Алты ыйман шарты • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Алты ыйман шарты

кырк хадис

Ахмадия-ыйман

Котормосу: Азирети Умар бин аль-Хаттаб (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын баяндаган: «Ыйман – бул сенин Алла Таалага, Анын периштелерине, Анын Китептерине, Анын пайгамбарларына жана акырет күнүнө, тагыраак айтканда, жаза жана сыйлык күнүнө ишенүүӊ. Андан тышкары, Алла Тааланын жакшы жана жаман тагдырына да ишенүүӊ. («Сахих Муслим», Ыйман китеби)

Түшүндүрмөсү: Ушул хадисте Ислам таалимдеринин негизинде алты негизден турган ыйманга чечме берилген:

  1. Дүйнөнүн Жалгыз Жаратуучусу жана Кожоюну экендиги себебинен ыймандын борбордук чекити болгон Аллага ыйман келтирүү.

Эсиңерде болсун, араб тилинде «Алла» сөзү Жалгыз Кудайдан башка бирөө үчүн да колдонулбайт жана ал «баардык айып-кемчиликтерден таза», «баардык касиеттердин Ээси», «бардык илим-билимдердин Жыйындысы» жана «баардык күч-кубаттардын Башаты» деген Затты билдирет.

  1. Алла Тааланын көзгө көрүнбөгөн, бирок өтө маанилүү жаратылышы болгон периштелерге ишенүү. Периштелер Алла Тааланын буйругу астында ушул аалам системасын жүргүзүүчү жана Алла Таала тарабынан жаратылган каражаттарга көзөмөлчү. Мындан тышкары, периштелер Алла Таала жана Анын пайгамбарларынын ортосунда кабар жеткирүү куралы да болушат.
  2. Дүйнөнү Алла Тааланын каалоосунан кулактандырууга курал болгон Алла Таала тарабынан түшкөн Китептерге ишенүү. Ушул Китептердин арасында эң акыркы жана түбөлүк Китеп – бул Курани Карим. Ал убактылуу жана өзгөчө коомдорго келген мурунку баардык шарияттарды (бекер) кылды, эми кыямат күнүнө чейин Курандан башка эч бир шариат жок.
  3. Өздөрүнө кез-кези менен Алла Таала тарабынан Китептер түшүп турган жана өздөрүнүн иш жүзүндөгү үлгүсү менен Алла Тааланын каалоосун дүйнөгө ачыктап турушкан Алла Тааланын пайгамбарларына ыйман келтирүү. Алардын арасында акыркы шарият ээси болгон пайгамбар жана пайгамбарлардын мөөрү – бул Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам), ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Адам уулдарынын Жетекчиси, пайгамбарлардын Сыймыгы жана пайгамбарлардын Эң абзели.
  4. Өлүмдөн кийин келе турган акырет күнүнө ыйман келтирүү, анда адам баласы жаңы жашоого ээ болуп, дүйнөдө жасап жүргөн жакшы же жаман амалдарына кун (сыйлык же жаза) алат.
  5. Алла Таала тарабынан дүйнөдө иштеп жаткан мыйзам сыпатында турган жакшы жана жаман тагдырга ишенүү. Тагыраак айтканда, дүйнөдөгү табият мыйзамы жана шарият мыйзамынын экөөсү теӊ Алла Таала жараткан мыйзам деп ишенүү. Алла Таала гана ушул баардык материалдык жана руханий системанын Негиздөөчүүсү жана Көзөмөлчүсү. Алла Таала ар бир иш жөнүндө, мейли ал руханий болсун, мейли материалдык болсун, төмөнкүдөй усулду (принципти) белгилеп койгон: эгер мындай кылсаңар, анын төмөнкүдөй мыкты натыйжасы чыгат, эгер тигиндей кылсаңар, анын төмөнкүдөй жаман натыйжасы чыгат. Андан тышкары, Алла Таала Өзү жараткан мыйзамдын Ээси да. Кайсы бир маселелер боюнча, эгер Ал Өзү айтып берген Сүннөтүнө же Убадасына же Сапатына жана Алла Таалага каршы болбосо, Ал Өзүнүн пайгамбарлары жана такыба пенделери үчүн өзгөчө кырдаалда табияттан тышкары ошол мыйзамды өзгөртүшү мүмкүн. Муъжиза-кереметтер курамы жалпысынан, ошол табияттан тышкары мыйзамга таандык нерсе. («Кырк бермет», 15-17-бет)
Share via