Зынаадан сактангыла
Анан ошол экинчи шартта зынаадан сактануу шарты бар. Бул тууралуу Алла Таала мындай айтат:
وَ لَا تَقۡرَبُوا الزِّنٰۤی اِنَّہٗ کَانَ فَاحِشَۃً ؕ وَ سَآءَ سَبِیۡلًا
Котормосу: Зынаага жакындабагыла. Албетте, бул абийирсиздик жана өтө ыплас жол. («Бани Исрааийл» сүрөөсү: 33)
Бир хадисте мындай нерсе кезигет. Мухаммад бин Сирийн ПайгамбарСАВдын төмөнкүдөй насаат кылганын рабаят этет, анан узун бир рабаятты баяндаган. Анда мындай насаат бар: «Абийирдүүлүк жана чынчылдык зынаа менен жалган сүйлөөнүн каршысында жакшыраак жана түбөлүктүүрөөк». («Сунан ад-Даармий», Китаабул-Васаая, Баабу маа йустахаббу билвасияти минат-Ташаххуди вал калаами)
Бул жерде зынаа менен жалган сүйлөө – экөөсү тең чогуу баяндалган. Мындан жалган сүйлөөнүн канчалык чоң күнөө экенин билсе болот.
Азирети Масийхи МавъудАС мындай дейт:
«Зынаага жакын да барбагыла. Тагыраак айтканда, ушул ой жүрөктө пайда болушу мүмкүн болгон жыйындардан алыс болгула. Ушул күнөө жүз берүү коркунучу болгон жолдордон жүрбөгүлө. Зынаа кыла турган бирөө жаманчылыкты чокусуна чейин жеткирип коёт. Зынаа жолу – өтө жаман жол. Тактап айтканда, көздөлгөн максаттан тосот жана силердин соңку мекениңер үчүн өтө коркунучтуу. Никеге күчү жетпегендер өз абийирдүүлүгүн башка жолдор менен сактоосу керек. Маселен: орозо тутсун же аз жесин же өз жөмдөмдүүлүктөрүн ишке жумшасын». («Руханий хазаайин», 10-том, «Ислам усулдары философиясы», 342-бет)
Ал затАС мындай деп айткан: ой да дилде пайда болушу мүмкүн болгон нерселерден алыс болгула. Жаштар кээде муну сезбей калышат. Алар кино көрүүгө көнүп калышат. Көрүүгө боло турган эмес кинолорду көрүшөт. Моралдык жактан өтө төмөн-пас болот. Алардан да сактануу керек. Бул да зынаанын эле бир түрү.