Баш ийүүчүлүктүн эң бийик үлгүсү
Баш ийүүчүлүктүн эң бийик мисал-үлгүсүн алгачкы доордогу мусулмандардан төмөнкүдөй кезиктирүүгө болот: бир согуштун учурунда Азирети Умар (разияллааху анху) согуш жетекчилигин Азирети Хаалид (разияллааху анху) бин Валийдден алып, Азирети Абу Убайда (разияллааху анху)га тапшырган эле. Хаалид (разияллааху анху) бин Валийд дурус башкарып жатат деп ойлонуп, Азирети Абу Убайда (разияллааху анху) андан согуш жетекчилигин албады. Азирети Хаалид (разияллааху анху) бин Валийд Азирети Умар (разияллааху анху) тарабынан ошондой буйрук келгенин билип, Азирети Абу Убайда (разияллааху анху)нун алдына барып: «Учурлук Халифанын буйругу келгендиктен, сиз ага дароо амал кылыңыз, мен сиздин жетекчилигиңиздин астында болууга эч арданбаймын. Мен жетекчи катары иштегенимдей, сиздин жетекчилигиңиз астында иштей беремин», – деп айтты. Мына – баш ийүүчүлүктүн өлчөмү. Эси жок бирөө: «Азирети Умар (разияллааху анху)нун ошол кездеги чечими Маъруф эмес болчу», – деп айтышы мүмкүн. Бул да жаңылыш ой. Азирети Умар (разияллааху анху) эмне себептен ошондой чечим чыгарганын биз билбейбиз. Ал (разияллааху анху)нун өзү жакшыраак билчү. Ырас, ошол чечиминде ачыгы шариятка каршы эч нерсе жок болчу. Ошондуктан, карасаңар, Алла Таала Азирети Умар (разияллааху анху)нун ушул чечимин талаага кетирген жок жана ушул согушта мусулмандар жеңишке жетишти. Согуштун учурунда кээде бир мусулмандын каршысында душмандын жүздөгөн желдети туш келди, буга карабастан согушта жеңиш насип болду.
Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам)га дагы Пайгамбар Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын теңдеши жок кулдугунда Хакам[1] жана Адал[2] даражасы тартууланды. Ошол үчүн, ушул доордо Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам)га баш ийүү жана аны сүйүү аркылуу гана: «Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)га баш ийебиз жана аны сүйөбүз», – деген билдирүүңөр чын деп далилденет. Ошентип, Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)ды ээрчишиңер аркылуу гана Алла Тааланы сүйөбүз деген билдирүүңөрдүн чындыгы далилдениши мүмкүн. Алла Таала мындай айтат:قُلۡ اِنۡ کُنۡتُمۡ تُحِبُّوۡنَ اللّٰہَ فَاتَّبِعُوۡنِیۡ یُحۡبِبۡکُمُ اللّٰہُ وَیَغۡفِرۡ لَکُمۡ ذُنُوۡبَکُمۡ ؕ وَاللّٰہُ غَفُوۡرٌ رَّحِیۡمٌКотормосу: Айт: «Эгер силер Алланы сүйсөңөр, анда мени ээрчигиле, ошондо Алла силерди сүйөт жана күнөөлөрүңөрдү кечирет. Алла өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу». («Аали Имраан» сүрөөсү: 32)
[1] Калыс.
[2] Адилеттүү.