Жаман көз менен кароодон сактангыла
Анан экинчи шартта үчүнчү түрдөгү жаманчылык – жаман көз менен кароодон сактануу. Бул эмне? Бул – көздү көзөмөлдөө.
Бир хадис боюнча Абу Рехаана бир казатта ПайгамбарСАВ менен бирге болгонун жана бир түнү ПайгамбарСАВдын: «Алла жолунда ойгоо болуп турган көзгө от арам жана Алладан кооптонуу айынан жаш төккөн көзгө от арам», – деп айтканын укканын рабаят этет.
Абу Шурайх мындай деп айтат: «Мен ПайгамбарСАВдын: «Алла Таала тыюу салган нерселерди кароодон ылдый караган көзгө от арам. Ошондой эле улук Алла жолунда жаракат алган көзгө да от арам», – деп айтканын бир рабаятчыдан укканмын». («Сунан Ад-Даармий», Китаабул-Жихаад, Баабу филлазий йасхару фий сабилиллаахи хаарисан)
Дагы бир хадисти Ибаада бин СаамитРА мындай деп рабаят этет: «ПайгамбарыбызСАВ: «Өзүңүз тууралуу мага алты нерсе боюнча кепилдик бериңиз», – деп айткан». (ПайгамбарыбызСАВ: «Мен сага бейиш куш кабарын беремин», – деп айтып жаткан). Ал затСАВ мындай деп айткан: «Сүйлөгөнүңөрдө чындыкты сүйлөгүлө. Сөз бергениңерде аны орундаткыла. Силерде аманат коюлганда, суралган учурунда аны кайтарып бергиле. (Азыр эртең деп алдабагыла). Өз уят жерлериңерди коргогула жана көзүңөрдү көзөмөлдөгүлө. Өз колдоруңарды зулумдуктан кайтаргыла». («Муснад Ахмад бин Ханбал», 5-том, 323-бет, Бейрут)
Азирети Абу Саъийд ХудрийРА ПайгамбарСАВдын мындай деп айтканын рабаят этет: «Жолдордо жыйындарды уюштуруудан абайлагыла». Алар: «Эй, Алланын Пайгамбары! Жолдордо жыйындарды уюштурууга биз аргасызбыз», – деп айтышты. Ошондо ПайгамбарыбызСАВ: «Андай болсо, жолдун акысын орундаткыла», – деп айтты. Алар: «Анын акы-укугу эмне?» – деп сурашты. Ал затСАВ: «Ар бир келип-кетүүчү кишинин саламына жооп бергиле, көздөрүңөрдү көзөмөлдөгүлө, жол сурап келген кишиге багыт бергиле, жакшы иштерге чакыргыла жана жагымсыз нерселерден кайтаргыла», – деп айтты». («Муснад Ахмад бин Ханбал», 3-том, 61-бет, Бейрут)
Азирети Масийхи МавъудАС мындай деп айтат:
«Адамзаттын табиятынын талаптарын жана кемчиликтерин эсепке алып, кырдаалга ылайык таалим берген Курани Карим кандай сонун-ажайып көз карашка ээ:
قُلۡ لِّلۡمُؤۡمِنِیۡنَ یَغُضُّوۡا مِنۡ اَبۡصَارِہِمۡ وَ یَحۡفَظُوۡا فُرُوۡجَہُمۡ ؕ ذٰلِکَ اَزۡکٰی لَہُمۡ
Ыйман келтиргендерге айтып кой: алар көздөрүн пас-төмөн каратсын жана өз тешиктерин коргосун. Ушул амал аркылуу алардын напсилери тазаланат. «Фурууж» сөзү уяттуу жер деген маанини эле билдирбейт, тескерисинче, кулак ж. б. тешиктер да ага кирет. Анда «махрам эмес»[1] аялдын ыры ж. б.ны угуу деген нерсеге да тыюу салынган. Дагы билип койгула, миңдеген тажрыйбалар далилдеп көрсөткөндөй, Алла Таала тыюу сала турган нерселерден, акыры, адам баласы кайтууга аргасыз болуп калат». («Малфузаат», 7-том, 135-бет)
Ал затАС дагы мындай дейт:
«Ислам шарттарга амал кылууну аялдар жана эркектер – экөөсүнө тең парыз кылган. Аялдарга буюргандай, эркектерге да Парда[2] кылууга буюрган. Көздөрдү көзөмөлдөөнү баса белгилеген. Намаз, орозо, зекет, ажылык, адал менен арамдын айырмасы, Кудай Тааланын амирлеринин каршысында өзүнүн адаттары менен каада-салттарын таштоо ж. б. ушундай тоскоолдуктар себептүү Исламдын эшиги абдан тар болот. Ошол үчүн ар бир адам ушул эшиктен кире албайт». («Малфузаат», жаңы басылыш, 5-том, 614-бет)
Мындан эркектерге: «Алар да көздөрүн дайыма ылдый каратуулары керек» деген нерсе айкын болуп калды болуш керек. Абийирдүүлүк аялдарга эле тийиштүү болбой, эркектерге да тийиштүү.
Дагы ал затАС мындай дейт:
«Кудай Таала Ихсаан деген мүнөзүн, тагыраак айтканда, абийирдүүлүккө ээ болуу үчүн эң жогорку даражалуу таалим эле бербей, тескерисинче, адамзатка абийирдүү болуп туруусу үчүн беш дабааны да айтып берди. Тактап айтканда, өз көздөрүн «махрам эмес» кишиге кароодон абайлоо; кулактарды «махрам эместердин» үнүн угуудан сактоо; «махрам эместердин» кысса-жомокторун укпоо; жаман иш-аракет жүз берүүсү мүмкүн болгон азем-чогулуштардан өзүн сактоо; эгер никеси болбосо, анда орозо ж. б.ны тутуу».
Ал затАС мындай дейт:
«Ушул жерде биз чоң чакырык менен айтабыз: бул улуу таалим Курани Карим баяндаган бардык иш-чаралар менен бирге тек Исламга гана таандык. Бул жерде эске алынаарлык дагы бир нерсе төмөнкүчө: демек адамдын кумар булагы болгон табигый абалы төмөндөгүдөй: андан адамзат кандайдыр бир жетик өзгөрүшкө ээ болмоюнча кутула албайт: анын кумар кусасы өз ордун жана маалын таап толкуй берет же башкача айтканда чоң коркунуч астына түшүп калат. Ошондуктан, Кудай Таала бизге: «Силер чоочун аялдарга эркин карай бергиле, алардын жасалгаларына көз сала бергиле жана алардын бийлери өңдүү башка өнөрлөрүн көргүлө, бирок таза назар менен карагыла», – деп таалим берген эмес. Ошондой эле: «Силер ошол чоочун жаш аялдардын ыр ырдаганын уга бергиле жана алардын сулуулук кысса-баяндарын да уга бергиле, бирок таза ой менен уккула», – деп да таалим берген эмес. Тескерисинче: «Мейли таза көз менен, мейли таза эмес көз менен, силер махрам эмес (жат) аялдарга да, алардын сулуу жерлерине да карабагыла. Ошондой эле мейли таза ой менен, мейли таза эмес ой менен, алардын жакшы үндөрүн да, алардын сулуулук кысса-баяндарын да укпагыла», – деп бизге баса белгилеген. Тескерисинче, адашпоо үчүн куду өлүмтүктөн жийиркенгендей, аларды угуу жана аларга кароону жек көрүшүбүз керек. Анткени, эркин-азат назарлар айынан кандайдыр бир мезгилде адашып калуунун ыктымалы бар. Демек, Алла Таала биздин көздөрүбүздүн, жүрөктөрүбүздүн жана коркунучтарыбыздын баарынын таза болушун каалайт. Ошол үчүн Ал ушул эң жогорку даражалуу таалимди тартуулаган. Шексиз, чеги жок эркиндик адашууга себепкер болуп калат». (Эгер кандайдыр бир тоскоолдук болбосо, анда адашууга себепкер болуп калат). «Эгер биз бир иттин алдына жумшак нан коюп, ал ит ошол нанды карабайт деген үмүттө болсок, анда биз ошол оюбуз боюнча жаңылыштабыз. Демек, Кудай Таала: «Напсинин каалоосун жашыруун аткарууга да мүмкүнчүлүк берилбесин жана жаман коркунучтар жүз бере турган кандайдыр бир учур да туш келбесин», – деп каалаган». («Руханий хазаайин», 10-том, «Ислам усулдары философиясы», 343-344-бет)
[1] «Жат, чоочун» дегенди билдирет.
[2] Көздөрүн көзөмөлдөө, ылдый каратуу; хижаб кийүү.