Ушул доордогу бекем чеп – Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам)
Дагы ал (алайхиссалам) мындай деп айтат:
«Эй, менин кымбаттууларым! Менин сүйүктүүлөрүм! Менин денем-бактын жап-жашыл бутактары! Алла Тааланын силерге болгон рахматынан силер мага Байъат кылгансыңар жана өз жашооңор, тынчтык-ырахатыңар, мал-мүлкүңөрдү ушул жолдо курман кылуудасыңар. Албетте, мен билемин: мен силерге эмнени айтсам, аны кабыл алууну өзүңөргө бакыт деп билесиңер жана колуңардан келишинче аны аябайсыңар. Бирок силердин кызматтарыңар мен айткандан улам аргасыздан эмес, тескерисинче чын жүрөктөн болсун үчүн ушул кызматка кандайдыр бир анык нерсени өз тилим менен силерге парыз кыла албаймын. Менин досум ким? Менин сүйүктүүм ким? Ошол – мени тааныган бирөө. Мени ким тааныйт? Менин жиберилгендигиме ишенген бирөө гана. Ошондой эле башка жиберилгендердин кабыл кылынганындай эле мени кабыл кыла турган бирөө гана. Дүйнө мени кабыл кыла албайт, анткени мен дүйнөдөн эмесмин. Бирок табиятына тигил ааламдан үлүш берилгендер мени кабыл алышат жана андан ары кабыл кылып турушат. Мени таштай турган бирөө мени Жөнөткөндү таштайт. Мени менен байланыша турган бирөө мени Жөнөткөн менен байланышат. Менин колумда бир чырак бар, мага келген адам андан сөзсүз жарык алат. Бирок, азгыруу жана жаман ой себебинен алыстай турган бирөө караңгылыкка ыргытылат. Ушул доордун бекем чеби – менмин. Мага кирген киши уурулар, каракчылар жана жапайылардан өзүн сактайт. Бирок менин дубалдарыман алыс турууну каалаган бирөөнү өлүм туш тараптан курчоого алыптыр. Анын сөгүүсү да сак калбайт. Мага ким кирет? Ошол – жаманчылыкты таштай турган, жакшылыкты тандай турган, ийриликти таштай турган, чындыкка кадам шилтей турган, ошондой эле шайтандын кулчулугунан кутулуп, Алла Таалага баш ийүүчү пенде боло турган бирөө гана. Ошондой кыла турган бирөө менден жана мен анданмын. Бирок кимди Алла Таала Нафси Музаккаа[1] көлөкөсүнө салып койсо, ал гана ошондой кылууга кудуреттүү болот. Ошондо, Ал анын напсисинин тозогунун ичине өз бутун коюп коёт. Ошондо, ал анын ичинде эч качан от болбогондой муздап калат. Анан ал абдан өсүп-өнүгүп кетет, а түгүл Алла Тааланын руху аны менен турат жана бир өзгөчө нур (тажаллий) менен бүтүн ааламдардын Раббиси анын дилине жайгашат». Тактап айтканда, Алла Таала анын жүрөгүнүн үстүндө Өз «аршын» курат). «Ошондо анын эски адамдыгы күйүп, кандайдыр бир жаңы жана таза адамдык-инсанияттык ага тартуу кылынат. Ошондой эле Алла Таала дагы кандайдыр бир жаңы Кудай болуп, ага өзгөчө алакасын орнотот жана бейиштик жашоодогу бардык таза каражаттар ушул эле ааламда ага берилет». («Руханий хазаайин», 3-том, «Фатх-э-Ислам», 34-35-беттер)
Алла Таала баарыбызга Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам) менен кылган бардык убадалардын үстүнөн чыгуу мүмкүнчүлүгүн берсин. Анын бардык Байъат шарттарына бекем туруктуу бололу, анын таалимине амал кылган бойдон ушул жашообузду да бейишке айландыралы, тигил дүйнөдөгү бейиштерге да мураскер бололу. Алла Таала бизди колдосун. Аамийн!
(Англиянын Лондон шаарында жайгашкан «Фазл» мечитинде 2003-жылы, 19-сентябрь күнү окуган жума кутбасынан алынган).
[1] Тазаланган, ааруу кылынган жан.