноштук кылган болсо, менин үммөтүмөн дагы кандайдыр бир ошондой бактысыз чыгып калат. Исрааийл балдары 72 агымга бөлүнүп кетишкен эле, менин үммөтүм 73 агымга бөлүнүп кетет, бирок бир агымдан (жамаат) башкасы тозокко кетишет. Сахаабалар: «Ушул «наажи» – кутулуучу агым кайсы?» – деп сурашты. Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам): «Ал агым менин жана сахаабаларымдын жолуна амал кылган болот».

Кризис

Азирети Али (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет: «Жакында ушундай бир доор келет: Исламдын атынан башка эч нерсеси калбайт. Сөздөрүнөн башка Курандын эч нерсеси калбайт. (Тактап айтканда, ага амал кылынбайт). Ошол доордогу адамдардын мечиттери эл көзүнчө абат[1] көрүнөт, бирок хидаяттан бош болот. Алардын аалымдары асмандын астында жашоочу макулуктардын арасында эң жаман болушат. Алардын ичинен фитна-чагымдар чыгат жана ал өздөрүнө кайтат. Тактап айтканда, баардык жаманчылыктардын булагы ошолор болушат».


[1] Элдүү.

Share via