Үч миң муъжиза менен жүз миң муъжизанын түпкү акыйкаты • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Үч миң муъжиза менен жүз миң муъжизанын түпкү акыйкаты

Ахмадия Мусулман Жамаатынын кээ бир каршылаштары: «Ахмадия Мусулман Жамаатынын негиздөөчүсү, Азирети Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын муъжизаларынын саны үч миң, ал эми өзүнүн муъжизаларынын саны жүз миң экенин айтып, өзүнүн Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дан абзел экенин көрсөттү» – деген сын-пикирди билдиришет.

Жооп: Урматтуу мусулман бир туугандар! Азирети Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) сексен бешке (85) жакын китептерди жазган, алардын ичинен жыйырма бешке (25) жакын араб тилинде, калгандары урду жана фарси тилдеринде. Ошол китептердин эч биринде ал (алайхиссалаам) өзүнүн муъжизаларын Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын муъжизаларына салыштырган эмес жана салыштырууга аракеттенген да эмес. Эгер бирөө ошондой ойлосо же ошондой жазса же ошондой ой-пикирди таратса, ал ашынган жалганчы. Жалганчыларга «Алла тааланын каргышы бар», – деп айтат Ыйык Куран. (3:61)

Азирети Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) ушул эки ой-пикирди өзүнүн китептеринин бирөөсүнө да кошуп жазган эмес, эгер ошондой жазган болсо, анда каршылаштарыбыз: «Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) өзүн Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га салыштырып, өзүнүн абзел экенин далилдеп көрсөтүүдө», – деп айтууга акылуураак болмок. Бирок андай эмес. Молдокелер эки башка китептен өзүнчө жазылган сүйлөмдөрдү алып, аларды бурмалап, жөөттөргө окшош ошол сүйлөмдөрдүн орундарын алмаштырып, аларга өзү каалаган теманы коюп: «Бул маселеде Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) өзүн Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)га салыштырып, өзүнүн артыктыгын далилдеген», – деген жалааны жабышат. Чындыгында, андай эмес.

Эки башка китептен ушул эки өзүнчө үзүндүнү молдокелер ушундай сунуш кылышат: тим эле Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)га каршы өз муъжизаларынын санын көбөйтүп туруп, сунуштап жатып, ушинтип Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)ды катуу урматсыздык кылгандай. Кимде-ким өзүнүн денесин да, өзүнүн бардык муъжизаларын да Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын муъжизаларынын эле бир тамчысы деп айтса, ошондой инсанга жалаа коюу жана аны тилдөө кандайдыр бир жакшы адамга жарашабы?

Эми карагыла, Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) фарси тилинде Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)ды мактап жазган ырларынын биринде өзүн Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)га кайсы ыкмада салыштырат:

ИН ЧАШМА-И-РАВАН КИ БА-ХАЛКИ ХУДА ДИХАМ ЙИК КАТРА-И-ЗИБАХРИ КАМААЛ-И-МУХАММАД АСТ

ИН ЧАШМА-И-РАВАН КИ БА-ХАЛКИ ХУДА ДИХАМ
ЙИК КАТРА-И-ЗИБАХРИ КАМААЛ-И-МУХАММАД АСТ

Мен Алла тааланын пенделерине берип жаткан ушул аккан булак Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жеткилеңдүүлүк деңизинин бир тамчысы эле

Ал Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын терең илим-билимин бир деңиз деп айтат жана өзү ачкан булакты ушул деңиздин бир тамчысы гана экенин айтат. Бирок молдокелер Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын акыйкатты ача турган мына ошондой моюндоолорун эмнеге жашыргандыгы белгисиз.

Молдолордун экинчи куулугу бул: алар «муъжиза» сөзүнө каршы «жышаандар» сөзүн колдонуп, аны окшош эле нерсе экениндей баяндашат. Чындыгында болсо, бир «муъжиза» миллиондогон, керек болсо чексиз жышаандарды камтыган болушу мүмкүн. Демек, Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын муъжизаларынын акыйкатына көз салып көргүлө. Муъжизалар тек сан жагынан гана өлчөнбөйт, тескерисинче өзүнүн абалы жана салмактуулугу жагынан да өлчөнөт. Мисалга, Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын муъжизалары үч миң. Ал муъжизалардын бири – Ыйык Куран. Ал өзүнчө жалгыз-бирөө экендигине карабастан миңдеген аяттардан турат. Тактап айтканда, ал жышаан эле эмес, тескерисинче чексиз жышаандарды өз ичине камтыган миңдеген аяттардан турат. Бул ушундай муъжиза: Курани карим өзү аны төмөнкү аятта сунуш кылат:

КУЛ ЛАУ КААНАЛ-БАХРУ МИДААДАЛЛИ-КАЛИМААТИ РАББИЙ ЛА-НАФИДАЛ-БАХРУ КАБЛА АН ТАНФАДА КАЛИМААТУ РАББИЙ ВА ЛАУ ЖИ'НАА БИ-МИСЛИХИЙ МАДАДАА. (18:110)

КУЛ ЛАУ КААНАЛ-БАХРУ МИДААДАЛЛИ-КАЛИМААТИ РАББИЙ ЛА-НАФИДАЛ-БАХРУ КАБЛА АН ТАНФАДА КАЛИМААТУ РАББИЙ ВА ЛАУ ЖИ’НАА БИ-МИСЛИХИЙ МАДАДАА. (18:110)

Айт, (О, Мухаммад): «Эгер Раббимдин Сөздөрү(н жазуу) үчүн деңиз сыя болсо жана эгер дагы ошол деңизче сыяны (кошуп) алып келсек да, Раббимдин сөздөрү түгөнөөрдөн мурун сыя түгөнүп калат». (18:110)

Демек, Курандын илим-билимдери жана Курандын жышаандары чексиз жана арбын. Мына ушул муъжизанын өзү бардык пайгамбарлардын муъжизаларынан салмактуураак жана чоңураак.

Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) өзүнүн жышаандарын баяндаган жерде өзүн Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)га салыштырган да эмес, жана ошондой элестетүүгө да болбойт. Мисалга, Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) ошол жүз миӊ жышаанга Алла тааладан жарыктык алып, аны кабыл кылган, ошондой эле чыныгы түштөрдү жана Кашфтарды көргөн өз жолдошторун да кошот. Мына ошондой жышаандарды Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)га каршы коюуну кыйшык табиаттуу молдо гана ойго келтирүүсү мүмкүн, ал эми акыйкатты жактоочу инсан жогорудагы ой-пикирден терс жыйынтыкты чыгара албайт.

Демек, эгерде ошондой жышаандарды санагына киргизмекчи болсоңор, анда Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын айтымында Ислам дини пайда болгондон тартып, жарык дүйнөгө келген бардык олуялар –жана ал (алайхиссалаам)дын өзү да Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын ошол кулдарынын сабына кирет – алардын баары Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын эле муъжизасы. Ахмадия Мусулман Жамаатынын акыйдасы ушул гана жана ушул эле бойдон калат. Бирок дүйнөгө берилип, дүйнөкор болуп кеткен молдолор ушуну угуп да чабуул жасоодон кайтышпайт. Илгери булар кайсы кудайчыл, такыба жана олуяны кечирген экен, эми кандай кечирмек.

Азыр биз ушул жерде Азирети Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын өз сөздөрү менен бул темага тиешелүү ушундай бир үзүндүнү келтиребиз: андан кайин кичине болсо да, Алла тааладан корккон жана адилетти жактоочу инсан: «Бул киши «дин аалымы» экен, бирок билип туруп, ушул улуу инсанга бүтүндөй жалган жана туура эмес маанин таандык кылат», – деп, ушул чабуулчу молдокелердин кыйшыктыгын жана ниеттери бузук экенин көрүп өкүнүүгө аргасыз болот.

Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) мындай деп айтат:

«Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын муъжизалары туш тараптан жаркырап келүүдө, алар эч жашына албайт. Тек сахаабалар разияллааху анхумдун күбөлүктөрү далилденген муъжизалардын өзү үч миңмуъжиза. Ал эми өз убагында орундалган жана орундалып келе жаткан алдын-ала кабарлары болсо, ал он миңден да көбүрөөк болушу керек. Мындан тышкары айрым муъжизалар жана Ыйык Курандын алдын-ала кабарлары ушундай: алар ушул доордо биз үчүн да сезилерлик жана байкалаарлык. Аларды эч ким четке кага албайт». («Тасдийкун-набий» 20-бет, Фахруддин Мултаний басмаси)

Каршылаштарыбыз «Хакийкатул-вахий» китебинен үзүндү келтиришкен экен. Бул китептин өзүндө Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) мындай деп жазат:

«Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) көрсөткөн муъжизаларчалык муъжизаларды эч бир пайгамбар көрсөтө алган эмес. Анткени, мурунку пайгамбарлардын муъжизалары алардын дүйнөдөн кайтышы менен эле бүттү, бирок биздин Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын муъжизалары азыркы күнгө чейин жүз берүүдө жана кыямат күнүнө чейин ачыкка чыгып турат. Ошондой эле Алла таала мени колдоп көрсөтүп келе жаткан жышаандардын баары Мухаммад Паайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын эле муъжизалары». («Татимма Хакийкатул-Вахий», «Руханий хазааин» 22-том, 468-бет)

Урматтуу окурмандар! Өтүп кеткен олуялардын ыкмасы да ушундай болчу: алар өздөрүнүн кереметтерин Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын эле муъжизалары деп айтчу. Мисалга, Азирети Дата Ганжбахш (рахимахуллаах) мындай деп айтат:

«Олуялардын бардык кереметтери Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын эле муъжизалары». («Кашфул-махжуб» 257-бет)

Share via