Исламдын негиздери • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну
Намаз

Исламдын негиздери

Азирети ибни Умар (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет:

«Ислам беш нерсеге негизделет: биринчиси – Алладан башка кудай жок экенине жана Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Алланын Элчиси экенине күбөлүк берүү; экинчиси – намазды орундатуу; үчүнчүсү – зекет берүү; төртүнчүсү – Меккедеги Ыйык Үйдү зыярат кылуу; бешинчиси – Рамазан айында орозо кармоо».

Исламдын негиздери

Азирети Умар бин аль-Хаттааб (разияллааху анху) мындай деп баян кылат:

«Биз Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдында отурганыбызда, аппак кийим кийген жана чачы кара бир адам ал зат (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдына келди. Ал мусапырга да окшобойт эле, биздин арабыздан да эч ким аны таанычу да эмес. Ал келип, тизесин Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын тизесине тийгизип, адептүүлүк менен отурду. Ал: «Эй, Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)! Ыйман эмнеге айтылат?» – деп сурады. Ал зат (саллаллааху алайхи ва саллам): «Ыйман – бул сенин Аллага, Анын периштелерине, Анын китептерине, Анын пайгамбарларына, акырет күнүнө жана жакшы менен жаман тагдырга ишенгениң», – деп жооп берди».

Share via