Маъруф жана Маъруф эместин аныктамасы
Кээде айрым кишилер Маъруф чечим же Маъруф буйруктарга баш ийүүнүн айлампасына түшүп, өздөрү да (Жамаат) системасынан чыгып кетишет, башкаларды да бузушат жана айлана-чөйрөдө кээ бир маселелерди чыгарып жаткан болушат. Аларга айкын болсун: алар өздөрүнчө Маъруф жана Маъруф эмес чечимдерге аныктама берип жүрбөсүн. Муну чечмелеп жатып Азирети Халифатул-Масийхил-Аввал (разияллааху анху) мындай деп айтат:
«Дагы бир жаңылыш – «Биз Маъруф эмес деп билген иштерде баш ийбейбиз», – деп Маъруф боюнча баш ийүүнү түшүнгөндүгү. Бул сөз Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) үчүн да колдонулган. «Валаа йаъсийнака фий маъруфин». («Ал-Мумтахина» сүрөөсү: 13). Эми ошондой адамдар Азирети Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын айып-кемчиликтеринин да кандайдыр бир тизмегин түзүшкөн беле? Ошондой эле Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) дагы Байъат шарттарында «таа’ат дар маъруф»[1] деп жазган. Мында кандайдыр бир сыр бар. Мен силердин бирөөңөр тууралуу да жаман ойго такыр барбаймын. Араңардагы бирөөңөр ичи-ичинен алданып калбасын деп мен ушул нерселерди ачык-айкын баяндап койдум». («Хутбаат-э-Нур», 420-421-беттер)
Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) «йаъмурухум бил маъруфту» чечмелеп жатып мындай айткан:
«Ушул Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) акылга каршы болбогон иштерге буюрат. Акыл дагы тыюу сала турган иштерге тыюу салат. Таза нерселерди адал кылат, таза эмес нерселерди арам деп айтат. Коомдор басылып калган жүктү алардын баштарынан алып салат. Моюндар түзүлүүгө мүмкүнчүлүк бербей турган моюнтуруктардан моюндарын куткарат. Демек, ага ыйман келтире тургандар өздөрүнүн кошулуусу менен ага күч-кубат беришет, ага көмөк көрсөтүшөт жана аны менен түшүрүлгөн нурду ээрчишет. Алар дүйнө жана акырет кыйынчылыктарынан кутулушат». («Руханий хазаайин», 21-том, «Бараахийн-э-Ахмадия хисса панжжум», 420-том)
Ошентип, пайгамбар Алла Тааланын амирлеринен четтебегенден кийин, пайгамбардан кийин анын ишин (миссиясын) улантуу үчүн момундар жамааты аркылуу Алла Таала тарабынан дайындала турган Халифа дагы Алла Таала Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) аркылуу бизге жеткирген жана Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдын-ала кабарларына жараша Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) чечмелеген таалимдер жана буйруктарга чакырат. Эми Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдын-ала кабарларына ылайыктуу Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) аркылуу Жамаатта орноп калган Хилаафат системасы Иншааллаах кыяматка чейин туруктуулук кылат. Анда шарият жана акылга жараша эле чечим чыгарылган жана Иншааллаах чыгарылат. Мына ошол Маъруф чечимдер. Эгер кандайдыр бир мезгилде учурлук Халифа кандайдыр бир жаңылыш же түшүнбөстүк айынан кандайдыр бир зыяндын ыктымалы бар чечимин чыгарса да, Алла Таала анын натыйжалары жаман чыкпасына Өзү чара көрөт. Бул жөнүндө Азирети Муслих Мавъуд (разияллааху анху)[2] мындай дейт:
«Жеке менчиктүү маселелерде учурлук Халифа жаңылышка жол коюшу мүмкүн. Бирок Жамааттын руханий жана денелик өсүп-өнүгүүсү таянган маселелеринде эгер ал катага жол койсо да, Алла Таала Өз Жамаатын коргойт жана кандай болбосун, ага ошол катачылыктан кабардар кылып коёт. Суфилердин термини боюнча бул Исмати Суграа[3] деп аталат. Тагыраак айтканда, пайгамбарларга Исмати Кубраа[4] насип болот, ал эми Халифаларга Исмати Суграа насип болот. Алла Таала алардын колунан Жамааттын набыт болуусуна себепкер болушу мүмкүн болгон кандайдыр бир олуттуу жаңылышка жол бербейт. Алардын чечимдеринде кичине же арзыбаган жаңылыштар жүз бериши мүмкүн, бирок соңку натыйжа төмөнкүдөй болот: Ислам жеңишке ээ болот жана алардын каршылаштары жеңилишет. Тактап айтканда, аларга Исмати Суграа насип болгондуктан, алардын көз карашы Алла Тааланын көз карашы болот. Шексиз, алардын өздөрү сүйлөшөт, алардын тилдери аракет-кыймылга келет, алардын колдору иштешет, алардын мээлери иштейт, бирок булардын баарынын аркасында Алла Тааланын колу турат. Алар арзыбаган каталарга жол коюулары мүмкүн, кээде алардын кеңешчилери дагы аларга туура эмес кеңештер берүүлөрү мүмкүн, бирок алардагы ушул тоскоолдуктардан өтүп алар ийгиликке жетишет. Баардык алкактар биригип, чынжыр болот, ал мыкты болот. Ушунчалык бекем болот, эч бир күч аны буза албайт». («Тафсийр-э-Кабийр», 6-том, 376-377-беттер)
Кыскасы, ачык бойдон Алла Таала жана шарияттын буйруктарына каршы чыккан нерсенин Маъруф эместиги айкын болуп калды. Төмөндөгү хадис дагы ошону колдойт: Азирети Али (разияллааху анху) мындай деп рабаят этет: Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бир кошуунду жөнөттү. Ага адамдар кулак салып, ага баш ийсин деп бир кишини аскер башчысы кылып дайындады. Ал киши от жактырып, өз жолдошторуна: «Буга киргиле!» – деп буйрук берди. Кээ бир адамдар: «Биз оттон сактануу үчүн мусулман болгонбуз», – дешип анын сөзүнө кулак салышпады. Бирок айрым кишилер отко кирүүгө даяр болуп калышты. Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) муну угуп: «Эгер алар ага киришкенде, түбөлүккө отто калышмак», – деп айтты. Дагы: «Алла Таалага баш ийбестик кылуу боюнча эч кандай баш ийүү парз эмес, баш ийүү Маъруф иштерде гана зарыл», – деп айтты». («Сунан Абу Давуд», Китаабул-Жихаад, Баабу фит-Таъа)
Азирети Абу Саъийд Худрий (разияллааху анху)нун бир рабаяты муну дагы кеңирирээк чечмелейт.
Азирети Абу Саъийд Худрий (разияллааху анху) мындай рабаят эткен: Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бир казат үчүн Алкама бин Мужаззарды жөнөттү. Ал өз казатынын белгилүү жайына жеткенде же жолдо болгондо аскерлердин бир бөлүгү андан уруксат сурады. Ошондо, ал киши аларга уруксат берип, Абдулла бин Хузаафа бин Кайс Ас-Сахмийди жетекчи кылып дайындады. Мен ошол казатка баргандардын арасында болчумун. Алар али жолдо болчу, алар жылынуу же тамак даярдоо үчүн от жагышты. Ошондо Абдулла (мүнөзү кызык болчу): «Мени угуп, баш ийүү силерге парз эмеспи?» – деп сурады. Алар: «Албетте, ошондой», – деп жооп беришти. Ошондо Абдулла бин Хузаафа (разияллааху анху): «Мен силерге буюрган ар бир буйрукту орундатасыңарбы?» – деп сурады. Алар: «Ооба, биз орундатабыз», – деп жооп беришти. Ошондо Абдулла бин Хузаафа (разияллааху анху) силерге: «Отко киргиле!» – деп буйрук беремин. Ошондо, кээ бир адамдар ордунан туруп, отко кирүүгө даярдана баштады. Анан Абдулла алардын чынында отко кирүүгө даяр болгонун көрүп: «Өзүңөрдү (отко киргизүүдөн) тыйгыла», – деп айтты.
Анан биз ушул казаттан кайтканыбызда, сахаабалар ушул окуяны Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га айтып беришти. Ошондо Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам): «Жетекчилер арасынан силерди Алла Таалага баш ийбестик кылууга буюрган бирөөгө баш ийбегиле!» – деп айтты. («Сунан ибни Маажа», Китаабул-Жихаад, Бааб ли итааъати фий маъсиятиллаах)
Баш ийбестик кылуу чечими дагы жалгыз кишинин чечими болбогондугу да ушул хадистен ачык-айкын болуп калды. Ар кандай жагдайда да Амирге[5] баш ийүү керектигин угушканда айрым кишилер отко кирүүгө даяр болуп калган. Алардын пикиринче, кандай жагдай болбосун, кандай ахвал болбосун, ар кандай кырдаалда Амирге баш ийүү – Ислам таалими. Бирок Алла Тааланын буйруктарын жакшыраак түшүнгөн, Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын көлөкөсүндө тарбия алган кээ бир сахаабалар аны четке кагышты. Натыйжада, кеңешкенден кийин эч ким ага амал кылбады. Себеби, бул – өзүн-өзү өлтүрүү. Өзүн-өзү өлтүрүүнүн Исламда арам экендиги анык. Экинчиден, алардын жетекчиси Абдулла бин Хузаафа (разияллааху анху) дагы кээ бир кишилердин олуттуу экенин көрүп, коркуп кетти жана: «Бул – болгону тамаша сөз», – деп аларды кайтарды.
Ушул оукядан кийин Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Маъруф эмне жана Маъруф эмес эмне деп Маъруфтун ачык-айкын принцибин айкындаштырып көрсөттү. Айкын болсун: пайгамбар же учурлук Халифа тамаша катары да эч качан ошондой ишке барбайт. Ошондуктан, Алла Таала айткан: эгер Амир тарабынан кандайдыр бир ачык буйрукка каршы иш кылынса, анда Алла жана Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га кайрылгыла. Эми ушул доордо Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам)дан кийин Хилаафати Раашида[6] орношуп калды, ошол үчүн учурлук Халифага кайрылгыла. Анын чечими ар дайым Маъруф чечим гана болот, Алла жана Анын Пайгамбары Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын көрсөтмөлөрүнө гана ылайык болот.
Мен илгери да айтып өткөндөй, силерге сүйүнчү! Эми силер түбөлүккө Маъруф чечимдердин астындасыңар.
Ушул күндөрдө бир кызматчы жакшы иштеп жаткан болчу, аны бошотуп, анын ордуна башкасын коюп коюшту деп арызданышат. Учурлук Халифа же Жамаат системасы туура эмес чечим чыгарып, Маъруф эмес чечим чыгаргандай туюлат. Алардын колунан башка эч нерсе келбегендиктен, алар: «Ушул чечим Маъруф эмес чечим катарына кирет (алар өздөрүнчө аныктаманы чыгарып алышыптыр), ошол үчүн ооз ачууга биз укуктуубуз», – деп ойлонушат. Биринчиден, ар кайсы жерде отуруп, (Жамаат) башкармачылыгына каршы сүйлөшүүгө эч ким укуктуу эмес. Бул маселени мен илгертеден кеңири баяндап бергенмин. Силердин милдетиңер – баш ийүү гана. Баш ийүүчүлүктүн өлчөмү канчалык? Алла Таала Курани Каримде мындай айтат:وَاَقۡسَمُوۡا بِاللّٰہِ جَہۡدَ اَیۡمَانِہِمۡ لَئِنۡ اَمَرۡتَہُمۡ لَیَخۡرُجُنَّ ؕ قُلۡ لَّا تُقۡسِمُوۡا ۚ طَاعَۃٌ مَّعۡرُوۡفَۃٌ ؕ اِنَّ اللّٰہَ خَبِیۡرٌۢ بِمَا تَعۡمَلُوۡنَКотормосу: Алар: «Эгер сен бизге буюрсаң, биз албетте, чыгабыз», – деп Алла наамынан бекем касам ичишти. Айткын: «Касам ичпегиле! Эреже боюнча баш ийгиле!» Албетте, Алла кылып жаткан амалдарыңардан дайыма кабардар. («Ан-Нур» сүрөөсү: 54)
Бул аятта мурунку аяттардагы баш ийүүчүлүк темасы улантылууда. Момундар дайыма ушундай айтышат: биз уктук, баш ийдик. Ошол такыбалуулук себептүү, алар Алла Тааланын жакын пенделери болуп калышат жана ийгиликке жетишет. Ушул аятта силер дагы момундар сыяктуу уккула жана баш ийүү үлгүсүн көрсөткүлө, биз мындай кылып коёбуз, тигиндей кылып коёбуз деп касам ичпегиле деп айтылган. Азирети Муслих Мавъуд (разияллааху анху) ушул аяттын чечмесинде мындай жазган: эки жүздүүлөр да чоң доо кылышат го. Чыныгы нерсе – иш жүзүндө баш ийүү керек. Ушул жерде Алла Таала ошондойлорго айтууда: баш ийүүчүлүктүн белгилүү ыкмасында, эрежеге ылайыктуу баш ийгиле. Пайгамбар силерге шариятка каршы, акылга каршы буйрук бербейт. Мисалга, Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) мындай деп айтат: мени кабыл алдыңар, эми беш маал намазды орундатууга көнгүлө. Жалган сүйлөбөгүлө. Текеберликти таштагыла. Адамдар укугун тепсебегиле. Өз ара ынтымактуу жашагыла. Мунун баары Маъруф иштерде баш ийүүчүлүккө кирет. Мындай иш кылбагыла: сиз эмнени буюрсаңыз, биз ошону аткарууга касам ичебиз деп айтып жүрө бербегиле. Ошондой эле Халифалар тарабынан да мезгил-мезгили менен руханий өсүп-өнүгүүлөр үчүн ар кандай кыймылдар башталган. Маселен: мечиттерди абат кылуу, бала-чаканы тарбиялоо, өзүн сабырдуулукка үйрөтүү, даъват иштерин жүргүзүү же түрдүү финансылык кыймылдар өңдүү чакыруулар. Мына ошолорго баш ийүү зарыл, же башкача сөздөр менен айтканда, Маъруф иштер да баш ийүүчүлүккө кирет. Пайгамбар же Халифа силерге Алла Тааланын амирлери жана акылга каршы иштерге буйрук бербейт. Силерге отко киргиле, же деңизге түшкүлө деп айтпайт. Алар дайыма силерге шарият боюнча багыт беришет.
[1] Маъруф боюнча баш ийуу.
[2] «Убада кылынган реформатор» дегенди билдирет. Азирети Масийхи Мавъуд жана Имам Махдий (алайхиссалаам)дын экинчи Халифасы Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху)нун лакабы.
[3] Кичүү даражадагы такыбалык, пакизалык жана бейкүнөөлүк.
[4] Улуу даражадагы такыбалык, пакизалык жана бейкүнөөлүк.
[5] Жетекчи жана жолбашчы.
[6] Туура жана хидаят жолундагы халифалык.