(Маанисиз) каада-салттардан оолак болгула
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Бөлүмдөр
  1. Баш сөз
  2. Байъат шарттары
  3. Байъат деген эмне?
  4. Байъаттын мааниси – өзүн Кудай Таалага тапшыруу
  5. Алла Таала тарабынан Байъат алууга буюрулгандыгы
  6. Байъаттын максат-мүдөөлөрү
  7. Байъат алуунун башталышы
  8. Биринчи Байъат шарты
  9. Кудай Таала Ширкти кечирбейт
  10. Ширктин ар кандай түрлөрү
  11. Экинчи байъат шарты
  12. Эң чоң жаманчылык – жалган сүйлөө
  13. Зынаадан сактангыла
  14. Жаман көз менен кароодон сактангыла
  15. Баш ийбестик жана бузукулуктардан оолак болгула
  16. Зулумдук кылбагыла
  17. Кыянатчылык кылбагыла
  18. Бүлүк салуудан сактангыла
  19. Чыккынчылык жолдорунан абайлагыла
  20. Кызуу кандуулукка берилбегиле
  21. Үчүнчү Байъат Шарты
  22. Беш маал намазды калтырбай орундаткыла
  23. Тахажжуд намазын орундаткыла
  24. Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га дайыма салаваат окуп тургула
  25. Алладан дайыма кечирим сурап тургула
  26. Истигфаар жана тобо кылуу
  27. Алла Таалага мактоо-алкоо айтып тургула
  28. Абдан маанилүү жана керектүү тема
  29. Төртүнчү Байъат шарты
  30. Кечиримдүү болгула
  31. Эч кимге зыян келтирбегиле
  32. Карапайым жана жөнөкөй адам болгула
  33. Бешинчи Байъат шарты
  34. Кыйынчылыктар күнөөлөргө «каффараат» (кун) болуп калат
  35. Кырсыктын башталышында кылынган сабыр гана чыныгы сабыр болот
  36. Силер Алла Тааланын акыркы Жамаатысыңар
  37. Меникилер менден ажырашпайт
  38. Толук берилгендик жана туруктуулук үлгүсүн көрсөткүлө
  39. Алтынчы Байъат шарты
  40. Бидъат жана жаңы-жаңы (маанисиз) каада-салттарды четке кагуу керек
  41. Исламий таалим үчүн биздин жетекчибиз – Курани Карим
  42. Курани Карим гана – силердин жашооңор
  43. Жетинчи Байъат шарты
  44. Ширктен кийин текеберликтей башка балээ жок
  45. Текебер адам эч качан бейишке кирбейт
  46. Текеберлик менен шайтандын ортосунда кандайдыр бир терең алака бар
  47. Текеберлик – Кудай Тааланын алдында өтө жийиркеничтүү нерсе
  48. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын назарында жардылардын орду
  49. Сегизинчи Байъат шарты
  50. Ислам таалимдеринин корутундусу
  51. Исламдын тирилүүсү бизден кандайдыр бир «Фидя» сурайт
  52. Күнөөдөн кутулуунун куралы – ишенич
  53. Тогузунчу Байъат шарты жөнүндө
  54. Тогузунчу Байъат шарты
  55. Баарына жакшы мамиле кылуу таалими
  56. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) жана адамзатка карата боорукерлиги
  57. Онунчу Байъат шарты
  58. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) жана Учурлук Халифа менен тууганчылык байланышты орнотуу зарыл
  59. Маъруф жана Маъруф эместин аныктамасы
  60. Баш ийүүчүлүктүн эң бийик үлгүсү
  61. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам) ээлеген ар бир даража Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)ды ээрчигендигинен болгон
  62. Ар кандай жагдайда да баш ийүү зарыл
  63. Ким жамаат мүчөсү эсептелет?
  64. Өз ара тууганчылык жана сүйүү пайда кылгыла, ошондой эле Кудай Таала менен чыныгы алакаңарды орноткула
  65. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам)дын колунда байъат кылуунун эки пайдасы
  66. Ушул доордогу бекем чеп – Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам)
  67. Айрым окуялар
  68. Силерге куш кабар болсун! Эми силер дайыма «Маъруф» чечимдердин астындасыңар
  69. «Маъруф боюнча баш ийүүнүн» даанышмандыктан турган чечмеси жана түшүндүрмөсү
  70. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссаллам) аркылуу жүз берген руханий ыңкылап
  71. Ширктен оолак болуу
  72. Кызуу кандуулукка берилбөө
  73. Намаздарды калтырбай окуу жана Тахажжуд намазына берилүү
  74. Кызуу кандуулукту басуу
  75. Кээ бир окуялардын уландысы
  76. Оорчулукта жана молчулукта Алла Таалага бекем бойдон калуу
  77. Сабырдуулуктун теңдеши жок үлгүсү
  78. (Маанисиз) каада-салттардан оолак болгула
  79. Тамеки тартуунун зыяндуу таасирлери
  80. Лотерея адал эмес
  81. Ичимдиктин арамдыгы
  82. Курани Каримди сүйүү
  83. Карапайымдуулук жана жөнөкөйлүк
  84. Текеберчиликтен оолак болуу
  85. Динди дүйнөдөн жогору коюу
  86. Адамзатка кызмат кылуу жана чын ыкыластуулук жана ыймандуулук боюнча теңдеши жок үлгүлөр
  87. Ахмадий дарыгерлер өздөрүн динге арнасын
  88. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) менен теңдеши жок тууганчылыкты түзүү
  89. Жамаатка чын ыкылас менен берилгендердин балдарынын милдети
  90. Жаттардын (акыйкатты) моюнуна алгандыгы
Чектеш темалардын мазмуну

(Маанисиз) каада-салттардан оолак болгула

Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам): «Менин Жамаатыма мүчө болгон ар бир адам Курани Каримдин бардык буйруктарына амал кылуучу болсун, же эч болбогондо амал кылууга аракет кылуучу болсун, ага ыйман келтирүүчү болсун», – деп каалар эле. Эгер бир буйрукту эле четке какса, анын мени менен алакасы жок деп айткан. Ал: «Мага ыйман келтиргендер дүйнө каада-салттарынан жогору болуп, дүйнө кызыкчылыктары жана маанисиз-курулай каада-салттарынан оолак болуучу болсун, ошондой эле Алла жана Анын Пайгамбары Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) буюрган иштерин кылууга аракет жасоочу болсун», – деп каалачу. Алла Тааланын Пайгамбары Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Алла Таала Курани Каримде берген буйрукка эле буюрат. Ошол үчүн кимдир бирөө Азирети Айша (разияллааху анхаа)дан: «Бизге Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын кулк-мүнөзү туурасында айтып бериңиз», – деп сураганда, ал (разияллааху анху): «Куранды окубайсызбы, Курани Каримде баяндалган кулк-мүнөздүн өзү эле Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын кулк-мүнөзү болгон», – деп жооп берди. Ошондуктан, Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам) айтты: мен өзүмө Жетекчи жана Жолбашчы[1] болгонду ээрчиймин жана Курани Каримдеги ар бир буйрукту өзүмө Дастурул-Амал деп билемин. Эгер силер дагы ошондой ээрчүүгө аракет кылсаңар, анда менин Жамаатым сабына кошуласыңар. Байъат кылган соң Жамаат ошого жараша үлгүлөрдү да көргөздү.

Ушул жерде эң алгач бир аялдын үлгүсүн сунуш кыламын. Бул аял Азирети Чавдхрий Зафруллахан Сахиб (разияллааху анху)нун апасы эле. Анын жээни Чавдхрий Башийр Ахмад Сахиб Чавдхрий Сахибдин мындай деп жазганын рабаят этет: «Апам жаман каада-салттардан канчалык жийиркенгенин төмөнкүдөй окуядан билсе болот: менин тоюм учурунда (Чавдхрий Башийр Ахмаддын) никеден кийин мени аялдар бөлмөсүнө чакырышты. Айылдагы каада-салттар боюнча бетме-бет эки отургучту даярдаганын көрдүм. Анын бирине менин, экинчисине келиндин отуруусун күтүшүүдө. Пенжабча Беру Горий[2] ойноо деп аталуучу айрым каада-салттарды өткөрмөкчү болушту. Мен бир аз тынчсыздандым. Бирок: «Азыр аялдар менен талашып-тартышып, баш тартуу ыңгайсыз иш», – деп ойлоп, мага белгилеп коюлган отургучка отуруп алып, каада-салт үчүн даярдалып коюлган нерселерге кол сундум. Ошондо жеңем (Чавдхрий Сахибдин апасы) менин колумдан катуу кармап, четтетип: «Уулум, булар – Ширктин иштери», – деп айтты. Андан менин да көңүлүм көтөрүлдү, мен ошол нерселерди колум менен чачып жибердим жана ордуман туруп: «Мен мындай каада-салттарды орундатпаймын», – деп айттым. Ошентип, алардан кутулдум».

Бүгүнкү күндө да аялдар ошол нерсеге көңүл буруулары керек. Өз өлкө же ата журттун каада-салттарын ээрчүү тургай, тескерисинче кенедей Ширкти да туурай турган каада-салттардан, кайда болбосун, сактанууга аракеттенүү керек. Алла Таала бардык Ахмадий аялдарга ошондой шыктуулук менен өздөрүн жана өз тукумдарын тарбиялоо мүмкүнчүлүгүн насип этсин. Биздин өлкөлөрдөгү – Пакистан-Индия ж. б. (өлкө)лөрдөгү мусулмандарда кыздарга толук мурас бербөө салты бар. Айрыкча, айылда жашагандар, дыйкандар толук мурас берүүнү кой, таптакыр беришпейт. Буларга Чавдхрий Насруллахан Сахибдин бир үлгүсү кезигет. Чавдхрий Сахиб (Зафруллахан) мындай жазат: биздин эжебизге ошол доордун салтына жараша анын тоюнда атам абдан көп буюмдарды белек катары берди, анан: «Мен калтырып койгон мурасым Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын шариятына ылайыктуу эркек балдарга да, кыздарга да бөлүштүрүлүп берилет», – деп осуят да кылды. Ошентип, ал каза болгон соң анын кызына да шариятка ылайыктуу үлүш берилди.

[1] Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам).

[2] Индия-Пакистандагы тойлорго таандык салттардын бири.

Share via