Шайтандан алыс болуу

«Шайтан адамды адаштыруу жана анын иш-аракеттерин бузуу үчүн ар дайым акмалап турат. Ал түгүл аны жакшы иштерде дагы адаштыргысы келет жана кандайдыр бир бүлүк салуу иш-чараларын ойлоп турат. Адам намаз окуганда да, кожо көрсүндүк ж.б. кандайдыр бир бүлүк салууну каалабайт. Имам-хатибди дагы ушул балээге дуушар кылгысы келет. Демек, анын кол салуусунан эч качан коопсуздуктамын деп ойлонбошу керек, анткени анын бузукуларга жана күнөөкөрлөргө жасаган чабуулдары ачык, алар анын аӊы болот окшойт, бирок ал Захиддер[1]ге да кол салбай койбойт жана кандайдыр бир мүмкүнчүлүк таап, аларга да кол салат. Аллах Тааланын берешендиги астында болгон жана шайтандын эӊ майда тентектерин билгендер сактануу үчүн Алла Тааладан дуба сурап турушат, бирок азырынча чийки жана алсыз болгондор кээде алардын курмандыгына айланышат. Кожо көрсүндүк, өзүмчүлдүк ж.б.дан сактануу үчүн Маламатий[2] деген агым өзүнүн жакшылыктарын жашырып, өзүнүн жаман жактарын ачыкка чыгарып турат. Алар: «Ушул ыкмада биз шайтандын кол салууларынан коопсузбуз», – деп ойлошот, бирок менимче, ал да жетик эмес, алардын жүрөгүндө дагы Бир Кудайдан башка (кудайча)лар дагы бар. Эгер Кудайдан башка (кудайча)лар болбогондо, алар муну эч качан жасашмак эмес. Адамдын жүрөгүндө эч бир түр же түстөгү (кудайчалар) калбай калганда гана адам маърифат жана Сулуук[3]та кемел (жетик) боло алат жана бул пайгамбарлар (алайхимуссаллам)дын тайпасы гана. Ал ушунчалык кемчиликсиз бир топ, анын жүрөгүндө Алладан башка эч ким таптакыр жокко эсе». (Малфузаат, 3-том 630-631-беттер)
[1] Дүйнөгө кызыкпаган, дүйнөдөн оолак болуучу, ибадат кылуучу такыба инсан.
[2] «Тасаввуф» агымдарынын бири.
[3] «Жол» дегенди билдирет. «Тасаввуф» жолдорунун бири.