Ташаххуд маалындагы дубалар • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ташаххуд маалындагы дубалар

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк заманбап технология

Азирети Абдулла (разияллааху анху) бин Масъуд мындай деп айтат: «Биз Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын артында туруп, намаз окуганыбызда, Аллага тынчтык болсун деп айтчубуз. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан: «Алла Өзү Салам (Тынчтыктын башаты), силер намазда Каъда ахвалында болгонуӊарда төмөндөгүдөй дубаны окугула:

التَّحِيَّاتُ لِلَّهِ وَالصَّلَوَاتُ وَالطَّيِّبَاتُ السَّلَامُ عَلَيْكَ أَيُّهَا النَّبِيُّ وَرَحْمَةُ اللَّهِ وَبَرَكَاتُهُ السَّلَامُ عَلَيْنَا وَعَلَى عِبَادِ اللَّهِ الصَّالِحِينَ أَشْهَدُ أَنْ لَا إِلَهَ إِلَّا اللَّهُ وَأَشْهَدُ أَنَّ مُحَمَّدًا عَبْدُهُ وَرَسُولُهُ- صحيح البخاري, كتاب الاستئذان

Окулушу: Атта-хиййаату лиллаахи вас-сала-ваату ват-таййи-баату, ас-салааму алайка аййу-хан-Набиййу ва рахматуллаахи ва баракаатуху, ас-салааму алайнаа ва алаа ибаа-диллаахис-саалихийн, аш-хаду аллаа илааха иллаллааху ва аш-хаду анна Мухаммадан абдухуу ва расуулух. («Сахих ал-Бухарий», Китаабул-Исти’заан)

Котормосу: Бардык белектер Аллага гана таандык, ошондой эле бардык ибадаттар жана таза (мактоо-алкоолор) да Ага гана таандык. Эй, Алланын Пайгамбары! Сизге тынчтык болсун. Сизге Алланын рахматтары жана берекелери болсун! Бизге жана Алланын такыба пенделерине (да) тынчтык болсун. Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок деп күбөлүк берем жана Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Анын пендеси жана Элчиси деп да күбөлүк берем.

Чектеш темалардын мазмуну
Share via