Нигерде Пайгамбардын туулган күнүнө байланыштуу ыйык майрам
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Нигерде Пайгамбардын туулган күнүнө байланыштуу ыйык майрам

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар гүлдөр нигер

Нигерде 12-РабийъулАввал, тактап айтканда, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын туулган күнүн белгилөө майрамына байланыштуу уюштурулган ишчарага Ахмадия Мусулман Жамаатынын делегациясынын катышуусу

Нигердеги мусулмандардын көпчүлүгү сунни агымына, айрымдары Азала (Ваххаби), калгандары Тажания (Барелвий агымына жакыныраак) агымына киришет. Жыл сайын 12-Рабийъул-Аввал майрамына карата бүткүл өлкө бою Мавлуд[1] атынан программалар уюштурулуп, ага түн бою уктабай зикир чалуу, орозо тутуу жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын урматына ырларды айтуу аземдерин өткөрүү кирет. Ушул сыяктуу бир иш-чарага катышуу үчүн Ахмадия Мусулман Жамаатынын миссионерине чакыруу жолдонгон, учурдан пайдаланып Жамаатыбыздын кабарын жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын туулган күнүн туура  жана исламдык каада-салттар менен белгилөө жолу менен тааныштыруу максатын көздөп, ал чакыруу кабыл алынган.

Ошентип, 4-ноябрь, Шаршемби күнү, куптан намазынан кийин Гуидан-Румжи жеринин аймактык бышчасы Маулудду уюштуруп, ага Гуидан-Румжи бөлүмүнүн миссионерибиз урматтуу Эъзаз Ахмад мырза Жамаатыбыздын делегациясы менен чогуу катышты. Иш-чарага Гуидан-Румжинин мэри, район башкаруучусу жана айлана-тегерегиндеги кыштактардын имамдары көп санда катышышты. Бул учурда ардактуу миссионерибиз Жамаатыбызды гана тааныштырбастан, Курани Карим жана хадис, ошондой эле Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)дын айткандарынын негизинде, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га салаваат жолдоо жана жыл бою Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын өрнөктүү жашоосуна карата жыйындардын өткөрүлүшүнүн маанилүүлүгүн айтып, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га болгон өз сүйүүбүздү, ал (саллаллааху алайхи ва саллам)га салаваат жолдоо, куттуу өмүр баянын кайра-кайра окуу жана ага ылайык амал кылуу жолу менен гана билдире алабыз деп айтты. Буга байланыштуу ардактуу миссионерибиз өкмөттүн негизги өкүлдөрү жана имамдарга Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын өмүр баянына арналган Жамаатыбыздын «Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жашоосу» аттуу китебинин французча котормосун белекке тапшырды.

Алла Таала колдоп, ушул аземге катышкандарга Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды жан-дили менен сүйгөн, Учурлук Имамдын Жамаатына кошулуу насип этсин деп дуба кылабыз. Амийн

(Репортажды даярдаган: Каусар Жамийл. «Ал-Фазл Интернэшнл» гезитинин өкүлү)

٭…٭…٭

[1] Сүйүктүү Пайгамбарыыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын туулган күнү.

Чектеш темалардын мазмуну
Share via