Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га туш келген беш оор учур • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га туш келген беш оор учур

Ислам Мухаммад дин

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам) мындай деп айтат:

«Эске салсак, Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)га беш өтө оор учур туш келген, аларда аман калышы мүмкүн эместей көрүнчү. Эгер ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Аллахтын чыныгы Элчиси болбогондо, анда албетте жок болмок. Алардын бири, Курайш Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)дын үйүн курчоого алып, биз аны бүгүн сөзсүз өлтүрөбүз деп ант берген учур болгон. Экинчиси, капырлар бир топ тобу менен ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Абу Бакр (разияллааху анху) менен бирге жашынып жүргөн үңкүргө жетип барышкан учур. Үчүнчүсү, «Ухуд» согушунда ал (саллаллааху алайхи ва саллам) жалгыз калып, жана капырлар аны курчап алышып, ага көптөгөн кылычтар менен кол салышып, бирок бирөөсү да жардам бербеген учур. Бул муъжиза (керемет) болчу. Төртүнчүсү, бир жүйүт аялдын ал (саллаллааху алайхи ва саллам)ды этине уу кошуп, ууландыргандыгы, ал уу өтө тез жана өлүмгө дуушар кылуучу болгон жана ага аябай көп уу кошулган болчу. Бешинчиси, Персия падышасы Хосров Парвиз ал (саллаллааху алайхи ва саллам)ды өлтүрүүгө бел байлап, жана кармоо үчүн өз аскерлерин жөнөткөн өтө коркунучтуу учур болгон.

Демек, Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)дын ушул бардык коркунучтуу учурлардан кутулуп, акыры, ушул душмандардын бардыгын жеңгендиги, чындыгында ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын чынчыл болгонуна жана Аллах Тааланын ал (саллаллааху алайхи ва саллам) менен бирге болгонуна күчтүү далил».

(Чашма-э-Маърифат, Руханий Хазааин, 23-том, 263-264-беттердеги түшүндүрмө)

Share via