Текеберлик менен шайтандын ортосунда кандайдыр бир терең алака бар
Ал (алайхиссалаам) дагы мындай дейт:
«Ооба, ушундай адамдар бар, чындыгында, алар пайгамбарлардан миллиондогон эсе төмөнкү даражада болушат, эки күн намаз окуп, текеберлене башташат. Ошондой эле аларда орозо жана ажылык аркылуу тазаруудан көрө текеберлик жана кожо көрсүндүк пайда болот. Билип койгула, текеберлик шайтандан келген жана шайтанга айландырып жиберет. Адамзат андан алыс болмоюнча, ал акыйкатты кабыл алуу жана Алла Тааланын берешендиктерине ээ болуу жолуна тоскоолдук болуп калат. Илим жагынан да, байлык жагынан да, келбет-сымбат жагынан да, өзүнүн үй-бүлө жана ата-теги жагынан да, кыскасы, эч жактан текеберленбөө керек. Анткени, көбүнчө ушул эле нерселер себептүү текеберлик пайда болот. Адамзат ушул көйрөңдүктөрдөн өзүн тазаламайынча, ал Алла Тааланын назарында ардактуу-жакын адам боло албайт, туйгу-сезимдердеги четке кагылууга ылайыктуу бөлүкчөлөрдү күйгүзө турган маърифат-билим ага тартууланбайт. Анткени, бул (текеберлик) шайтандын үлүшү, аны Алла Таала жактырбайт…».
Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) айтып жаткан нерсе мындай: кээ бир негизги нерселер болгондуктан, аларга да көңүл буруу керек, алардан абайлагыла. Кээ бир адамдар эки-үч күн намаз окуган соң: «Биз өтө такыба адам болуп калдык», – деп ойлоно башташат. Жүздөрүндө жасалма токтоолук жана текеберлик пайда болот. Кээде силер айрым чепкенчендерди колуна Тасбийх[1] алып, мечиттен чыгып келе жатканын көргөн болушуңар керек. Алардын моюндарынан эле мактанчаактык жана текеберлик көрүнүп турган болот. Шүгүрлөр болсун, Алла Таалага миңдеген шүгүрлөр болсун, Ахмадия Жамааты ошондой чепкенчендерден таза. Дагы ажылыктан кайткан соң анысын кайра-кайра жар салышат. Ошондой адамдардын орозолору дагы, ажылыгы дагы кожо көрсүндүк гана. Адамдар: «Баланча өтө такыба адам, көп орозо кармайт, ажылык кылган, жакшы адам экен», – деп айтсын үчүн гана мактануучулук менен аткарышат. Ушул баардык кожо көрсүндүк айынан текеберлик пайда болот. Дагы ал (алайхиссалаам) мындай айтты: кээ бир адамдар: «Биз өйдө турабыз. Баланча төмөн-пас, ал бизге эч тең келе албайт», – деп өзүмчүлдүгү айынан текеберленип жаткан болушат. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) мындай деп айтты: текеберликтин бир топ түрлөрү бар, алар силерди Алла Тааланын Маърифатынан[2] алыстатып коёт. Анын жакындыгынан узак алып кетет, анан акырындап адамзат шайтандын кучагына жыгылып кетет.
Ал (алайхиссалаам) дагы мындай деп айтат:
«Менимче, тазалануунун эң жакшы ыкмасы – мындан жакшыраак башка жол-жобо жок болушу керек – адам эч качан текеберленбесин жана мактанбасын, илим жагынан дагы үй-бүлө жана мал-мүлк жагынан дагы. Алла Таала кимдир бирөөгө көз тартуулаганда, ал ошол караңгылыктардан куткара турган ар бир жарыктын асмандан түшкөнүн, ошондой эле ар дайым асмандык жарыкка адамзаттын муктаж экенин көрүп алат. Асмандан келе турган күн жарыгы келмейинче, көз дагы көрө албайт. Ошондой эле ар кандай караңгылыкты кетирип, анын ордуна такыба жана тазалык нурун пайда кыла турган руханий жарык дагы асмандан гана келет. Мен акыйкатты айтып кетейин: инсандын такыбасы, ыйманы, ибадаты жана тазалыгынын баары асмандан келет жана ал Алла Тааланын берешендигине такалат, кааласа аны кармап турсун, кааласа аны алыстатсын.
Ошентип, нукура Маърифат төмөнкүдөй: адамзат өзүн жоготуп жиберген жана жок нерсе деп билсин, Алла Тааланын алдында жыгылып, жөнөкөйлүк жана карапайымдык менен Анын берешендигин сурасын жана напсинин сезимдерин күйгүзүп, ичинде кандайдыр бир жарык жана жакшылыктар үчүн күч-кубат пайда кыла турган Маърифат нурун сурасын. Анан эгер анын берешендигинин бир үлүшү ага насип болуп калса жана кандайдыр бир түрдөгү молчулук жана бейпилдик насип болсо, анда ага текеберленип мактанбасын, тескерисинче анын карапайымдыгы жана жөнөкөйлүгү дагы күч алсын. Анткени ал өзүн канчалык алсыз деп билсе, ошончолук көп маанайлар жана нурлар Алла Тааладан түшүп, ага жарык жана күч-кубат берет. Эгер адамзат ушул ишеничке ээ болсо, анда Алла Тааланын берешендиги менен анын адеп-ахлактуу ахвалы эң сонун болуп калат деп үмүт кылабыз. Дүйнөдө өзүн өйдө сезүү да текеберлик жана ошондой ахвалга айландырып жиберет. Анан адамдын абалы төмөнкүдөй болуп калат: ал башкаларга каргыш жиберет жана аларды төмөн-пас деп билет». («Малфузаат» жаңы басылыш, 4-том, 212-213-беттер)
Ал (алайхиссалаам) дагы мындай деп айтат:
«Текеберлик абдан коркунучтуу илдет. Кайсы адамда ал пайда болсо, ал ага руханий өлүм болуп калат. Албетте, мен ушул илдеттин өлүмдөн да катуу экенин билемин. Текебер адам шайтанга тууган болуп калат. Себеби, текеберлик шайтанды кордогон. Ошол үчүн момундун шарты ушундай: анда текеберлик болбош керек, тескерисинче жөнөкөйлүк, карапайымдык жана жупунулук болушу керек. Бул Алла Таала (элчи кылып) дайындагандарга таандык мүнөз, аларда эң жогорку даражалуу карапайымдык жана жөнөкөйлүк болот. Бул сыпат баарынан көп Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)да болчу. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын кызматчысынан: «Сизге ал (саллаллааху алайхи ва саллам) кандай мамиле жасачу?» – деп суралганда, ал: «Чындыкты айтсам, менден көбүрөөк ал (саллаллааху алайхи ва саллам) мага кызмат кылчу», – деп жооп берди. (Аллаахумма салли ъалаа Мухаммадин ва ъалаа аали Мухаммадин ва баарик ва саллим)». («Малфузаат», жаңы басылыш, 4-том, 437-438-беттер)
[1] Кыргызча теспе.
[2] Нукура илим-билим. Алла Таала жөнүндөгү илим-билим.