Ким жамаат мүчөсү эсептелет?
Ал (алайхиссалам) мындай деп айтат:
«Биздин таалимибизди өзүнө Дастурул-Амал[1] кылган, ошондой эле өзүнүн кайраты жана мээнетине жараша ага амал кыла турган адам гана биздин Жамаатыбыздын мүчөсү эсептелет. Бирок атын жаздырып, таалимге ылайыктуу амал кылбай турган бирөө билип койсун: Алла Таала ушул Жамаатты өзгөчө Жамаат кылмакчы. Чындыгында эле ушул Жамааттан болбогон киши атын гана жаздырып коюп, ушул Жамаатта тура албайт. Ага кандайдыр бир мезгил келип, ал айрылып кетет. Ошондуктан, колдон келишинче өз амалдарыңарды берилип жаткан таалимге ылайыкташтыргыла».
Ал таалим эмне? Ал (алайхиссалам) мындай деп айтат:
«Чагым чыгаруучу сөздү сүйлөбөгүлө. Бүлүк салбагыла. Орой сөзгө сабыр кылгыла. Эч кимге жооп кайтарбагыла. Ким талашса, ага мээримдүүлүк жана жакшылык менен мамиле жасагыла. Сылыктыктын жакшы үлгүсүн көрсөткүлө. Алла Таала ыраазы болсун жана душман дагы: «Эми, бул киши Байъат кылгандан кийин өзгөрүптүр», – деп айтсын үчүн ар бир амирди чын дилден орундаткыла. Соттордо чыныгы күбөлүк бергиле. Ушул Жамаатка мүчө болуп кирген адам чын жүрөктөн, толук кайраты жана бүтүн күчү менен чынчылдыкты тутсун. Дүйнө аяктайын деп калды». («Малфузаат», жаңы басылыш, 3-том, 620-621-беттер)
Эми ушул жерде ал (алайхиссалам) чагым чыгаруучу сөздү сүйлөбөгүлө деп айтты. Кээ бир адамдардын ушундай адаты болот: алар көнүп калгандыктан «канааттануу» үчүн бир жердеги сөздү башка жерге жеткиришет, андан чагым чыгуу ыктымалы пайда болот. Адамдардын табияттары түрдүүчө болот, ошондуктан кимдир бирөөнүн алдында бирөө тууралуу сөз жүрсө, же кандайдыр бир ушак сөз ташыган болсо, кыскасы ким тууралуу кеп кылынган болсо, анда бул адам ошого ичинен кайгыруусу табигый нерсе. Менимче, ошондой капачылык пайда болбош керек. Ошондой чагымдарга бөгөт коюунун төмөндөгүдөй да жолу бар: ким тууралуу кеп салынган болсо, анын алдына барып: «Мен ушундай нерселерди уктум, сиз аны сүйлөдүңүзбү, же жокпу?» – деп тактап алуу керек. Ошентип, ал жерде маселе такталат жана ушундай чагымчылар оңолуп калат. Кээде ушундай да болуп калат: ошол чагымчылар үй-бүлөлөрдү үй-бүлөлөргө каршы тукурушат. Ошондой чагым сөздөрдөн өзүңөр да абайлагыла, чагымчылардан сактангыла. Мүмкүн болсо, аларды оңдоого аракет кылгыла. Мындан тышкары, жаманчылык-чагым түздөн-түз уруш-жаңжалдар жана орой сөздөрдөн пайда болот. Ошондон да чагымчылык чыгат. Ошол үчүн айтты: эгер мени менен тыгыз байланышкан болсоңор, менин таалимимди сүйсөңөр, анда менин таалимим ушундай: ар кандай чагым жана жаман иштерден оолак болгула. Силерде ушунчалык сабырдуулук жана чыдамкайлык болушу керек: эгер кимдир бирөө силерди сөксө да, сабыр кылгыла. Анан ушул таалимге амал кылган соң силер үчүн кутулуу жолдору ачылат. Силер Алла Таалага жакын болгондордун сабына кошуласыңар. Эч бир маселе боюнча талашып-тартышпаш керек. Чынчыл болуп туруп жалганчылардай ийилгиле. Ким силерге кандай мамиле кылса да, силер мээримдүүлүк жана чын ыкылас менен мамиле кылгыла. Адамдар силерге тартылып келе беришсин үчүн тилиңер ушунчалык таза, ушунчалык таттуу болушу керек, ичиңерден адеп-ахлак көрүнүшү керек. Айлана-чөйрөңөрдөгү ар бир киши силердин Ахмадий экениңерди билсин. (Бул – Ахмадий), андан эң жогорку даражалуу адеп-ахлактан башка эч нерсени күтүүгө болбойт. Силердин ошондой адеп-ахлактарыңар да башкаларды тартуу жана көңүл бурууларына себепкер болсун.
Дагы кээ бир кишилер соттошууларда жеке кызыкчылыгы үчүн жалган күбөлүктөр да беришет, калп соттошуп коюшат (жалган доо арыздары менен сотко кайрылышат). Мындай айтты: силердин жеке кызыкчылыгыңар да силерди чын күбөлүк берүүдөн тоспосун. Айрым адамдар мына ушул жерге[2], башка өлкөлөргө келүү үчүн кээде калп сүйлөшөт, мына ошондой нерселерден абайлагыла. Чыныгы акыбалга жараша арыз бергиле, эгер кабыл алынса, жакшы, болбосо кете бергиле. Кээде жалган сүйлөшкөнү менен да айрымдардын арыздары четке кагылат. Ошондуктан, чындыктын үстүндө туруп, сынап көргүлө, Иншааллаах пайда болот. Же четке кагылса да, эч болбогондо Алла Тааланын нааразычылыгына себепкер болбойт.
[1] Аткарууга түзүлгөн иш-пландар, эрежелер жана колдонмолор.
[2] Англия жана Европа.