Байъат алуунун башталышы
Ошентип, ага ылайыктуу Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) 1889-жылдын 23-мартында Суфий Ахмаджан Сахибдин[1] Мухалла-э-Жадийдде[2] жайгашкан үйүндө Байъат алды. Азирети Мунший Абдулла Санаврий (разияллааху анху) Сахиб (разияллааху анху)нун[3] рабаятына караганда, Байъаттын датасы үчүн бир журнал даярдалып, ага «Такыба жана тазалык үчүн тобо Байъаты», – деген ат берилди.
Ал доордо Хузур (алайхиссалаам) Байъат үчүн ар бир адамды жекече бир бөлмөгө чакырып, Байъат алчу. Ошентип, эң биринчи Байъатты Азирети Мавланаа Нуруддин (разияллааху анху)дан[4] алды. Байъат кылгандарга насаат кылып, Хузур (алайхиссалаам) мындай деп айтат:
«Ушул Жамаатка кирген соң алдыңкы жашоону өзгөртүү керек. Кудай Таалага чын жүрөктөн ыйман келтирүү лаазым. Ошондо Ал ар бир кырсык учурунда жардам берет. Анан Анын буйруктарына кемсинтүү менен карабаш керек. Тескерисинче, ар бир буйругуна сый-урмат көрсөтүп, ошол сый-урматты иш жүзүндө далилдөө керек».
«Жалаң дүйнө чараларына баш ийип, ага гана таянуу жана Кудай Таалага тобокел кылбоо – бул Ширк жана иш жүзүндө Кудай Тааланын бар экенин жокко чыгаруу дегендик. Ширкке барбай, дүйнө чараларын колдонсо болот. Биздин ишеничибиз мына ушундай: биз дүйнө чараларын колдонуудан тоспойбуз, бирок ага таянуудан токтотобуз. «Даст Ба Каар Дил Ба Яар»[5] болуш керек».
Ал (алайхиссалаам) мындай деп кошумчалайт:
«Карагыла, силер Байъат кылдыңар жана азыр сөз бердиңер. Аны тил менен айтуу оңой, бирок ишке ашыруу өтө эле оор. Анткени шайтан адамзатты динден бейкабар кылууга тынбай аракет кылат. Ал дүйнө жана анын пайдаларын жеңил кылып, ал эми динди өтө эле алыс көрсөтөт. Ушинтип, жүрөк катып калат жана кийинки ахвал алдыңкы ахвалдан да жаманыраак болот. Эгер Алла Тааланы ыраазы кылмакчы болсоңор, анда ушул «күнөөдөн сактануу» деген убадаңардын үстүнөн чыгыш үчүн кайраттуулук менен аракеттенүүгө даяр тургула».
Дагы мындай деп айтат:
«Фитна-чагымчылыкты чыгара турган сөздү сүйлөбөгүлө. Жаманчылыкты таратпагыла. Одоно сөздөргө сабыр кылгыла. Эч ким менен талашпагыла. Ким талашса, ага да мээримдүүлүк жана жакшылык менен мамиле кылгыла. Сылыктык боюнча эң сонун үлгү көрсөткүлө. Кудай Таала ыраазы болсун үчүн чын жүрөктөн ар бир буйрукка баш ийгиле. А түгүл душман дагы: «Байъат кылгандан кийин бул киши толук бойдон өзгөрүп кетти», – деп билип алсын. Соттордо чын күбөлүк бергиле. Ушул Жамаатка кирген киши бүтүн жүрөгү менен, бүтүн кайраты менен жана бүтүн жаны менен чынчылдыкка ээ болуусу керек». («Зикр-э-Хабийб», 436-438-бет)
1903-жылы, Айт күнү бир топ адамдар отурушкан эле. Ал (алайхиссалаам) мындай деди:
«Карагыла, бир тобуңар Байъат кылдыңар (Байъат кылганы келишкен адамдар окшойт) жана мурун да Байъат кылгансыңар. Силерге насаат катары бир нече сөз айтамын. Аны кунт коюп уккула!
Силердин ушул Байъатыңар – бул тобо Байъаты. Тобо эки түргө бөлүнөт: биринчиден, мурун кылып өткөн күнөөлөрдү жууш керек. Тагыраак айтканда, мурун кетирген каталарды оңдоо үчүн аларды жоюу. Колдон келишинче, ошол бузулууларды жөнгө салууга аракет кылуу, келечекте күнөөлөрдөн оолак болуу жана өзүн ошол «оттон» сактап туруу.
«Тободон мурунку бардык күнөөлөр кечирилет» деген Кудай Тааланын убадасы бар. Бирок ал үчүн чын жүрөктөн жана чын ыкылас менен тобо кылыш керек. Жүрөктүн кандайдыр бир тээ түбүндө эч кандай алдоо жашырынбаган болушу керек. Ал жүрөктөгү жашыруун жана көмүскө сырларды билет. Ал эч кимге алданбайт. Ошондуктан, Аны алдоого аракет кылбаш керек жана эки жүздүүлүк менен эмес, чын ыкылас менен Анын алдында тобо кылыш керек. Тобо адамзат үчүн кандайдыр бир керексиз же пайдасыз нерсе эмес, анын таасири кыяматка гана таандык болбой, аны менен адам баласынын дүйнөсү да, дини да – экөөсү тең оңолот. Ошондой эле ага ушул дүйнөдө да, оо дүйнөдө да – экөөсүндө тең тынчтык-бейпилдик жана ырахат насип болот». («Малфузаат», 5-том, 187-188-бет)
[1] «Сахиб» сөзү «мырза» дегенди билдирет.
[2] Жаңы көчө.
[3] Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам)дын алгачкы сахаабаларынын бири.
[4] Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам)дын Биринчи Халифасы.
[5] Кол жумушта, ал эми жүрөк Алланы эскерүүдө.