Жаман ойго баруу жана аңдуу
Алла Таала Курани Каримде мындай деп айтат:
«йаа аййу-халла-зий-на аа-ма-нуж-та-ни-буу ка-сий-рам-ми-наз-занни, инна баъзаз-занни ис-мун ва-лаа тажасса-суу»
«Эй, ыйман келтиргендер! Көптөгөн күмөндөрдөн четтегиле. Албетте, айрым күмөндөр күнөө болот,ошондой эле чалгынчылык кылбагыла». (49-13)
«ан Абу Хурайра (разияллааху анху) анна Расулаллаахи (саллаллааху алайхи ва саллама) каала: иййа-кум ваз-занна фа-инназ-занна ак-за-бул-хадийси ва-лаа та-хасса-суу ва-лаа та-жасса-суу ва-лаа та-наа-фа-суу ва-лаа тахаа-са-дуу ва-лаа та-баа-га-зуу ва-лаа та-даа-ба-руу ва куу-нуу ибаа-даллаа-хи их-ваа-наа».
Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай дегенин рабаят этет:
«Жаман ойго баруудан сактангыла, анткени күмөнчүл болуу – бул кандайдыр бир ашынган жалган. Бири-бириңердин айып-кемчиликтериңерди издебегиле, бири-бириңерди аңдып жүрбөгүлө, бирөөнүн жакшы нерсесин тартып алуу үчүн ачкөздөнбөгүлө, көрө албастык кылбагыла, кек сактабагыла, бири-бириңерден жүз бурбагыла. Алла Таала буюргандай, Алланын пенделери жана ага-ини болуп жашагыла». («Сахих Муслим» Китаабул-Бири вас-Силати вал-Аадааб)
Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай дегенин рабаят этет:
«хус-наз-занни мин хус-нил-ибаа-да-ти».
«Жакшы ойго баруу – бул кандайдыр бир кооз ибадат».
(«Муснад Ахмад», Китааб баакий муснадул-мукассирийн)
Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай дегенин рабаят этет:
«Азирети Ыйса (алайхиссалаам) бир жолу бир адамды уурулук кылып жатканын көргөндө, ага: «Уурулук кыласыңбы?» – деп айткан. Ал киши Алланын атын ортого салып, мен уурулук кылган жокмун деп айткан. Ошондо Азирети Ыйса (алайхиссалаам): «Мен сенин касамыңа ишенем жана өзүмдөгүү ойду жокко чыгарам», – деп айткан». («Сахих Муслим» Китаабул-Фазааил, Баабу фазааили Ыйса (алайхиссалаам)
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан:
«Бири-бириңерге көрө албастык кылбагыла, бир тууганыңарды аңдыбагыла, башкалардын айып-кемчиликтерин издебегиле, бири-бириңердин соодаларыңарды бузбагыла, Алла Тааланын нукура пенделери жана ага-ини болуп жашагыла». («Сахих Муслим» Китаабул-Бири вас-Силати вал-Аадааб, Баабу тахриймиз-занни)
Бир жолу Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) сахаабалар (разияллааху анхум)дан мындай деп сураган:
«Гыйбат эмне экенин билесиңерби?» Сахаабалар (разияллааху анхум): «Алла жана Анын Пайгамбары (саллаллааху алайхи ва саллам) гана жакшыраак билишет», – деп жооп беришти. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Бир тууганың жөнүндө ага жакпагандай ыкмада сөз кылууң», – деп айткан. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дан: «Эй, Алланын Элчиси! Эгер ошол сөз кылынган айып-кемчилик бир тууганымда бар болсо, анда кандай?» – деп суралганда, ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Эгер сен сөз кылган айып-кемчилик бир тууганыңда бар болсо, анда сен аны гыйбат кылган болосуң, ал эми эгерде анда жок болсо, анда сен ага доомат кылган болосуң», – деп айткан». («Сахих Муслим» Китаабул-Бирри вас-Силати, Баабу тахриймил-гийбати)
Алла Таала бардыгыбызды жаман ойго баруу, гыйбат кылуу, ушак айтуу жана аңдуу сыяктуу жаман илдеттерден сактасын! (Аамийн)