03-хадис сабагы • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)ды сүйүү

Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай дегенин рабаят этет:

Валлазий нафсий би ядихий

Валлазий нафсий би ядихий

жаным колунда болгон Аллага касам,

лаа ю'мину ахадукум

лаа ю’мину ахадукум

араңардагы эч бир адам момун боло албайт,

хатта акууна ахабба илайхи мин ваалидихий ва валадихи

хатта акууна ахабба илайхи мин ваалидихий ва валадихи

мен ага атасынан да, балдарынан да сүйүктүрөөк жана сүйкүмдүүрөөк болмоюнча (ал момун болбойт). («Бухарий», Китаабул-ыйман, Баабу хуббир-Расуули минал-ыймани, 14-хадис)

Ошондой эле Азирети Анас (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)дын мындай дегенин рабаят этет:

лаа ю'мину ахадукум

лаа ю’мину ахадукум

араңардагы эч бир адам момун болбойт,

хатта акууна ахааба илайхи

хатта акууна ахааба илайхи

мен ага сүйүктүүрөөк болмоюнча,

мин ваалидихий ва валадихий ван-нааси ажмаъийн

мин ваалидихий ва валадихий ван-нааси ажмаъийн

атасынан да, балдарынан да, дүйнөдөгү бардык адамдардан да, («Бухарий», Китаабул – ийман, Баабу хубби-Расула минал-иймани, 15-хадис)

Жалпысынан, алганда көптөгөн адамдар өздөрүн мусулман деп айтышат. Өздөрүн нукура момун деп айтышат. Башка адамдар менен кайсы бир маселе боюнча пикир келишпестик пайда болуп калса, аларды каапыр дей башташат жана Ислам алкагынан айдап салышат. Мына ошондой адамдар кээде башкаларга көрсөтүү максатында сыртынан намаз-орозону да аткарышат жана өздөрүнүн сыртынан көрүнүүчү Исламды да өтө көйрөңдүүлүк менен билдиршет. Бирок жогорудагы эки хадисте Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) нукура мусулман болуу үчүн койгон шарт төмөнкүдөй: анын жүрөгү Алла тааладан кийин Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сүйүүсүнө жык толо болушу керек. Мейли ал ата-энесин сүйсүн, мейли өз балдарын сүйсүн, мейли өз жубайына жумшак көңүлдүк жана мээримдүүлүк менен мамиле кылсын, бирок эгер бир адамдын жүрөгүндө туугандарына болгон сүйүүсү, жакындарына болгон сүйүүсү, уулдарына болгон сүйүүсү анын дилинде Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)га болгон сүйүүсүнөн да катуураак болсо, анда ал адам чыныгы момун эмес. Көкүрөгүндө дүйнөдөгү ар бир тууганчылыктан, ар бир жакынынан да Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сүйүүсү жана ышкы катуураак болгон адам гана чыныгы момун боло алат. Ошондой эле ушул сүйүү тек оозеки эле болбостон, ураандарды кѳтөрүү жолу менен гана билдирилбестен, чыныгы жана нукура сүйүү болушу керек. Белгилүү болгондой, эгер бир адам өзүнүн ата-энесинин сөзүнө кирсе, бирок Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын буйругун аткарбаса, эгер өз балдарын сүйсө жана аларды сүйгөндүктөн алардын талаптарын аткарса, бирок Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын буйруктарына моюн сунбаса, анын мен Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)ды сүйөм деген билдирүүсү – бул алдамчылык гана. Бул доордо Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды сүйүү, аны жакшы көрүү, ага моюн сунуу жана ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын буйруктарын аткаруу боюнча эң күчтүү үлгүнү Азирети Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалам) (1835-1908) көрсөткөн, ал (алайхиссалам) аны өзүнүн төмөнкүдөй ырында билдирген:

БАЪД АЗ ХУДА БА-ИШКИ МУХАММАД МУХАММАРАМ ГАР КУФР ИЙН БАВАД БА-ХУДА САХТ КАФИРАМ

БАЪД АЗ ХУДА БА-ИШКИ МУХАММАД МУХАММАРАМ
ГАР КУФР ИЙН БАВАД БА-ХУДА САХТ КАФИРАМ

Котормосу: Алла тааладан кийин мен Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сүйүүсүнө чөгүп кеткенмин, эгер ушул (сүйүү) каапырлык болсо, Алла тааланы күбө кылып айтам: анда мен ашынган каапырмын. («Изаала-э-Аухаам», «Руханий хазааин», 3-том, 185-бет)

Чектеш темалардын мазмуну