Кайгыга оролгон жакшы кабар • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Кайгыга оролгон жакшы кабар

Шейит, Алла жолунда өлгөндөр

(28-майга байланыштуу бир макала)

Аллах Таала Ыйык Куранда мындай деп айтат:وَ لَا تَقُوۡلُوۡا لِمَنۡ یُّقۡتَلُ فِیۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ اَمۡوَاتٌ ؕ بَلۡ اَحۡیَآءٌ وَّ لٰکِنۡ لَّا تَشۡعُرُوۡنَАллах жолунда өлтүрүлгөндөрдү өлүк дебегиле, (алар) тирүү, бирок силер түшүнбөйсүӊөр. («Ал-Бакара» сүрөөсү, 155-аят)

2010-жылдын 28-май күнү кадимкидей эле башталган. Бул жума күнү жана Ахмадий үй-бүлөлөрдө Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)дын буйругуна ылайык, жума күнү айт сыяктуу эле болот. 28-май күнү да Жамаат мүчөлөрү жуунуп-тазаланып, таза кийим кийинип, жума намазын окуганы мечиттерге барышкан. Бирок жок, … бул кадимки күн эмес, … бул өзгөчө күн болчу. Ал күн Ахмадия Мусулман Жамаатынын тарыхына жаңы бурулуш киргизип, жаңы тарыхты жазуусу керек эле. Бүгүн Ахмадийлердин чыдамдуулугун жана кайраттуулугун сыноо керек болчу. Бүгүнкү күн кандай гана сыноо жана кыйынчылыктар болбосун, Ахмадийлер сабырдуулукту эч качан колдон беришпейт деп айтышы керек болчу. Бүгүн «акыркылар» кантип «биринчилер» менен жолугушууну билүү күнү болду. Мындан бир миӊ төрт жүз жыл мурун сахабалар (разияллааху анхум) жасаган курмандыктар бүгүн эскерилиши керек эле.

Ошол күнү Лахордогу Ахмадия Мусулман Жамаатынын эки ири мечити «Даруз-Зикр» Гархи Шаху жана «Байтун-Нур» Модал-Таунга террористтер бардык Ахмадий туугандар – Ансаарлар, Худдаамдар жана Атфалдар жума намазга чогулушканда, кол салышкан.

Террористтер мыкаачылыгын жана жапайычылыгын чегине жеткиришкен, Ахмадия Мусулман Жамааты болсо, ал сабырдуулугун чегине чыгарышкан. Куралсыз сыйынуучуларды атуу, бомба жана граната менен чабуул коюу, бейкүнөө адамдарды шейит кылуу, аябай көп инсандарды союп жиберүү. Мындай учурларда, кыйкырыктарды, үшкүрүктөрдү жана онтолорду башкаруу кыйын болуп калат, бирок азамат! Бул Кудайдын Жамааты, Алла жолунда курман болгон бул руханий жарадарлар. Үшкүрүктүн үнү эч жерден чыккан эмес, эч жерден кыйкырык жана онто үнү чыккан жок. «Байтун-Нур» мечитинде Жамаатыбыздын миссионери (имам-хатиби) Жамаат мүчөлөрүн дуба кылууга чакырган, өзү да көтөрүӊкү үн менен салаваатты окуп турган, дубаларды сурап жаткан, анан бара-бара бул үн азайып бара берип, андан кийин бул үн Ахмадият тарыхында өлбөс болуп калган. … Ах … Жамаатыбыздын миссионери (имам-хатиби) шейит болду.

«Даруз-Зикр» мечитиндеги кырдаал да «Байтун-Нур» мечитинен айырмаланган эмес, андан да олуттууураак (татаалыраак) болчу. Бул жерде Жамаат мүчөлөрүнүн саны абдан көп болчу, террористтер дагы көп болчу. Ошентсе да, Жамаатыбыз көрсөткөн сабырдуулук жана кайраттуулук үлгүсүнө бир дүйнө күбө болду.

Бул ырайымсыз жана жапайычылык кол салуунун натыйжасында 86 Ахмадий мусулман шейит болуп, дагы бир нече адам жара  9кат алышкан. Бул Ахмадия Мусулман Жамаатынын тарыхындагы эң ири жана эң азаптуу жалпы шейит болуу окуясы болду.

Лахордогу Жамаатыбыздын Амири Шейх Мунир Ахмад мырзага Худдаамдар сиз кетишиңиз керек, сиздин жаныӊыз өтө кымбат деп айтышкан. Ал бул жерде Жамааттын бир адамы болсо дагы, мен кетпейм деп жооп берген. Анан аталган Амир сахиб Худдаамдарга силер өз өмүрлөрүӊөрдү сактап калууӊар керек деп айтканда, Худдаамдар Амир Сахиб турган жерде эле биз барбыз дешкен. Бул Худдаамдардын кумарлыгы Муса (алайхиссаллам)дын жолдошторуна окшош болгон эмес, тескерисинче Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)дын улуу мартабалуу сахаабалардыкына окшош болгон. Ал Худдаамдар Амир сахибдин оӊ жагына жана сол жагына ок атуудан жыгылып жатты. Лахордогу Жамаатыбыздын Амир Сахибинин көкүрөгүнө үч ок тийип, ал Алланын алдында ийгиликтүү болуп, шейит болду. Амир Сахибдин Жамаат мүчөлөрү үчүн акыркы керээзи салаваат окуу эле болчу.

(Бул окуяны Амир Сахиб Лахордун аялы көңүл айтуу учурунда айтып берген)

Ушундай ак ниет адамдарды Ахмадия Мусулман Жамаатыдан башка жерден табууга болобу, ал жерде бардыгы бири-бирин сактап калууга аракет кылышкан. Ар бир жабыркаган адам экинчисине суу берүүнү каалаган.Тирүү калган балдар биз дагы шейит болсок экен деп жатышкан. «Байтут-Таухийд» Мажлисинин ошол кездеги президенти урматтуу Табассум Закария айымдын уулу бул кан төгүү талаасынан кутулуп, үйүнө келгенде, үй-бүлө мүчөлөрү биз сиздин Гаазий[1] болуп калганыӊызга кубанычтабыз, бирок сиз шейит болгонуңузда, биз сыймыктанмакпыз деп айтышкан. Мухаммад Ариф Насийм мырза жана урматтуу Атия Ариф айымдын уулу гранатаны колу менен кармап, өзүн курмандыкка чалып, Ахмадий бир туугандарын куткарып калды. Бир уулу шейит болуп, экинчиси жаракат алып, ооруканада жаткан энелери көп болду. Бир кишинин эки жаш уулу шейит болду. Бул Аллахтын Жамааты, булар улуу энелер, алар кадимки дүйнө энелериндей үшкүрүүнүн, кайгыруунун жана жоктоонун ордуна, Аллах Тааланын ыраазычылыгына ыраазы болушкан.

Азирети Халифатул Масих IV (рахимахуллах) Мирза Гулам Кадыр Шахид шейит болгондо, мындай деген эле:

«Сыймык да, кайгы да бар …».

(«Хутбаат-э-Тахир шейиттер жөнүндө», 10-бет)

Азирети Халифатул Масих IV (Аллах ага ырайым кылсын) минтип баяндайт:

«Бул кайгы менен бактылуулуктун кабары. Бактылуулуктун себеби, Аллах Таала тарабынан насип этилген шейиттик түбөлүк жашоонун сүйүнчүсү болот. Бул улуу жаңылык болот жана анда биринчилер үчүн кайгы да болот …».

(1999-жылдын апрелинде болгон «Урду тили классынан» алынган)

Ошентип, булар кайгыга оролгон сүйүнүчтүү кабарлар: энелер жашка толгон көздөрү менен уулдарынын шейит болушу менен куттукттоолорду кабыл алып жатышты жана аялдар өз күйөөлөрүнүн шейит болгонуна кубанып жатышты. Ошентип, Жамаат мүчөлөрү Азирети Халифатул Масих IV (рахимахуллах) айткан жогорудагы сөздөрдү иш жүзүндө аткаруу бактысына ээ болушту.

Лахордогу Жамаатыбыздын Амир Сахибинин урматтуу жубайы чыдамдуулук жана кайраттуулуктун аска ташындай болуп көрүнгөн. Ал киши Амир сахиб дүйнөлүк жана Жамаат катары өтө салтанаттуу өмүр өткөргөн жана өтө мыкты ыкмада дүйнө салган деп айтат. Үч күн мурун ал түшүндө «арты кайырлуу болот» деген үндү укканын айтып берген. Бул үн ага үч жолу угулган. Ал бул түштү Амир Сахибге айтып бергенде, ал бул түш мен же сен жөнүндө деп жооп берген. Бул жакшы түш. Бул түш Хузурга да факс аркылуу жөнөтүлгөн. Акыры, Амир Сахибдин аягы, жакшы аяктады. Террористтер жазыксыз адамдардын канына өз колдорун боёгон, ал эми Ахмадия Мусулман Жамаатынын шейиттерине түбөлүк жашоо тартуулап кетишти.

Түндүк кантынын тургуну урматтуу Малик Абдур-Рашид Шахид мырзанын жубайынын айтымында, Малик Сахиб көп учурда Лахордогу «Карак Хауста» жума намазын окучу. 28-майда ал киши Азирети Убада кылынган Реформатор (разияллааху анху) сооп үчүн ири мечиттерде дагы жума намазын окуу керек деп айткан дейт. Ал киши жума намазын окуганы «Даруз-Зикр» мечитине барып, шейит даражасын алган. Ал чакырылган болчу окшойт.

Урматтуу Рашид Хашмий Шахид мырзанын аялынын айтымында, ал эки-үч жумадан бери ден-соолугуна байланыштуу жума намазын окуганы барган эмес. Ал күнү кыздарым ден-соолугума байланыштуу мени токтотуп калбасын деп эрте таӊдан баштап эле жума окуганы «Даруз-Зикр» мечитине барам дей баштаган. Ошентип, ал «Даруз-Зикр» мечитине барып, шейит болуу даражасын алган. Бул адамдар автоматтык түрдө шейит болуу статусун алуу үчүн «Даруз-Зикрге» жана «Байтун-Нурга» жөнөшкөн окшойт.

Урматтуу Рашид Хашмийдин кызы Халида Танвирдин айтымында, атасы «Даруз-Зикр» мечитине, ал эми күйөөсү «Байтун-Нур» мечитине жума намазга барышкан. Мен дуба сурап отурганымда, атамдын шейит болгонун жана жолдошумдун Газий болгону тууралуу уккам. Алхамдулиллах!

Генерал (ред) Насир Ахмад мырзанын үй-бүлөсү мындай айтып беришти: ал улуу аскер офицери катары өмүрүн армияда өткөргөн. Армияда шейит болуу мүмкүнчүлүгүн ала алган эмес, анткени ал дин жолунда шейит болуу даражасын алышы керек болчу. Ошентип, салтанаттуу өлүмү менен жакшы аяктаган дешет.

Шейх Мухаммад Юнус мырза бир нече ай мурун «Икбал» шаарчасынан «Вапда» шаарчасына көчүп келген болчу, балким, шейит болуу жыпар жыты аны сүйрөп алып кеткен. Бул үй-бүлө Рабвахтан Лахорго эки жыл мурун көчүп келишкен.

«Даруз-Зикр» мечитинин сыртында бир молдо Ахмадия Мусулман Жамаатынын мечиттерине кол салуу менен элди куттуктап, кол салгандар түз бейишке кетишет деп айтып жатса, айрым жерлерде молдокелер таттууларды да таратышкан. Бул адамдар өздөрүн Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)дын үммөтүбүз деп жатышабы, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) душмандын өлүмүнө да кубанбагыла деп айткан эмес беле? Худдаамдардын бири бул кырсык анын жалкоолугун жана алсыздыктарын кетирип, ишенимин мурдагыдан да арттырганын айтты. Албетте, сыноолор жана кыйынчылыктар кудайлык Жамааттарды жок кыла албайт, тескерисинче, аларга кайраттуулук жана туруктуулук берүү үчүн келет, аларды бекемдейт, алардын ишенимин жана санын мурдагыдан да көп эсе арттырат.

Жамааттын чыдамкайлыгынын, чечкиндүүлүгүнүн, кайраттуулугунун жана баатырлыгынын бул көрүнүшүн бир дүйнө көрдү, алар мечиттерден эч кандай кыйкырыктарды уккан жок. Рабвах акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышууга барып турушту жана абдан чыдамдуулук жана кайраттуулук менен сөөктөр жерге берилген. Ар бир көздө жаш бар болчу, бирок кайраттуулугу жогору даражада болчу. Эгер кимдир бирөө ыйласа, экинчиси ага бул Ахмадия Мусулман Жамаатынын стили эмес деп көӊүлүн көтөрчү.

Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)дан бир сахааба баласы Азирети Ибраахим (разияллааху анху) каза болгондо, эй, Пайгамбар! Сиз дагы ыйлайсызбы деп сураганда, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) бул балдарга болгон сүйүү сезими, көз жаш агызып, жүрөк кайгырат, бирок биз Раббибизди нааразы кыла турган эч нерсе айтпайбыз деп айткан.

ہو فضل تیرا یا رب یا کوئی ابتلاء ہو

راضی ہیں ہم اُسی میں جس میں تیری رضا ہو

Эй, Алла! Сенин берешендигиӊ болобу же кандайдыр бир сыноо болобу,

Биз Сенин ыраазычылыгыӊ менен гана ыраазыбыз.

Азирети Халифатул Масих V Лахор шейиттери жөнүндө мындай деп айтат:

«Аллах Таала бул бриллианттарды Ислам жана Ахмадият асманында жаркыраган жылдыздар түрүндө кооздоп, жаңы галактикаларды жараткан жана бул галактикалар биз үчүн жаңы жолдорду ачкан».

«Бул адамдардын бардыгы … Ахмадияттын тарыхында, Кудай буюрса, ар дайым жаркыраган жылдыздардай жаркырап турушат».

(2010-жылдын 4-июнунда окулган жума кутбасы)

Бүгүнкү күндө Ахмадия Мусулман Жамааты гана жер жүзүндө биринчилер көрсөткөн таза үлгүлөрдү көрсөткөн жападан-жалгыз Жамаат жана албетте Ахмадия Мусулман Жамааты гана биринчилерге кошула турган акыркылардын Жамааты.

Эскертүү: Лахор районундогу Лажна Имааиллахтын төрайымы урматтуу Сахибзадий Биби Фаузия Шамим айым жана анын көзөмөлдүгү астында Лахордогу Садрлар жана Мажилис Амилалар 28-майда шейит болгондордун үйлөрүнө барып, көңүл айтышты. Көӊүл айтуу жүрүшүндө шейиттердин үй-бүлөлөрү эмнелерди айтып берген болсо, ал ой-пикирлер ошол эле учурда жазылып алынган жана ал ушул макалада келтирилген. Аллах Таала бардык шейиттердин даражаларын бийик кылып турсун. Оомийин.

(Макалачы: Шазия Басит Хан – Остин, США)

[1] Алла Таала жолунда каапырлар менен согушуп, согуштан жарадар болуп кайткан баатыр.

Share via