Адамзатка кызмат кылуу жана чын ыкыластуулук жана ыймандуулук боюнча теңдеши жок үлгүлөр
Ахмадия Жамаатында элге жана адамзатка кызмат кылууга абдан көп басым жасалат. Ар бир бай-кедей өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша: «Качан мага мүмкүнчүлүк берилсе, мен Алла тааланын ыраазычылыгы үчүн адамдарга кызмат кылуу иштерин жасаймын», – деп аракет кылат. Эмнеге ар бир Ахмадийдин жүрөгү адамзатка кызмат кылууга ушунчалык ачык? Мунун себеби, биз «эгер силер Алла тааланын сүйүүсүнө татыктуу болууну кааласаңар, анын макулугуна жакшы мамиле кылгыла, алардын муктаждыктарына көңүл бургула. Бул силерди Алла Таалага жакындатуучу улуу курал» деген Исламдын көркөм таалимин унутуп жиберген элек. Ушул көркөм таалимди Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) өзүнүн Байъат шарттарынын негизги бөлүгү деп айтты: мени менен байланышканыңардан кийин өзүңөрдөгү бардык жөндөмдүүлүктөр жана нээматтар аркылуу Алла Тааланын пенделерине боорукер болуп гана турбастан, аларга жардам бергиле. Ошондуктан, жер титирөөдөн жабыр тарткандарга көмөк көрсөтүү үчүн Ахмадий баарынан алдыда. Сел суунун каптоосунан жабыр тарткандарга жардам берүүдө да Ахмадий баарынан алдыда. Кээде суунун катуу толкундарында агып, Ахмадий жигиттер чөгүп бара жаткандарды жээктерге жеткирип, өздөрү курман болушкан учурлар да болгон. Ошондой эле учурлук Халифа: «Африкадагы кедей балдардын таалим-тарбиясы үчүн жана оорулар айынан жапа чеккен, жабыр тарткан, даарыланууга шарты жоктор үчүн мектеп жана ооруканаларды ачууга акча керек болгон. Ар бир Ахмадийдин жүрөгүндө кыйынчылыктарга кабылган адамзатка карата боорукерлиги артынан Жамаат мүчөлөрү ушул акчаны камсыз кылсын», – деп жарыялаганда, ушул сүйүктүү Жамаат мүчөлөрү учурлук Халифанын ошол талабына жооп кылып жатып, суралган суммадан да бир нече эсе көбүрөөк акчаны учурлук Халифанын алдына койду. Анан учурлук Халифа: «Зарыл акча камсыз болду. Эми ошол мектептер жана ооруканаларды башкарыш үчүн дагы жумушчу күчү керек», – деп айтканда, дарыгерлер жана мугалимдер чын ыкылас менен өзүн көрсөтүштү. Азыркы учурда Африканын ахвалы салыштырмалуу жакшыраак. 1970-1980-жылдардын аралыгында бул Нусрат Жахаан Сакийм[1] башталганда, кырдаал абдан татаал болчу. Ошол адамдар кыйынчылыкта күн кечиришкен. Кээ бир дарыгерлер жана мугалимдер жакшы жумуш-кызматтарда иштеп жүрүшкөн, бирок жашоосун динге арнаган соң айыл жерлерине барып жашашкан. Көпчүлүк бейтапканалар жана мектептер айыл-кыштактарда жайгашкандыктан, ал жерде электр тогу да жок болчу, суу да жок болчу, бирок жапа тарткан адамдарга кызмат кылуу Байъат убадасын орундатуу үчүн эч кандай бар-жокко эч көңүл бурушкан эмес. Башында бейтапканалардын ахвалы өтө начар болчу: жыгач столго оорулууну жаткырып, жарыктын жетишсиздигинен бир нече шам-чырактар же газ шам менен жарык кылып, операцияга керектүү колдо болгон аспаптар – бычак, кайчылар менен ооруган адамга операция жасашып, мындай деп дуба кылышкан: «Эй, Алла! Менин колумда бар нерсе менен аны дарыладым. Менин Халифам мага: «Дуба менен дарылагыла, Алла Таала сиздин колуңузда шыпаа коюп коёт», – деп айткан эле. Сен Өзүң гана шыпаа бергин». Алла Таала дагы ошол курмандык кылуучу дарыгерлерди кадырлады жана дабаасы жок ооруулар шыпаа табышты. А түгүл дүйнө таң калышчу. Анан финансылык муктаждыктарды да Алла Таала мындай кандырды: чоң-чоң бай-дөөлөттүүлөр дагы шаардагы чоң бейтапканаларды таштап, биздин айылдык кичине бейтапканаларга келип, дарылатууну абзел көрүшчү. Ошондой эле мугалимдер дагы адамзатка кызмат кылуу шыктануучулугу артынан балдарга таалим-тарбия беришти. Бүгүнкү күндө да дарыгерлер менен мугалимдер кызмат аткарышууда. Алла таала ушул иштерди уланта берсин жана ушул бардык кызмат кылуучуларды чоң тартуулар менен сыйласын.
[1] Африка өлкөлөрүндөгү кедей-муктаждарга көмөк көрсөтүү максатында үчүнчү Халифа – Азирети Мырза Насир Ахмад (рахимахуллаах) жарыялаган проект. Ушул проект негизинде Африканын ар кайсы өлкөсүндө мектептер жана ооруканалар иштеп жатат.