Экинчи байъат шарты
«Ал жалганчылыктан, зынаадан, жаман көз менен кароодон, ошондой эле ар түрдүү баш ийбестик, бузукулук, зулумдук, кыянатчылык, козголоң жана чыккынчылык жолдорунан сактанат. Ошондой эле кызуу кандуулугу канчалык күчтүү дүүлүксө да, ага алдырбайт».
Мына ушул бир эле шарттын ичинде тогуз түрдүү жаманчылыктар эскертилген. Байъат кылган ар бир киши жана: «Мен Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам)дын Жамаатына мүчөмүн», – деп билдирген ар бир адам ошол жаманчылыктардан сактануусу керек.