Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га дайыма салаваат окуп тургула
Ушул үчүнчү Байъат шартында: «Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га Салаваат окууга аракет кылат жана үзгүлтүксүз аны аткарат», – деп кезигет. Бул жөнүндө Алла Таала Курани Каримде мындай дейт:اِنَّ اللّٰہَ وَمَلٰٓئِکَتَہٗ یُصَلُّوۡنَ عَلَی النَّبِیِّ ؕ یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا صَلُّوۡا عَلَیۡہِ وَسَلِّمُوۡا تَسۡلِیۡمًاКотормосу: Албетте, Алла жана Анын периштелери Пайгамбарга рахмат жөнөтүшөт. Эй, ыйман келтиргендер! Силер дагы анын үстүнө салаваат жана көп-көп салам жибергиле. («Ал-Ахзааб» сүрөөсү: 57)
Азирети Абдулла (разияллааху анху) бин Амар бин Ал-Аас Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)дын: «Силер азанчынын азан чакырып жатканын угуп, ал айта турган сөздөрдү силер да кайталагыла. Анан мага Салаваат жолдогула. Кимде-ким мага Салаваат жолдосо, Алла Таала ага он эсе рахматтарды түшүрөт. Мен үчүн бейиш мартабаларынын бири болгон Васийланы Алла Тааладан сурагыла. Ал Алланын пенделеринин арасынан бир эле пендеге берилет. Ал (пенде) мен боломун деп үмүт кыламын. Кимде-ким Алладан мен үчүн Васийла сураса, ага шапаат адал болуп калат», – деп айтканын рабаят этет. («Сахих Муслим», Китаабус-Салаат, Баабул-Кавли мисла кавлил-Муаззин лиман самиъаху сумма йусаллий ъалан-Набиййи (саллаллааху алайхи ва саллам)
Демек, Алла Тааланын ыраазычылыгына ээ болуу үчүн, Алла Таалага жетүү үчүн, дубаларыбызды Алла Тааланын алдында кабыл кылдыруу үчүн биз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды Васийла[1] кылуубуз керектигин баары билүүлөрү лаазым. Хадисте кезиккендей жана Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) дагы айткандай анын эң жакшы жолу – көп-көп Салаваат окуу керек.
اللَّهُمَّ صَلِّ عَلَى مُحَمَّدٍ وَعَلَى آلِ مُحَمَّدٍ كَمَا صَلَّيْتَ عَلَى إِبْرَاهِيمَ وَعَلَى آلِ إِبْرَاهِيمَ إِنَّكَ حَمِيدٌ مَجِيدٌ
اللَّهُمَّ بَارِكْ عَلَى مُحَمَّدٍ وَعَلَى آلِ مُحَمَّدٍ كَمَا بَارَكْتَ عَلَى إِبْرَاهِيمَ وَعَلَى آلِ إِبْرَاهِيمَ إِنَّكَ حَمِيدٌ مَجِيدٌ
Азирети Аамир бин Рабиъа (разияллааху анху) Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай дегенин рабаят эткен: «Мага Салаваат жолдой турган мусулман качанга чейин мага Салаваат жолдоп турса, ошол убакытка чейин периштелер ага Салваат жолдоп турушат. Кааласа муну кемитсин, кааласа аны көбөйтсүн».
Азирети Умар бин Хаттааб (разияллааху анху) мындай дейт: «Дуба асман менен жердин ортосунда туруп калат. Сен өз Пайгамбарың (саллаллааху алайхи ва саллам)га Салаваат жолдомоюнча анын бир бөлүгү дагы (Кудай Тааланын алдына сунушталуу үчүн) жогоруга көтөрүлбөйт».
(«Сунан Тирмезий», Китаабул-Витр, Баабу маа жаа’а фий фазлис-Салаати ъалан-Набиййи (саллаллааху алайхи ва саллам)
Азирети Абдулла бин Масъуд (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын: «Кыямат күнү адамдардын арасынан мага эң жакын болгон киши алардын арасынан мага эң көп Салаваат жолдогон киши болот», – деп айтканын рабаят этет. («Сунан Тирмезий», Китаабул-Витр, Баабу маа жаа’а фий фазлис-Салаати ъалан-Набиййи (саллаллааху алайхи ва саллам)
Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам) Салавааттын берекелери туурасындагы өзүнүн жеке тажрыйбасын төмөнкү сөздөр менен баяндайт:
«Бир ирет бир узак мезгилге чейин Салаваат окуу менен, тактап айтканда, Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га Салаваат жолдоо менен алек болуп турдум, анткени Кудай Тааланын жолдору абдан ичке жана татаал болгондуктан, Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын Васийласысыз насип боло албайт деп бекем ишенчү элем. Кудай Таала да мындай дейт: «Вабтагуу илайхил васийлах»[2]. Анан бир мөөнөттөн кийин мен мындай Кашф[3] көрдүм: эки суу ташыгыч, тактап айтканда, суу ташуучу адам келип, бири ички жолунан, экинчиси тышкы жолу менен менин үйүмө киришти. Алардын желкелеринде нур чаначтары бар эле жана алар: «Хаазаа бимаа саллайта ъалаа Мухаммадин», – деп айтышты». («Руханий хазаайин», 22-том, «Хакийкатул-Вахий», 128-бет, түшүндүрмө)
Котормосу: Бул – сен Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га жолдогон Салаваатыңдын берекелери.
Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам) мындай дейт:
«Салаваат себептүү… мен Алла Тааланын берешендиктеринин ажайып нур түрүндө Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)га кетип баратканын, анан ал жерге жетип, Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын көкүрөгүнө сиңип кеткенин көрүүдөмүн. Анан ошол жерден чыгып, чексиз түтүкчөлөргө айланып, ар бир муктажга укугуна жараша жетүүдө. Албетте, Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын Васийласысыз эч бир берешендик башкаларга жете албайт. Куттуу Салаваат эмне? Бул – Алланын Пайгамбары (саллаллааху алайхи ва саллам)дын ушул нур түтүкчөлөрүн чыгара турган «Аршын» кыймылдатуу. Алла Тааланын берешендиги жана жардамына татыктуу болууну каалаган ар бир киши ошол берешендик менен жардамды кыймылдатуу үчүн көп-көп Салаваатты жолдоосу керек». («Ал-Хакам», газетасы, 1903-жыл 28-февраль, 7-бет)
Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам) мындай дейт:
«Чындыгында, адамзат пенде, тагыраак айтканда, кул. Кулдун иши – кожосу ага эмнени буюрса, ошону кабыл кылуу. Ошол эле сыяктуу эгер Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын берекелерине татыктуу болууну кааласаңар, анда ага кул болгула. Курани Каримде Алла Таала: «Кул йаа ъибаади йаллазийна асрафуу ъалаа анфусихим», – деп айтат. Ушул жерде пенделердин мааниси – макулук эмес, кулдар гана. Ардактуу Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) пенде болгондугу үчүн ал (саллаллааху алайхи ва саллам)га Салаваат жолдогонуңар лаазым. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын эч бир буйругуна баш ийбестик кылбай, бардык буйруктарына амал кылгыла». («Ал-Бадр» газетасы, 2-том, 14-сан, 1903-жыл 24-апрель, 109-бет)
Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам) мындай дейт:
اللَّهُمَّ صَلِّ وَسَلِّمْ وَبَارِكْ عَلَيْهِ وَاٰلِهٖ بِعَدَدِ هَمِّهٖ وَغَمِّهٖ وَحُزْنِهٖ لِهٰذِهِ الْاُمَّةِ وَاَنْزِلْ عَلَيْهِ اَنْوَارَ رَحْمَتِكَ اِلَي الْاَبَدِ
(«Руханий хазаайин», 6-том, «Баркаатуд-Дуъаа», 11-бет)
Котормосу: Эй, Алла! Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) жана анын тукумуна Салаваат, тынчтык жана берекелер жолдогун. Анын дилинде ушул үммөт үчүн болгон кайгы жана дарттардан да көбүрөөк рахматтар жана берекелерди (жолдогун) жана ал (саллаллааху алайхи ва саллам)га Өз рахматыңдын нурларын дайыма түшүрүп тургун.
[1] «Курал-ортомчу» дегенди билдирет.
[2] Ал аркылуу Васийла издегиле. («Ал-Мааида» сүрөөсү: 36)
[3] Уйку сыяктуу ахвалда Алла тааладан вахий-аян алуу. Олуялардын руханий тажрыйбасы.