09-хадис сабагы:

Ыйман жана Исламдын негиздери
Биздин Ислам динибиздин таалими адамдык жашоонун бардык тармактарын ѳз ичине камтыйт жана жашоонун бардык жактары боюнча адамга багыт берет, ага жол көрсөтөт. Динибиз айрым нерселерге ыйман келтирүүгө буйрук кылат жана айрым иштерди аткарууга чакырат. Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) мындай деп рабят этет:

Каанан-Набиййу(сав) бааризан йауман лин-наас
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бир күнү адамдардын жанында отурган эле,
анда бир киши ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдына келди,
ал: «Ыйман деген эмне?» – деп сурады. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам)

каала ал-иймаану ан ту’мина биллаахи ва малааикатихий ва кутубихий ва-би ликааихий ва русулихий ва ту’мина бил-баъси
ыйман деген бул – Алла таалага ыйман келтирүүӊ, Анын периштелерине ыйман келтирүүӊ, Аны менен жолугушууга ыйман келтирүүӊ, Анын элчилерине ыйман келтирүүӊ жана кайрадан тирилүүгө ыйман келтирүүӊ. («Бухарий», Китаабуль-ийман, Баабу суали Жибрийлан-Набиййа (саллаллааху алайхи ва саллам)… 50-хадис)
Демек ушул нерселер ыймандын негиздери болуп саналат. Момун болууну каалаган ар бир адам төмөнкүдөй ишенүүсү керек: бардыгыбыздын Жаратуучусу жана Ээси болгон жалгыз Алла бар; денелик жана руханий дүйнөнүн системасын жүргүзүп келе жаткан периштелери бар; бир күнү Алла Тааланын алдына барам жана Аны менен жолугушам; Алла Таала тарабынан пайгамбарлар дүйнөгө жиберилет, алар адамдарды туура жолго багытташат, ошондой эле өлгөндөн кийин адам баласы кайрадан тирилтилет жана Алла Таалага эсеп-кысап берет.
Мына жогорудагы бардык нерселерге ишенүү зарыл. Мындан тышкары мусулман адам кылууга милдеттүү дагы айрым нерселер бар.
Азирети Абдулла ибн Умар (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай дегенин рабаят этет:
Ислам беш нерсеге негизделген,
Алла тааладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок жана Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Алла Таланын Элчиси деп күбөөлүк берүү.
намазды аткаруу,
жана зекет берүү,
жана Алла тааланын Үйүн зыярат кылуу,
жана Рамазан орозолорун кармоо. («Бухарий», Китаабуль-ийман, Баабун дуъаау-кум ийманукум, 8-хадис)
Алла Таала бардыгыбызга ыйман негиздерине ишенүүгө жана Ислам негиздерине амал кылууга күч-кубат берсин.